«Уу коргошун ичип дарыланыптыр же уу коргошун ичип алып, ууланып көз жумуптур» дегенди баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Андыктан бул эмне болгон өсүмдүк экенин изилдеп көрүүнү чечтик. Алгач элдик дарыгерлер менен байланышып, «дарылоодо уу коргошунду пайдаланасызбы? Ооруларды айыктырууга мүмкүнбү?» деген суроолорду узаттык.
«АЛТЫН ТАМЫР МЕНЕН АЛМАШТЫРЫП АЛГАНДАР БАР»
НУРЛАН МАМЫРОВ, Талас облусу, Талас району, Таш-Арык айылы:
– Уу коргошунду алтын тамыр менен алмаштырып ичип, ууланып калгандар бар. Муну жеген мал өлөт. Ал малдын этин жеген адам ууланат. Мен уу коргошун менен рактын акыркы стадиясы менен ооруп, ылаажысы жок калгандарды гана дарылайм. Айыгып кеткендер да бар. Көбүнчө спиртке ачытмасын пайдаланам. Муну ичкенден кийин адам шамалга урунбай, дароо жылуу жатып, тердеши керек. Анткени дары кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Дене жансызданып, дем жетпей, аздан муунат. Адам жылуу жатпай, нары-бери жүрүп чыйрыгып калса, анда абалы оордойт. 10-15 күнгө чейин ооруп, өзүнө келе албай калышы мүмкүн.
Ал эми оорусу өтүшүп кеткендердин өмүрүн гана узартып кармап тура аласың.
«ДАРТТЫ АЙЫКТЫРБАЙТ, БОЛГОНУ МИКРОБ, ВИРУСТАРДЫ ӨЛТҮРӨТ»
ДҮЙШӨНБЕК ЧОМО УУЛУ,Бишкек:
– Уу коргошун бардык ооруларды, анын ичинде ракты айыктырат деген туура эмес. Ал дартты айыктырбайт, болгону организмдеги микроб менен вирустарды гана өлтүрөт.
Өсүмдүк абдан уулу болгондуктан, тамыр чогултуу кезинде кол кап кийилип, бет кап тагылат. Болбосо уусу аба жана тери аркылуу кирип, адам ууланат. Жаныңда сүт ала жүрүп, бат-баттан ичип туруу кажет.
Уу коргошунду спиртке ачытып да, сууга кайнатып да колдоном. Кээ бир оорулууга чөбүнөн дары ванна жасап берем. Ачытма күнүгө 1 тамчыдан көбөйтүлүп, кайра 1 тамчыдан кемитилип ичилет. Жараларга уу коргошундун ийленгени сыртынан тартылат.
Элдик медицина менен дарылангандар табыптардын көрсөтмөсү жана алардын байкоосу алдында гана ичүүсү керек. Болбосо каза болуп калуу коркунучу бар.
Тамырдын буудайдай өлчөмүн жеп алган киши мүрт кетет.
Эми ак халатчандардын өкүлү уу коргошун тууралуу эмне дейт деген максат менен онколог айымга кайрылдык.
«ООРУЛАРДЫ АЙЫКТЫРАТ ДЕГЕН БОЛБОГОН КЕП»
Улуттук онкология борборунун паллиативдүү дарылоо жана реабилитация бөлүмүнүн башчысы АСТРА АРЗЫМАТОВА:
– Учурда рак оорусу менен ооругандар толтура. Мисалы, ичеги, ашказан, өпкө, эмчектин шишиги дегендей. Рак оорусунан жана жалпы эле ички органдардын ооруларында табыптарга барып, уу коргошун ичип айыгуу деген болбогон сөз. Муну буга чейин деле Кыргызстандын медиктери айтып чыгышкан. Андыктан табыптардан дарыланам деп убакытты өткөрбөй, өз учурунда врачтарга кайрылуу керек.
КЫЗЫКТУУ
УУ КОРГОШУНДАН УУЛАНУУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Билбей тамырын жеп, же спиртке ачытмасын ичип алган адам ууланууга дуушар болот.
УУЛАНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Дароо тез жардам чакыруу же ооруканага жеткирүү зарыл. Ак халатчандар келгичекти төмөнкүлөрдү аткаруу кажет:
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg