Анын харизмасы күч. Бир аз муңайым көз карашы бүтүндөй айымдардын жүрөгүн ээлерине шек жок. Ал тартылган “Качкын колукту”, “Келиңиз, бийлейбиз” аттуу тасмаларды көргөндө канчалаган кыз-келиндер балмуздактай эрип эле кетишет. Кеп Ричард Гир жөнүндө болуп жатканын байкасаңыз керек. Ал быйыл 60 жашка толсо да, анын өзүнө тартуучу магнит күчү жаш кезиндегидей.
Балалыгынан бир татым сөз
Бүгүнкү күндө ак сөөк адамдын элесин чагылдырган актёр Ричард Гирди карап, “балалыгында фермада мал, үй канаттууларын багып чоңойгон” деп эч ким айтпаса керек. “Чип-чип жөжөлөрүм...” деп тоокканада дайыма жөжөлөрүнө ырдап жүрчү Гир чоңойгондо ырчы болууну самачу экен. Бирок уялчаак мүнөзү менен болгон талантын жашырып, көпчүлүктүн алдында көп нерседен тартынган. Ал эми актёрдун апасы музыкага жакын болгондуктан, баласын бир нече музыкалык аспаптарда ойноого үйрөткөн.
Жылдыздуу баланын жылдызы жанган жер
Студент кезинде акчанын тартыштыгына байланыштуу Ричард шаардагы бир ресторанга идиш жуугуч катары ишке орношуп, кийинчерээк ошол эле жердин музыканты болуп калат. Жылдыздуу баланын жылдызы так ушул ресторандан жанган десе болот. Себеби музыкант баланын жүзүнөн өзгөчө нур жанып турганын байкаган кардар режиссёр бул жигитти киного тартылууга чакырат. Ошондон тартып Гир кино тармагына өзүнүн чоң салымын кошуп келүүдө.
Ричард биз сүйгөн тасманын каарманы
Көпчүлүк Гирди “Ай чырай”, “Биринчи рыцарь”, “Качып кеткен келинчек”, “Нью-Йорктогу күз”, “Чикаго”, “Келиңиз, бийлейбиз” аттуу тасмалар аркылуу жакшы билет. Аталган тасмаларда башкы каармандын ролун аткарган актёрду көрүп, канчалаган айымдардын түн уйкусу бузулган.
“Ай чырай” тасмасына тартыларда Ричардга сценарий такыр жакпай, тартылбайм деп так секирген. Ошондо кыздын ролун аткарууга келген Жулия Робертсти көргөндө «ойлонуп көрөйүн» деп кымыңдап калган экен. Актёр кийинчерээк: “Бул тасмага сунуш кылган гонорарына кызыгып тартылгам. Себеби ошол маалда акчага аябай муктаж болгон элем”,- деп айтып келет. Эмнеси болсо да дал ушул тасма актёрго чоң популярдуулукту алып келген.
Мачонун айымдары
Көзү күйгөн жылдыздуу мырзага кимдер гана ашык болбогон. Эл арасында «бул мачого Пенелопа Милфорд, Жулия Робертс, Женифер Лопес, Дайана Росс, Барбара Стрейзанд, Сильвия Мартинс өңдүү атактуу айымдар ашык болушуп, аны менен жакын мамиле түзүшкөн» деген сөздөр бар. Бул тууралуу актёр эч кандай комментарий бербейт.
Уулунун айынан кинодон кетем деп...
Ричард канчалаган селкилердин арасынан өмүрлүк жубайлыкка модель Синди Кроуфордду тандап алат. Экөө төрт жыл бирге жашаган соң мындан ары үй-бүлөлүк очокту тутантып кете албастарына көздөрү жеткен. Буга себеп актёрдун будда динине катуу берилүүсү болгон. Синди “Ричарддын будда динине ушунчалык берилүүсүн түшүнө албай койдум. Ажырашуубуздун бирден-бир себеби да ушул болду”,- дейт.
Ал эми экинчи жубайы, актриса Кэрри Лоуэлл менен кадимки эле киного тартылууда таанышкан. Ричард менен Кэрри көп кызыкчылыктары дал келерин билип таң калышкан. Негизинен, аларды экөө тең урматтап туткан будда дини бириктирген. Жубайы 53 жаштагы Гирге уул төрөп берип, ата бактысына ээ кылган. Ошентип, бала жытына мас болуп турганда жылдыз кино дүйнөсүнөн кетем деп да калган экен. Анткени иштеп жүрүп уулунун кантип чоңоюп жатканына күбө болбой калам деп чочулаган. Бирок кино да жашоосунун бир бөлүгү экенин түшүнүп, «карыганча роль аткарып, уулума да таалим-тарбия берүүгө үлгүрөм» деп өзүнө сөз берип иштеп келет.
Ричард Гирдин жашоосундагы маанилүү даталар жана сандар
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg