Чыгармачыл үй-бүлө Урмат менен Неля гастролдун шылтоосу менен далай жерди кыдырышкан. Чыгармачылыкка билек түрө киришкен түгөйлөр бул жолу Орусиядагы Салехард шаарына барышыптыр. «Ал жактагы суук –50 градус болот экен, суукка карабай жергиликтүү калктын салт-санаасы менен таанышып, алардын ичиктерин кийип жүрдүк. 4200 жыл мурун жашаган мамонттордун калдыктарын өз көзүбүз менен көрүп келген соң кубанычыбыз менен бөлүшкүбүз келди» дейт ырчылар.