Биздин замандын мыкты футболчуларынын бири Рауль ушул сезондун аягында футбол менен кош айтышарын билдирди.
Раулга күйөрмандык кылуу азыркы Роналду менен Мессидегидей эмес, алда канча оңой жана жөнөкөй болчу. Раулдун голдору 2000-жылдардын романтикасы сыяктуу. Анын голдорун короодо туурап коюу да опоңой. Бул үчүн Роберто Карлостукундай жоон буттун, Зидандыкындай башты айланткан финттердин да кереги жок. Керектүү маалда сокку узатып коюу гана жетиштүү. Раулдун футболдогу жашоосу узак жана ийгиликтүү болду, бирок бардык доордун мезгили кетет демекчи, Раулдун да футболдогу доору бүттү. Эми аны футбол талаасынан көрө албайбыз, анын калтырган футбол тарыхындагы издерин баамдап, бир ирет көз салалы.
Аты-жөнү – Рауль Гонсалес Бланко
Каймана аттары – Эль Капитан, Раулито, Мадрид периштеси
Мекени – Испания
Жашы – 36да
Европа кубокторунун тарыхындагы мыкты бомбардир – 73 гол
Чемпиондор Лигасынын эң көп гол киргизген футболчусу – 71 гол
«РЕАЛГА» КЕЛҮҮСҮ
Раулдун балалыгы Мадрид шаарынын анча бай эмес райондорунун биринде өткөн. Атасы Дон Педро мадриддик «Атлетиконун» күйөрманы болгондуктан, 13 жаштагы Раулду аталган клубдун футбол мектебине киргизет. Бирок ошол кездеги клубдун президенти «Атлетиконун» жаштарын таратып жиберип, Рауль «Реалга» барууга аргасыз болот.
ЛЕГЕНДАГА АЙЛАНУУ
Каарманыбыз «Реал» клубунун жаштарынан негизги курама командасына чейин басып өтүп, 1994-жылдан тарта негизги курама команданын башкы оюнчусуна айланат. 17 жашында негизги курам менен оюнга чыгып, клубдун тарыхына негизги курам менен оюнга чыккан эң жаш футболчу катары кирген. Ал өзүн футбол талаасында алып жүрүүсү, керектүү убакта керектүү жерде болуп калуусу менен атаандаш командалардын коргоочуларынын айласын алты кетирчү.
Рауль бардыгы болуп бул клубда 16 жыл ойноп, 6 жолу Испания чемпиондугун, 3 жолу Чемпиондор Лигасын багынтканга түздөн-түз көмөк кошкон. Ошондой эле 741 оюнда 323 гол киргизген «Реал» клубунун рекордчусу болуп саналат.
2010-жылы «Реал» командасына башкы машыктыруучу болуп Жозе Моуриньо дайындалат. 33 жашка келип калган Рауль жаңы келген машыктыруучу ага ишеним артпаганын билген соң Германиянын «Шальке-04» командасы менен 2 жылдык келишим түзөт. Ал жакта татыктуу оюн көргөзүп, 2012-жылдан тарта катардык «Аль-Садд» клубунда ойноп келет.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Жубайы Мамен Санстан экөөнүн ортосунда Хорхе, Уго, Матео, Эктор аттуу уулдары жана Мария аттуу кызы бар. Рауль китеп окуганды, испан музыкасын угууну жана коррида көрүүнү жактырат.
РАУЛДУН ЭСТЕ КАЛГАН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТТЕРИ
Матадор. Бардык кубок жана медалдар таратылып бүтсө да, күйөрмандар Раулдун матадор болуп аткарган кыймылын көрмөйүн тарашчу эмес.
Нике шакегин өбүү. Рауль гол киргизген сайын нике шакегин өөп, ийгилигин жубайына арначу.
7-номер. Рауль кийинки убактарда артындагы номерин көргөзүп, голдорун белгилечү. Ал 7-номерди жактырат жана үй-бүлөсү да 7 адамдан турат: өзү, жубайы, 5 баласы.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg