ТИРҮҮ НАРИСТЕНИ ӨЛҮККӨ АЛМАШТЫРГАН ТӨРӨТ ҮЙҮ

Борбордогу мыкты деп аталып келген №4-төрөткана акыркы убактарда чуулгандуу окуялардан башы чыкпай калды. Эске салсак, 2007-жылы аталган мекеменин дарыгери жаңы төрөлгөн ымыркайды сатканы жатканда кармалса, 2009-жылы эки ай ичинде алты эне төрөттөн көз жумган. Былтыркы жылдын күз айларында да төрөтканадан ымыркай сатылып кеткен окуя катталып, үрөйдү учурган. Жакында дагы бир чуулгандуу иш катталды. 27-февраль күнү мекеменин дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган ымыркай кызга алмаштырып салышкан.

«ӨЛҮККАНАГА БАРСАК ЭРКЕК ЭМЕС, КЫЗДЫ КӨРСӨТҮШТҮ»
Наристесин жоготуп, кайра тапкан үй-бүлө коомчулукка аттарын айткысы келбеди. Алмашылып кеткен наристе бул жаш үй-бүлөнүн экинчиси. Төрөттөн кийин ата-энесине жаңы төрөлгөн ымыркайы чарчап калгандыгын мекеменин дарыгерлери айтышкан. Бирок жынысы эркек болуп төрөлгөн ымыркайдын ордуна өлүкканадан кызды көрсөтүшкөн. Энеси бул окуядан кийин кан басымы көтөрүлүп, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул иш жөнүндө ымыркайдын чоң атасы төмөнкүлөрдү билдирди:
– Келиним төрөгөндүн эртеси бизге «небереңер чарчап калды» деп угузушту. Өлүкканага барсак кыз экен. Биз «алмашып кеткен эмеспи?..» деп дароо Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылып, текшерип берүүсүн сурандык. Себеби келиним төрөй элек кезиндеги бейтапканадан алган бардык документтеринде жынысы эркек экени көргөзүлгөн. Кантип эле бир вакуумдан экинчи вакуумга алмашып кетмек эле, бул иш атайын жасалгандай болууда. Учурда неберем вакуумга жаткырылып багылууда. Дарыгерлер «атасы менен ымыркайдын ДНКсын текшергенден кийин гана баланы кайтарып беребиз» дешүүдө.

«ТОЛГОО УЧУРУНДА ДА КОШ КӨҢҮЛ МАМИЛЕ КЫЛЫШКАН»
Жаңы төрөгөн аялдын сиңдиси төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Эжемдин толгоосу учурунда деле дарыгерлер көңүл кош мамиле жасашкан. Эртеси күнү бизге чарчап калган баланы алып келип беришти. Алмашып кеткенин байкап, башкы жана киндигин кескен дарыгерге жолугалы десек таптакыр жолуктурбай коюшту. Ошондо гана Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылдык. Ал жактан комиссия келип териштире баштаганда дарыгерлердин бардыгы өз ордунда болуп калышты.

«ЭКИ ДАРЫГЕР ЖАНА ҮЧ АКУШЕР КЫЗМАТЫНАН АЛЫНДЫ»
Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары РАХАТ БЕЙШЕНАЛИЕВ бул факт боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тергөө ишин жүргүзүп жаткандыгын билдирди:
– Бизге 27-февраль күнү ымыркайдын ата-энесинен билдирүү келип түшкөн. Ата-эне жынысы эркек баланы күтүп жатышкан экен, бирок дарыгерлер «ымыркай чарчап калган» деп кызды көрсөтүшкөнүн билдиришти. Бул факт боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Ымыркайдын колундагы бирка өлгөн наристеге тагылып, журналдагы жазуу да оңдолуп калган. Биздин комиссия «бул атайын жасалган иш» деп баалап, күнөөлүүлөрдү аныктады. Буга тиешеси бар адамдардын баары түшүнүк кат жазып беришти. 2 дарыгер жана 3 акушер кызматынан алынды.
Жаңы төрөлгөн ымыркай ара төрөлгөндүктөн вакуумга жаткырылган, учурда ден соолугу канааттандырарлык. Эми бул иш тергөө амалдарынан кийин аныкталат. Ал эми чарчап калган ымыркай кыз өз ата-энесине берилди.

Ал эми төрөт үйүнүн жетекчилиги тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып, жооп берүүдөн баш тартышты. Башкы дарыгердин орун басары өз арызы менен кызматтан кеткен.

«ЫМЫРКАЙЛАР АЛМАШТЫРЫЛГАНЫ ДАЛИЛДЕНДИ»
Октябрь райондук прокурорунун орун басары КУРСАНТБЕК КАРИМОВ бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты:
– Бул ишти иликтөө учурунда ымыркайларды алмаштыруу фактысы далилденип, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (баланы алмаштырып коюу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмыш иши Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилип, тергөө иши жүрүп жатат.
Азыркы убакта акча үчүн 9 ай бою көтөргөн энени баласынан ажыратып коюу 2 мүнөттүк эле иш болуп калдыбы деп коркосуң. Бул заманда, башкаларын жөн эле коёлу, бала жытын искеп, бактылуу болуу да кооптуу болуп калгандай...

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тирүү наристени өлүккө алмаштырышкан
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Asman...
2014-03-17 15:24:20
Тообо кылайын ушундай адамдар акыретти ойлошпой бекен ыя. Кантип колдору барат болду экен, коркосун тороштон дагы. Аллахым озу сактасын мындай адам сымал айбандардан. Негизи ушул 4 торотканага коррупционерлер толуп алышканда. Качан болсо бир жаман иштин башынан чыгышат. Баарын иштен айдаш керек
+1
DNurgiza
2014-03-17 15:43:53
Ошондуктан торот маалында жакын ишенген адамды жанында болушун талап кылыш керек. Ошондо эч кандай маселе болбойт. Кудайга шугур алданбай калышыптыр, балким башка бироо болгондо кимден чындыгын аныктаарын билбей алданып калмак.
+2
kolya121212
2014-03-18 21:27:58
DNurgiza, кошулам. Тороордо апанызды де эженизди ээрчите кирин. Акча учун адамдар эн жаман ишке барып калышты. Глаз да глаз нужно следить. 4-троткананын баш даарыгерин иштен алыш керек. Балык башынан сасыйт, оз жумушун компитенттуу аткара алмак турсун, кылмыш ка жол ачып берген адам омуру онбойт. Дагы мамлекеттен онор эмес айлык маяна алып жатканычы.
0
infiniti
2014-03-17 17:46:14
Бул торот кананы жаап салып,баардык медайымдарды сурака алып,жазалаш керек.
+1
adidas07
2014-03-17 19:47:23
жакшы сезип калышыптыр ата энеси...мумкун буга чеин да мындай иштерди жасап журушкон алар кудай билет
+2
omurbek1990
2014-03-18 13:48:12
Врачтар учун уголовный кодекске озгортуу жана толуктоолорду киргизиш керек.
0
Murok
2014-03-19 04:14:00
БаЯгы эле 4 роддом. Мен да ошол жакта болгом , ачыгын айтайын кечирип койгула - акча деп эле коздору жайнап турушат ал жактын врачтары, тааныштарыбыз деле бар, билем ото начар карашат,Отто начар....
+1
Gamze90
2014-03-19 08:54:37
Ушул роддом оло жаман менин да подрушка кызым тороп олум менен омурдун ортосунда жатса карашпай акча ыргытып жатып аман алып чыкканбыз баласы вакумда энеси рониматьсяда болуп оло кыйналгйанй.
0
tokio1991
2014-03-19 10:42:19
адамдар не болуп баратат буларды отургузуш герек анан баласын сагынып бала кандай экенин билет.эне болуп туруп ушуну кылышса.мындан нары аяалдар радомго барганда ото сак болуп артынардан адам койбосонор болбойт.
0
Mendereska
2014-03-19 14:08:58
Ноябрь айында болгон окуядан сабак алышпаптыр да, негизи уяттары деле калбаптыр... Адам деле буларга айбан сыяктуу эле болуп калыптыр сатып, кааласа алмаштырып...
0
gulperi.kg
2014-03-19 23:03:17
Кудай сактасын ар турдуу врачтар бар баардыгы бирдей эмес(((даже торотуп атканда же тороткону кетип жатканда кудай эсен аман эки болунуп алсын деп кирчу апакем(((ошондуктан баардык врачтар бирдей эмес демекчимин
0
best-life
2014-03-20 02:12:28
ошондуктан Ислам дининин негизинде бир оорукана ачуу керек экен... Мыктыбек Арстанбек колго алса жакшы болмок.Азыр бизге ошол нерсе аябай зарыл. Оорусан да торосон да коркпой барасын бойрогумдун бирин жулуп алышпайбы, баламды алмаштырып салышпайбы деп ойлонбой.
0
N.mira
2014-03-21 03:17:37
Оой тообо кылдым.бул тороткананын врачы кайсыл жакты карап отурат.эмнеге козомолдобойт кимдин эмне иш кылып жатканын же булар да акча деп отурушабы.
0
wwwww
2014-03-21 06:32:31
Кудайдан коркбогон айбандар.
0
zolotka
2014-04-13 19:08:27
Мен да уккам эгер жакшы акча берсе тим эле конул буруп карашат экен. Акча бере албагандарга кош конул мамиле кылышат экен. Ынсап берсин баарына.
0
ALI2012
2014-04-28 16:19:23
камаш керек 10жылга буларды
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан