«Чындык издеп чыркырайт экенсиң. Жолдошум кызымды өлтүргөндөрдү атып салам деп жүрөт. А мен аларга акыйкат жаза болор бекен деп үмүттөнүп гана жашап келем. Болбосо көкүрөк күчүгүмдөн айрылгандан бери мага жашоонун кереги жок болуп калды» деп сөзүн баштады каарманым. Өткөн жылдын август айында Ысык-Көлдөн гиряга байланып чөктүрүлгөн кыздын денеси табылган. Каза болгон Махабат Сарбагышеванын апасы Төлөбүбү Кубатова окуя кандай болгонун айтып берди.
КӨЛДӨН КАЛКЫП ЧЫККАН СӨӨК ТАБЫЛГАН
ИИМдин басма сөз кызматы 2013-жылдын 7-сентябрында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунан 24 килограммдык гиряга байланып сууга чөктүрүлгөн аялдын денеси табылгандыгын маалымдаган эле. Табылган маркумдун өздүгү такталып, ал 26 жаштагы Махабат Сарбагышева экендиги аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1979-жылы туулган Турат Алиев аттуу жаран кармалган. Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алса дагы тергөө изоляторунда эмес, Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Маркумдун апасы ТӨЛӨБҮБҮ КУБАТОВА келип, окуяны айтып берди:
-Кызым Махабат 26 жашында зөөкүрдүн курмандыгы болуп, жер кучактап кете берди. Махабатым жароокер, жаркылдап күлүп коюп жүрө берген өзгөчө жан болчу. Кызым турмушка чыгып, күйөө балам экөө Бишкекте батирде жашап жүрүштү. Жолдошу Махабатты аябай жакшы көрчү, кийин эмне болду билбейм, пикир келишпестиктен улам балалуу болгонго да жетишпей эки айрылыш жолго түшүштү. Капаланып жүргөндө көңүлү ачылсын деп Түркияда иштеген эжелери Балыкчыдан дүңүнөн соода кылган дүкөн ачып беришти. Ошол биз ачкан дүкөндүн жанында Тураттын унаа тетиктерин саткан дүкөнү бар болчу. Кызымдын ажалын издеп ошол жерге биз да дүкөн ачканыбызды карабайсыңбы.
Ошентип, Махабат Турат менен таанышып калат. Мен деле ал бала менен уруубуз бир экенин, менин төркүнүм тарап болуп каларын билчүмүн. Бир күнү туугандарыбыздын бири каза болуп, көз көрсөткөнү барып отурсам эле Тураттын апасы кирип келди. Көпчүлүктүн көзүнчө «сенин кызың менин баламды азгырып жолдон чыгарып жүрөт. Башка бирөөнүн кызы болсо башын жармакмын. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасын бузуп жүрүптүр. Кызыңды тый, мен да баламды жолотпойм» деп эле жаман кебин агытып кирди. Мен дагы «балаңыз өзү келгенин токтотсун, кызым анын артынан эч качан барбайт» деп сүйлөштүк.
«ТҮРКИЯГА АЛЫП КЕТСЕМ ДА ТАБЫШЫП АЛЫШТЫ»
-Ушул сөздөн кийин Бишкекке алып кеттим. Менин кызымды азгырып жатабы дейин десем, жок, кызым дагы аны менен жолугушуудан баш тартчу эмес экен. Нечен ирет урушуп да, жакшы айтып да көрдүк, болбоду. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп эле табышып алышыптыр. Тиги бала күнүгө машинасын айдап келип үйдөн окчунураак токтотот да, Махабат үйдөн чыгып кетет. Бир күнү 10 чакты балага сүйлөшүп, «күмүш түстүү БМВ келип токтойт, ошонун ээсин какыс-кукус кылып койгулачы» дедим. Айткандай эле машинасын айдап келип токтоткондо мен сүйлөшүп койгон балдар барып, эшикке сүйрөп чыгып сабай башташты. 7-кабаттан карап тургам, сарсанаа болуп, аша чаап бара жатышса токтотуп калайын деп сыртка чыгып жанына жеткиче эле менден биринчи Махабат чуркап чыгып, ортого түшүп калыптыр. Кызымдын чыңырган үнүн укканда өзүм кошулуп ажыратып калдым. Ошондо Махабаттын колу 2 жеринен сынып кетиптир. Ал окуядан кийин экөөнүн ортосуна кийлигишүү кооптуу экенин сездим. Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыздарымдыкына өзүм менен кошо алып кеттим.
Махабаттын колунан телефон түшчү эмес, кайда барбасын ала жүрүп, 4-5 саат, ал тургай бир күн кечке телефон менен сүйлөшчү. Жумушуна көңүл коштук кылып айдалып кетпесе экен деп эле бери жакта менин чый-пыйым чыгат. Кызым бара-бара баштагыдан да түнт болуп кетти.
«АРТЫНАН КАЙРА ИЗДЕП КЕЛДИ»
-Бир күнү кызым адаттагыдан көңүлдүү болуп, аябай кубанып алыптыр. Көптөн бери анын мындай кубанган жүзүн көрбөгөн жаным билүүгө ашыктым. «Апа, Тураттын апасы биздин үйлөнүшүбүзгө макул болуптур. Уруксат берди, эми биз баш кошобуз» деди. Бир маалда эшиктен Турат кирип келсе, кызымды азыр эле жетелеп кетчүдөй болуп коркуп кеттим. Аркасынан Түркияга чейин келсе, кызымдын бактысын байлабай макулдугумду берсемби деп жатсам улуу кызым ортого түшүп калды. «Апа, канчадан бери эле ар бир айдын башын айтып, ана алам, мына алам деп жүрөт. Башын айлантып алган окшойт, макул болбоңуз. Паспортун бербейбиз» деди. Ошол жерден Тураттын апасына чалсам, баласынын көзүнчө эле айтпаган сөздү айтып, мени ашатып сөгүп салды. Ачуум менен Махабатты урушуп, Туратты үйдөн кууп чыктым. Эжелери да «Сен үчүн апамдын укпаган кеби калган жок, эмнеге ушунчалык төмөнгө түшөсүң?» деп урушуп колунан телефонун алып, ордуна башка телефон берип койдук.
«АЖАЛ ИЗДЕП КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨГӨН ЭКЕН»
-Эки күндүн биринде жумушка майда-чүйдөнү шылтоолоп чыкпай калды. Анан күнүгө эле «Кыргызстанга жибериңизчи, 10 күндөн кийин кайра келем, атамды сагындым» деп буркурап-боздоп ыйлайт. Бир күнү өкүм үн менен паспортун сурап, Кыргызстанга кетмекчи болгонун айтты. Каршылыгымды көрсөтсөм «Тураттын айтканы чын турбайбы. Сиз менин паспортумду катып алып, кул кылып жатасыз анда» деген сөзү кулагыма шиштей сайылып, ачуумду келтирди. Көптөн бери чогулуп жүргөн ачуума туруштук бере албай калдым да, паспортун таап чыгып бетке чаптым. Менин жан дүйнөм эңшерилип жатканы менен иши жок, паспортун көргөндө энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнүп, моюнума асылып, бетимен өпкүлөп кайра кечирим сурады. Кантип кечирбейсиң, ак жол каалап, аэропортко барып өзүм узаттым. Көрсө, кызымды акыркы жолу көрүп жаткан экенмин... Ажалдын жолуна өз колум менен узатып жатканымды ошондо билсем кана, аттиң?!
Окуянын чоо-жайы кийин билинди. Көрсө, Турат «эгерде келбесең, үйүңдү сыртынан бекитип, айланта бензин чачып туруп атаңды өрттөп жиберем. Атаңды тирүү көрөм десең кел» деген экен. Менин баамымда, ал мындайга барбайт болчу. Себеби Балыкчыдан Махабаттан кийинки уулума жолугуп, машинаны башы менен сүзгүлөп, «Махабаттын номерин бер, менин жашоом ансыз уланбай калды» деп боздоп ыйлаган экен.
