ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-марттан 23-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта негизинен ийгиликтүү жана жемиштүү болот. Бирок сиздин ишенчээктигиңизден чөйрөдөгүлөр колдонуп кетиши мүмкүн. Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн жерден акчалуу болуп калууңуз күтүлөт. Шаршембиде жеке жашооңуз жакындарыңыздын сынына коюлат. Жума күнү иштер боюнча жол жүрүүгө туура келет. Ишембиде жашооңузда жаңы адам пайда болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында кырдаалды туура эмес баамдап алып, күнөөнү бирге иштешкендерге оодарууңуз ыктымал. Апта ортосунда ушактардын айынан сүйүктүүңүз менен мамилелерди териштирүүңүз мүмкүн. Бейшембиде жакындарыңыздын бири жакшылыгын белгилөө үчүн чакырат. Жума күнү жамааттык иш-чарага катышып, ишембиде жекече эс алууга убакыт табасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө чөйрөдөгүлөр жок жерден кыйкым таап, сизди басмырлоого аракет кылышат, жол бербөө кажет. Шаршембиде өзүңүз окуп чыкпаган документтерге кол койбоңуз. Бейшембиде туугандарга көмөк көрсөтүп, капчыгыңыз жукарат. Жума күнү шашылыш түрдө бир нерселерди сатып албаңыз. Сапатсызына туш келүүңүз ыктымал. Жекшембиде убактыңыз эс алуу менен өтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада так болуп, эч нерсени көз жаздымда калтырбасаңыз, ийгиликке жетишесиз. Шаршембиде электр шаймандарын оңдотуу убаракерчилиги чыгат. Бейшембиде улуу муундагылардын ортосундагы чыккан чырга аралашпаңыз. Жума күнү көңүл ачууга көп убакыт коротууңуз ыктымал. Ишембиде өткөн күндөрдү эстечү окуя чыгат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумушта ашыкча иштөөдөн тажап, катачылык кетире баштаган болсоңуз, жетекчиликке убактылуу эс алуу боюнча кайрылыңыз. Шаршембиде кырсыкка учурашыңыз мүмкүн, андыктан жол жүрүүдө сак болуңуз. Бейшембиде бирөөлөр үчүн белек сатып алууңуз күтүлүүдө. Жума, ишемби күндөрүн достор менен көңүлдүү өткөрөсүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиздин тагдырыңызга таасирдүү адам аралашып, ал бир топ маселени чечүүсү күтүлүүдө. Кандай болгон күндө да өз оюңузду айтыңыз. Шейшембиге белгиленген иштер чоң ийгиликти алып келет. Шаршембиде тамак-аштан ууланып калуу коркунучу бар, этияттаңыз. Жума күнү өзүңүзгө буюм сатып алып, жекшембиде жакындарыңыздын иши менен алек болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта күтүлбөгөн конокторго, кокустан жолугушууларга бай болот. Сырткы келбетке көңүл буруп, акчаны туура бөлүштүрүү зарыл. Дүйшөмбүдө бейтааныш адамдар менен чырдашып калууңуз мүмкүн. Шаршембидеги иштер сиз ойлогондой жыйынтык алып келбейт. Жума күнү жана ишембиде жакындарыңыз сизди зериктирбейт.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада бир топ сюрприздер болушу күтүлөт. Көпчүлүгү жагымсыз болушу мүмкүн. Карьерадан өсүүңүз шаршембиде жетекчилик тапшырган ишти кандай деңгээлде аткарганыңызга жараша болот. Жума күнү жакшы жаңылыктар маанайыңызды көтөрөт. Ишембиде досуңузга кол кабыш кыласыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада каржылык маселе оң жакка чечилет. Бул жаңы пландарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Апта ортосу чыгармачыл адамдар үчүн ийгиликтүү. Бейшембиде бирге иштешкендер менен урушуп калбоо үчүн ийкемдүү болуңуз. Жума күнү жакындарыңызга берген убадаңызды аткарасыз.Жекшембиде азгырмалуу сунуштан баш тартыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын биринчи жарымында ушак-айың сөздөрдүн курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал. Эмнеси болсо да тааныштардын ортосунда чырдын чыгуусуна жеткирбеңиз. Дүйшөмбүдө жаралган маселеге көңүл чөгөрбөңүз, убакыт өзү чечет. Бейшембиде издеген адамыңызга жолугуп, сүйүнөсүз. Ишемби жаңы нерсени өздөштүрүүгө ылайыктуу.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул жума бир топ нерселерди талап кылат. Башка жумушка которулуу же башка жакка көчүү сиз каалагандай болбой калышы мүмкүн. Шейшембиде кайсы таанышыңыз чөнтөгүңүзгө карап мамиле кыла турганын билесиз. Бейшембиде коноктор үйүңүздү шаңга бөлөшөт. Ишембиде сүйүү дүйнөсүнүн бийлигинде болосуз. Жекшембиде сизди чарба иштери күтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада көмөкчү болуп, ишиңизди алдыга жылдырам деген адамдар чыгат. Алар тескерисинче тоскоолдук жаратпайбы, байкап көрүңүз. Шейшемби өткөн күндөргө саресеп салуу менен келечекке план курууга ыңгайлуу. Бейшембиде эс алуучу жайларга баш багып, апта аягында эмоцияга алдырчу окуяга кез келүүңүз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан