СУХОВДУН ГАРЕМИНЕ МАРОККОНУН ПАДЫШАСЫ ДА СУКТАНГАН

Советтик «Чөлдөгү ак күн» («Белое солнце пустыни») тасмасынын унутулгус каарманы, жолдош Суховдун ролу менен бир өмүр жашаган актёр Анатолий Кузнецов 2014-жылы 6-март күнү 83 жаш курагында узак оорудан кийин каза тапты. Өкүнүчтүүсү, актёр аталган тасманын уландысына тартылууга макулдугун берип, шум ажалдын айынан тартылганга жетишпей калды.

ТАСМАНЫН АРТЫ МЕНЕН 130га ЖАКЫН ӨЛКӨНҮ КЫДЫРГАН
1970-жылы советтик кинематографиянын тарыхында белгилүү «Чөлдөгү ак күн» тасмасы жарыкка чыккан. Фильмде Абдулла деген басмачынын гареминдеги кыздарды куткарган кызыл армиячы жолдош Фёдор Суховдун башынан өткөргөн кызыктуу окуялар сүрөттөлөт. Жолдош Суховдун ролун белгилүү актёр Анатолий Кузнецов ойногон. Тасмадагы ролу тууралуу: «Кинонун сценарийин жазгандардын бири Валентин Ежов менен кошуна жашачумун. Бир күнү эшиктин алдынан Ежов жолугуп, «уксаң, Рустам Ибрагимбеков экөөбүз мыкты сценарий жаздык, ошондо сен башкы ролду ойношуң керек» деп эле баш тарткыс сунуш киргизген. Кинопробага бир ай калганда бутумду сындырып алган элем, балдак менен аксап барып, видеопробадан өтпөй калдым. Суховдун ролуна актёр Георгий Юматовду бекитишти. Кийинчерээк Юматов бирөө менен уруша кетип, бетин көгөртүп алыптыр. Мени кайра чакыртышып, Суховду ойноп калдым. Бул кинонун артынан 130 га жакын өлкөнү кыдырып чыктым, Мароккого киножумалыгына барсак, алардын падышасы Хасан да Суховдун гаремине суктанганын айтышты. Көрсө, Хасандын эки эле аялы бар экен, а Суховдун тогуз аялы бар эмеспи»,- деген.

БАРКЫ БАР, БИРОК БААСЫ ЖОК...
Кино жаратуучулар шедевр тартып жатканын учурунда билишкен эмес, жөн гана баштаган ишти аягына чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшашкан. Тартуу иштери тууралуу актёр Анатолий Кузнецов: «Тасма өтө көп убакытта тартылды, Түркмөнстанда, Махачкалада, Каспий деңизинин жээгинде тартылып жүрдүк. Күндүн ысыгы көп кыйынчылыкты жаратты, анан бүт трюктарды өзүм жасап жаттым»,- деп эскерген. Кинонун экранга чыгышы да бир топ түйшүктү жараткан. Бир нече чиновниктер кинонун экранга чыгуусуна макулдук бербей коюшкан. Кино жаратуучулардын үмүтү өчүп баратканда кинону кокусунан Леонид Брежнев көрүп калат. Ал «мындай патриотук тасманы элге көрсөтүш керек» деп тасманы тарткандарды кубаттаган. Кызыгы, тасма канчалык эл сүймөнчүлүгүнө арзыбасын, өз убагында туура бааланып, сыйлык берилген эмес. 1997-жылы Борис Ельцин ажо болуп турганда гана мамлекеттик сыйлык алганга жетишкен.

«ЖОЛДОШ СУХОВ» ДЕШСЕ, КАПАЛАНА БЕРЧҮМҮН»
Ушундай унутулгус роль жараткан Анатолий Кузнецов 1930-жылы Москва шаарында төрөлгөн. Балалыгы тууралуу актёр: «Москвада туулуп-өскөнүм менен балалыгымдын көпчүлүк бөлүгү Украинанын Михайловка айылында өттү. Таята, таенемдин колунда чоңойдум. Улуу Ата Мекендик согушту да ошол жактан көрдүм. Апам экөөбүз товар ташыган вагонго жашынып, ал вагон фашисттердин аткылоосунда калган. Кудай сактап, вагондон аман чыкканбыз»,- деп эскерген. Ал эми кинодогу жашоосу жөнүндө: «Кинодо кимдин гана ролун ойнободум: кен казуучу, аскер адамы, инженер, сот болдум, бирок, бири да жолдош Фёдор Суховдон артык боло алышкан жок. Балким менин кинодогу тагдырым ушундайдыр – бир роль менен бир өмүр жашоо. Акыркы күндөрү көчөдөн «Жолдош Сухов» деп саламдашса, кадимкидей капаланчу болуп калган элем. Кийин буга сонун дары таптым, мен өңдүү бир ролго байланган актёрлорду санап, өзүмдү сооротуп коём. Мисалы, Борис Бабочкин – Чапаев, Вячеслав Тихонов – Штирлиц, Леонид Броневой – Мюллер, Наталья Варлей – Нина деп аталып калган эмеспи».

МҮШӨКТӨГҮ СҮЙҮҮ КАТТАР
Актёр Анатолий Кузнецов никеге туруктуу мырзалардын катарында болгон. Анткени ал жубайы Александра менен 60 жылга жакын чогуу түтүн булаткан. Жубайы жөнүндө актёр: «Эркек аял тандоодо эч качан жаңылбаш керек. Александра – менин адамым, аны менен дайыма кызыктуу. Мен «Ак кумдагы аптап» тасмасынан атактуу болгондон кийин күйөрман кыздар «Суховго» деп менин үйүмө сүйүү каттарын жөнөтүп турчу экен. Жубайым мага билдирбей баарын чатырга катып коюптур. Бул сырды жакында эле телеберүүлөрдүн бирине маек берип жатып, өзү ачып алды. Эми карыганда мүшөктөгү сүйүү каттарын окуп, жаштыгымды эстеп калам. Бул каттардан куралган бир топ кино тартса болот экен»,- деп айткандары бар.

ФИЛЬМДЕГИ ЭЛГЕ ТАРАГАН ЦИТАТАЛАР
«Восток — дело тонкое...»
«Таможня даёт «добро».
«Гюльчатай, открой личико!»
«Опять ты мне эту икру поставила!»
«Вот что, ребята, пулемёта я вам не дам».
«Мёртвому, конечно, спокойней, да уж больно скучно».
«Вопросы есть? Вопросов нет!»
«Верещагин! Уходи с баркаса!»
«Оставь хоть патрон, Абдулла! Нечем будет застрелиться».
«А ещё скажу вам, разлюбезная Катерина Матвеевна, что являетесь вы мне словно чистая лебедь, будто плывёте себе, куда вам требуется, или по делу какому, даже сказать затрудняюсь...»


Анатолий Кузнецов 150 дөн ашык тасмада роль аткарса да, элдин эсинде «Жолдош Сухов» боюнча калды.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Sonun90
2014-03-17 10:58:08
Мага ушул актер жагат. Козу отуп кетиптир да. Жаткан жери жайлуу болсун. Белое солнце пустыни- мыкты тасма негизи.
0
uluk1982
2014-03-17 14:14:08
Сигареттин айынан олгон! Чекпегиле ошон учун...
0
sergo
2014-03-17 20:54:54
соонун киного мени иште директорубуз Гюлчитай деп чакыра берет эле анан атайын коргом. Жаткан жери жайлуу болсун.
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан