Ош шаарында 27 жылдан бери карышкыр багып, аны ит менен аргындаштырган адам бар деп угуп, маектешүүгө шашылдым. «Учурда 5 итим, 1 карышкырым бар» деген Аман Патышев, карышкырды колго көндүрүп, ит кылганын баяндады.
«АДАМДАР ИТЧЕЛИК КЕЧИРИМДҮҮ ЭМЕСПИЗ»
-1986-жылдан бери карышкыр багып келем. Алгач бир ургаачы, бир дөбөт карышкырды бактым. Ал эки жолу 7ден 14 бөлтүрүк тууду. Бөлтүрүктөрүн бир жолу Өзбекстандын белгилүү ырчысы Шерали Жураевдин балдары Асаке шаарынан келип, 500 доллардан сатып алып кетишкен. Ал акчага ошол замат эки автоунаа сатып алгам. Yйрөтүлгөн карышкырларга кавказдыктар көп кызыгышат. Бир карышкырга бир машина алмаштырган учурлары да болот. Андан бери ар кандай жердин 30дан ашуун карышкырларын бактым, 3 жолу ит менен аргындаштырып тукум алдым. Бирок бир дагы үйрөтүлгөн карышкырдын айбандык кылып, кол салганын көрбөдүм. Иттерим менен карышкырларымдын ынтымактуу болуусуна өтө аракет жасайм. Азыр да канчык итим Алеся менен карышкырым Акбара бир жерде жашайт. Өткөн жылы Алеся тууса, карышкыр түнү менен күчүктөрүн жеп коюптур. Экөө ошондо кечке урушушту. Бирок азыр ынтымактуу, карап туруп адамдар да мынчалык кечиримдүү эмес деп ойлонуп калам. Чамамда Алеся кечирди окшойт. Эки ит, эки мышыгыбыз бар эле, байбичемдин көзү тирүү кезинде эртең менен жумушка бара жатканда артынан ээрчип, аялдамага чейин узатып чыгышчу. Ал коомдук унаага түшүп кеткенче жанында турушчу. Кечинде ал келер убакыт болгондо, дарбазанын астында төртөө тең күтүп турушар эле. Азыр иттерим байбичемди кадимкидей жоктойт. Маанайы жок болуп жата беришет.
«КЫЗЫРГА ЖОЛУГУП, КИЙИН БААРЫ ЖАКШЫ ЖАККА ООГОН»
-Жаш кезимде кызырга жолуккам, 10-класста окуп жатып, бир айылдан ат менен келе жатсам, булакта аксакал жуунуп жатыптыр. Көзүмдү жумуп, атымды чаап, качып жөнөдүм. 50 метрдей барганда катуу шамал болуп, атымды тоголотуп жиберди. Карасам аксакал дагы деле турат. Асманда тарсылдап, куйруктуу аппак неме мени кууп келе жатат. Чуркаган боюнча 15 чакырым жолду басып үйгө бардым. Жетейин дегенде апам келе жаткан экен, аны кучактап калдым. Артыбызда атам турган болчу, ал «сени кууп келе жаткан куйруктуу неме сени 10 жолу айланды да, столбага сүзүлүп жарылып кетти» деди. Ошол окуядан кийин мага оомат конду. «Менин колумдан келбейт» деген жумуштун өзү жок. Мыкты сүрөтчү, Ошто эң биринчи унааларды оңдоп баштаган адамдардын катарында болдум. Автосервистердин көбүн мен ачтым. Бала кезимден аңчымын, балык, кекилик кармайм, карышкыр атам, самса, шишкебек, палоо дегендерди да даамдуу жасайм. Короодо кекилик, карышкыр сыяктуу көп жаныбарларды, атүгүл балыкты да бактым. Эчкиге кошуп кийик бактым. Тоого коё берсем эчкилер менен жүрө беришчү. Кийик үй эчкисине караганда чоң болот. Негедир алар да акылдуу болду. Короомдо бош жүрүшсө да бир багымды кажыган жок, кошуналарым «эчкиң биздин бакты кажып койду» деп эле арыздана беришчү.
«КАРЫШКЫРЛАРЫМ МЕНИ ӨЛҮМДӨН АЛЫП КАЛЫШКАН»
-Бала кезде үйдө ит бар болчу. Тоого аңчылыкка чыкканда иттерди ээрчитип алар элем. 1987-жылдар болсо керек, аңчылык кылып жүрүп бөлтүрүктөрдү таап, алып келип баккам. Жаман адаттарын көрбөдүм, бирок бала-бакыра, кошуна-колоңдон кооптонуп калчумун. 90-жылдагы Ош окуясында түнү үйдү кулптап келе жатсам, бир машина токтоду да, ичинен эки бала түшүп, «мобуну союп салыш керек» деп мага карай жүгүрүштү. Ошол учурда эки карышкырым бар болчу. Бири аргындаштырылган, ал бош эле. Жапайысы торчодо камалып турган, аны бузуп чыга келди. Экөөлөп тигилерди мага жеткирбей, биринин шымын, биринин костюмун жыртып, тиштегилеп кууп салышкан.
Ошол окуядан кийин карышкырларды жакшы көрүп, аларга ишенип калдым. Короомдо 6-7 бөлтүрүк бош эле жүрө берчү. Кийин чоңойгондо байлап коюп жаттым. Папан айылында Сарыбай аттуу мергенчи бар эле, ал карышкырларды өзүнүн үнү менен улуп чакырчу. Мен карышкырымды жетелеп алпарып, бир даракка байлап койсом, ал улуганда жанына 5-6 карышкыр келе калчу. Керектүүсүн атып кете берчүмүн. Карышкыр аябай өжөр, сезимтал, акылдуу болот. Жапайы карышкырлар да 5-10 чакырымга чейинки аралыкты өзүнө караштырып, ал жерде жашаган мал-жанга тийбейт. Тынчтыкты сүйөт, бирөө менен жөндөн-жөн душмандашканды жактырбайт, бирок беттегенин бербейт. Карышкырларымды машинама салып, жанымда алып жүрчүмүн. Көргөндөр аябай коркушар эле. Айрыкча МАИ кызматкерлери. Азыр 8 айлык Акбара аттуу канчык карышкырым бар. Кара-Кулжадан 5 айлыгында алып келгем. Адамдардан бир аз чочулайт, эми үйрөтө баштайм. Буюрса, ит менен аргындаштырып, тукум алам. Күчүктөрү 500 доллардан жогору сатылат. Кээде унаага алмаштырам.
Азыр 4 ит, 1 күчүк, 1 карышкырым бар. Давлет, Алеся, Горилла жана Радольф деген иттерим уруштарга катышат. Атаандаштарынан бири да жеңилген эмес. Радольф каардуу болгондуктан дайыма байланып турат. Жакында Оштогу стадиондо болгон ит урушта биринчи орунду алды. Мындан сырткары Бөрүбай деген 2 айлык күчүгүм жана 1 мышыгым бар. Бир айда 2 жолу касаптарга барып, 150-200 килограммдан эт алып келип берип турам. Тамак жагынан жакшы караганга аракет жасайм.
Аман аганын колунан баары келгени чын экен. Үйүнүн жасалгасын, эшигинин астындагы багын, короосунун айланасындагы тосмосун көрүп, оозум ачылды. Таштан атайын тоо сыяктуу кылып өз колу менен жасаптыр. Тосмо дубалынын бир бөлүгүнө «САЗАН» деп балыктын атын таш менен чегиптир. «Бул эмнени түшүндүрөт?»,- деген суроомо, «Эшигимдин алдына көл кылып, сазан балыгын баккам. 3 кыз 2 уулум бар эле. Тилекке каршы уулдарым каза болуп калды. Калган бешөөбүздүн атыбыздан үй-бүлөбүздүн аталышын «САЗАН» деп койгом. Чечмелениши «Саадат, Аман, Зуура, Альбина жана Наргиза». Байбичемдин, менин жана кыздарымдын аттары. Бирок азыр «С» тамгабыз өчүп «АЗАН» болуп калдык»,- деп көзүнө жаш алды (кемпири өтүп кеткен экен).
Оорубаңыз, бар болуңуз Аман ага! Сиз жасачу дагы көп жумуштар алдыда.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg