Күн чыгыш өлкөсүнүн тили менен маданиятын Ала-Тоо жергесине тааныштырып, ал эми Жапония өлкөсүндө кыргыз маданиятын жапон элине тааныштырууга багытталган «Saat Bilim» («SB») жапон тил мектеби 2010-жылы ачылган. Аталган «SB» билим берүү мекемеси кыргызстандык окуучуларды Жапония өлкөсүнө окууга жөнөтүп, ал жакта ишке орноштурууга жардам берип келе жатат. Мектеп ушул жылдын 9-февралында «Кыргыз маданият күнү Киото шаарында» деген көргөзмө өткөрдү.
«SB» жапон тил мектеби 11 жаштан жогорку балдарды кабыл алат. Күн чыгыш өлкөсүнүн тилин үйрөнүү жапон элчилигинин эсебинен каржыланчу бюджеттик негиздеги жогорку окуу жайларын колдоо программасынын негизинде, өз алдынча программага ылайык жүргүзүлөт. Сабактан мыкты жетишип, программалык талаптарды так аткарган окуучулар атайын сынактын жоболору аркылуу «SB» мектебинен 2 жумага Жапонияга саякаттап келүүгө, ошондой эле калган билимин ал жерден улантып окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Буга чейин 3 жыл аралыгында 8 мектеп окуучусу дал ушул программа боюнча Киото шаарына жиберилген. Мындан сырткары 2 жылдык программага окууга жана ишке 8 окуучу барып келишти.
2013-жылы Кыргызстандагы жапон элчилигинин бюджеттик программасына өлкө боюнча 35 окуучу сынакка катышып, жазуу сынагынан 4 окуучу тандалып алынса, анын үчөө «SB» жапон тили мектебинин окуучулары. «SB» жапон тили мектебинин окуучусу Бекболотова Айгерим сынактан ийгиликтүү өтүп, Токио чет тилдер университетинин бюджеттик орунуна бөлүнгөн стипендияга татыктуу болду.
Мындан башка «SB» жапон тили мектеби Жапониядагы колледждер менен келишимдердин негизинде күн чыгыш өлкөсүнө өз акысы менен барып билим алуу программаларына да багыт көрсөтөт.
2014-жылдын 15-мартында Кыргызстандын Улуттук китепканасында, Абдрахманов көчөсү-208 дарегинде 10:30–17:00 «SB» мектеби жана Жапония өлкөсүнөн келген жапон тил мектептери жана колледждеринин өкүлдөрү аталган өлкөгө окууга жана жумушка баруунун сырлары менен бөлүшөт. Жапон тилин окугусу келгендерди, Жапония өлкөсүнө жумушка кетүүнү каалагандарды «SB» жапон тил мектебине окууга чакырабыз. Сиздер үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Сурап-билүү телефону: 0312 30-47-32, 0707 84-53-89