Кызым Кыргызстанга келгенде аэропорттон Тураттын туугандары тосуп алышып, түз үйгө алып барышпаптыр. Анан менин жолдошума чалып, «кызыңды алып кет да, экинчи биздин балага жолотпо» дешиптир. Бирок документтери менен кошо чемоданын бербей коюшуптур. Үйгө келип 3 күн жатты дейт. 4-күнү кызыма Турат чалып, «чемоданыңды алып бара жатам, чык. Сени Түркияга салып жиберейин. Орусиядан кайненем келе жатат, чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн» деген имиш. Саат 10до «Бишкекке кеттим» деп үйдөн чыгып кетиптир. Саат 12ге жетип-жетпей эле «Бишкекке жеттим, сарсанаа болбоңуз» деп атасына телефон чалыптыр. Ошол кезде Быстровкада бара жатышкан экен. Күбөлөрдүн айтымында, алар Бишкекке жетишкен эмес.
ТУРАТКА ЖОЛУГУП АКЫРКЫ 2 СУРООМДУ БЕРДИМ»
-Ошентип, бирөө элеби же бир нечесиби ким билсин, айтор, кызымды өлтүрүп, ээн жерге алып барып сууга чөктүрүп жиберген экен. Кызыбызды жоголуп кетти деп, «белгисиз аялдын сөөгү суудан табылды» дегенди уксам дагы ишенбей, ДНКга анализ бербей койгом. Суудан табылган сөөктүн башы менен бутун бириктирип байлап, ичине гиряны салып, жип менен таңып туруп чөктүргөн экен. Сөөк толкун менен жээкке чыгып, чырмалган жип жазылып, гиря бутуна байланган боюнча чыгат. Табылган өлүк чаначтай болуп шишип турса эле менин кызым арык болчу деп ишенбей койгом. Кийин аны бир жайга алып барып көмүп коюшуптур. Анан такыр эле табылбай калганда көрдү кайра казып, кызымдын сөөгүн алып чыгышты. Шишиги тарап, башта көргөндөй олбурлуу эмес, ичке боло түшкөн экен. Баарынан дагы кызымды баягы Туратты балдар сабаганда арачалап жатып сынган колунун сыныгынан тааныдык. Үйгө алып келдик да, жаназасын окутуп эле кара жерге кайра узаттык.
Кийин Турат бардык кылган күнөөсүн моюнуна алды. Суранып жатып Туратка жолугуп, акыркы 2 суроомду бердим. «Өзүң жалгыз өлтүрдүңбү же бирөөлөр сага түрткү болдубу?» десем, унчукпады. «Айтчы, кызымды муунтуп кыйнап жатканыңда апакелеп мени чакырдыбы? Акыркы сөзүн эмне деп айтты?» десем да унчукпай койду.
Учурда сот процесси уланып жатат. Эки ирет тең сот отурумунда Турат өзүн акыл-эси жайында эмес адамдай алып отургандыктан, жактоочусу процессти токтотуу өтүнүчүн киргизген. Ошондон улам туугандары мага «Туратты «психикалык жактан оорулуу» дедиртип абактан чыгарып алабыз» деп айтышты. Эгер ушул нерсе ишке ашса, анда жолдошум «өз алдымча жазалайм» деп жатат.
«УЧУРДА КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙДА»
Төлөбүбү Кубатова кылмыш иши ортодон акыйкатсыздык менен бурмаланып жатканынан шектенип, КРнын Башкы прокурору Аида Саляновага кат жазган. Баш прокурор Ысык-Көл ОИИБин тергөө иштерин акыйкат жүргүзүүнү көзөмөлдөөгө милдеттендирген. Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары БОЛОТКАН КАЛИЕВ сот ишине чейинки иликтөө тууралуу маалымат берди:
-Биз сот отурумуна чейинки кылмыштык иликтөө иштерин толугу менен жүргүзүп, сотко өткөргөнбүз. Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Бирок мыйзам боюнча шектүү кылмыш кылгандыгын моюнуна алган соң СИЗОго камалыш керек болчу. Учурда ал Чолпон-Атадагы Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Мунун себебин соттук процесс бат-баттан кайталанып жаткандыктан, Караколдо жайгашкан СИЗОдон шектүүнү Чолпон-Атага алып барып, алып келип турганга мүмкүнчүлүк жоктугу менен түшүндүрсө болот. Бирок СИЗОдо да, убактылуу кармоочу жайда деле жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар үчүн тартип бирдей.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg