ИЗДЕП ЖҮРГӨМ СЕНИ, ТАПТЫМ...

Үлбүл шамдын жарыгында үч адам отурушту. Азыр урушуп кетчүдөй чукчуйган абышка, маңдайында отурган сары кемпири кечки тамактын үстүндө. Экөөнүн суз маанайынан үйдүн да куту качып, маңдайында чай сунуп отурган жаш келиндин сулуу жүзү гана үйдүн жүрөк тоңдурган суздугун бир аз жибитип тургандай.
– Жарыгың түшкүр, күтсөк деле күйбөчүдөй, төшөк сал,- деген кайненесинин өкүм үнүнөн улам келин тез туруп төркү үйгө жөнөдү.
Кайнене-кайнатанын төшөгүн салып, идиш-аягын жууп болуп өз бөлмөсүнө кирген келин сумсая терезени тиктеди.
Мына, тирүүлөй кыйноо деген, үч жылдан бери келиндин турмушу ушу. Наргиз окуусун бүтүп келгенде ата-энеси өздөрүнүн көңүлүнө туура келген жерге турмушка узатып коюшкан. «Бардар жер, канышадай жашайсың!» дешти. Туура, кайындары бардар турушат, балдарынын баары чет жакта жүрүп заңгыраган там салышты, ичи кирсең чыккыс... Анысы го мыкты дечи, бирок үйлөнгөндөн төрт айдан кийин жолдошу кайрадан Орусияга жөнөп кетти. Ана келем, мына келем болуп жатып ортодон жылдар өттү. Мурун анда-санда болсо да абалын сурап турган күйөөсүнүн эми дайыны жок.
Келин оор үшкүрүп алды. Үшкүрүктүн артында көңүлүн түшүргөн үмүтсүздүк, жаштык эңсөө, кимгедир кусалык көңүлүн буулуктуруп ийди. Терезенин пардаларын ачып, жаркып турган айды томсоро тиктеп алды да, кайра көңүлүнө эртеңкинин камы түштүбү, уктоого даярданды. Чачтарын жазып, ич көйнөгүн кийип, күзгүнүн алдына барып көпкө тигилди.
– Карып баратамбы?- деди өзү менен өзү сүйлөшө.
Бул учурда бир иш менен карыяга келе жаткан эркек адам бул көрүнүшкө селдейе туруп калды. Ич көйнөкчөн турган келинди бир тиктеп алган Абиш уяла жүзүн буруп кетти. Эркинен тыш бир күч жанын койбой, каректери кайра айнекке кадала берди.
Ана, солкулдаган, жаштыгы чыңалып турган сулуу дене, муңайым жүз! Дал болуп тиктеген Абиш мындай сулуулукту эч бир аялдан, ал тургай кинодон көрбөгөндөй. Өзүнөн өзү тердеп, уялып басып кетейин дейт, бирок... Шырп деген үндөн селт чочуган келин кыйкырып жиберди.
– Ай, ким бул?
– Чочуба, мен... мен иштер менен...
– Кетиңиз!
Денеси титиреген келин халатын жамына салды.
– Макул, бирок сен жаман ойлобо...
Көз ирмемде болуп өткөн бул окуядан кийин Абиш көпкө жаман болуп жүрдү. Оюнда жаман нерсе болбогонун айтып актангысы келет, «түрмөдө отуруп келген» деген атына бул да кошулуп... Акыры келиндин мектептен келе жаткан убактысын болжолдоп жөнөдү. Ойлогонундай эле өзү жалгыз келе жатыптыр. Адатынча кабагы түшүп муңайым. Ал алдынан чыга калган Абишти көрүп коркуп кетти.
– Эмне керек сизге?
– Карындашым, мен өткөндө кокусунан гана корооңорго барып калып... Уста акеде бир ишим бар эле.
– Анан?
– Ошого жаман ойлоп калбасын деп...
Андан ары эмне айтарын билбей башын тырмап туруп калды.
Келин кечирим сурап жаткан бул адамга эреркей жылмайды. Ортолорун жылт эткен жылуулук аралады. Келиндин эсинде мээримдүү көздөр калса, Абиштин элесинде жымың эте жылуулук чачып өткөн гүлбурак келиндин турпаты. Абиш ушуну менен тынчып калсачы. Кайдан, келиндин элеси өчөшкөндөй маңдайынан кетпейт. Чакан устакана ачып алган, өтүк тиге коё турган өнөрү бар эле. Эми иши колунан түшүп, эс-мас. Кээде өзү байкабай анын келе турган жолун акмалап калат. Көрүп көкүрөгү тынч алып калгансыйт да, кайра бир аз көрбөй калса бир нерсесин жоготкондой бушайман. Таң калычтуу бул ооруну аңдап аягына жете албай жүргөн кезинде устаканасына Наргиз өзү келди.
– Саламатсызбы, атам балта мокоп калды дегенинен курчутуп алайын деп...
– Кел...
Ушундан соң Наргиз да устаканасына көп келе турган болуп калды. Бир нерселерди сүйлөшүп кээде күлкүлөрү чыгып калат.
– Сизди эл «ак жеринен отуруп чыккан» дешет, ээ...- деди бир күнү капысынан келин.
– Ошентишеби, билбейм...- талуу жерине тийгендей Абиш кашын тырыштырып алды.
– Сиздин колуңуздан жаман нерсе келбейт, билем го мен.
Муңайым күлүп турган келин азыр бул адамдын дилин өрттөп жатканын сезбеди. Аны өлтүрүп-тирилткен ушу эки ооз сөз болду. Өзүнөн өзү буурчактап аккан жаштарын жашырмакка жүзүн бура берди. Анан... Капысынан кичине, назик колдор жаштарын аарчып жатканда денесин ток ургандай селдейе түштү.
– Наргиз?!
Келин үнсүз жылмайды. Жакын турган келинден укмуштуудай аңкыган жыт уруп, эркек кургур өзүн башкара албай калды. Абиш келинди ичке белинен сыга кучактай эңги-деңги. Келин да жан далбастай түштү. Кудум от бүткүл денесин жалындатып, жагымдуу, карылуу колдордон коргонуч издегендей, бирок уят, намыс, эртеңки бүдөмүк күнү, күйөөсүнүн алдындагы милдети экинчи тараптан кысып, алдастатып бараткандай. Эмне дээрин билбей энтигип алды.
– Мен...
– Унчукпа, эч нерсе дебе... Каргылданган эркектин үнүнө, кыймылдарына баш ийип берди.

***

Эмне болуп кетти?- деген Абиш каруусунда жаткан келиндин маңдайынан өөп койду. Келин чачтарын сылап жатканына кытыгысы келдиби, шыңк эте күлкүсү чыкты.
– Эми эмне кылабыз?- деди келин аппак денесине жабышкан чачтарын түйүп жатып.
– Менин жашоомду өзүң билесиң, жарыгым, айыпсыз жерден камалып кеттим. Мен сага укмуш нерсе убада кылбайм, бирок тигиниң бербеген, бере да албаган ысык сүйүүм, ыкласым сеники. Элден-журттан коркпо, эч ким сен үчүн жашабайт. Макул десең...
– Мени сүйөсүзбү?
– Ооба, жарыгым.
– Сүйүү деген барбы?
– Бар! Мен сени, сүйүүмдү издеп жүргөм. Эми таптым...- деди Абиш ишенимдүү.
– Мен билбейм, сүйүү эмне экенин. Балким, ушудур... Билбейм али... Бирок мен өзүмдү арнап, андан кийин ушунча жыл кызматымды кылып, андан балалуу болгум келген күйөөмдөн мындай жылуулук сезбегем... Демек, сүйүү кагаздагы нерсе эмес, никеде да эмес, кимдир бирөөгө чындап керек экениңди сезгениңде окшойт.
Ушундан көп өтпөй Наргиз күйөөсүнөн телефон аркылуу билдирүү алды. «Мен дагы бир жылга кармалат окшойм, иштер бүтө турган эмес...»
Үзүлөйүн деп араң турган жип үзүлүп кетти.
– Мен кетем,- деди бир күнү кайненесине.
– Эмне дейт?!- кемпирдин көздөрү чакчайып кетти.
– Уулуңуздан кетем. Мен бул үйгө жакшы ниет менен келгем. Бирин экиге кошоюн, үзүлгөнүн улайын дегем. Бирок ал менин бар экенимди унуткандай, акча менен акча болуп жүрө берсин.
– Сен бекер ашка көпкөн экенсиң,- деди көк ала сакалын силкилдете сөзгө кошулган абышка. Бир да жолу өйдө карай элек кайнатасына келин бул жолу тике карады.
– Ооба, балким, сиздики туурадыр. Бирок дүйнөдөгү бардык жакшылык акча менен ченелбейт, андан башка ырахат бар экен. Акчанын артынан кеткен эки уулуңуздун кимиси бактылуу, айтыңызчы?..
– Жогол үйүмдөн, шуркуя!
Кайнатасы уулуна «келинчегиң кетип жатат» деп телефон чалса, ал жүүнү бош кургурбу же башка билгени барбы, «өзү билсин» деп жооп бериптир. Наргиз кетем деп сепке келген оокатын жыйыштырып баштаганда катуу чыр чыкты. Албууттанган кайнене кыйкырып баштады. Коңшулар чогула калышты.
– Мен муну жөн кетирбейм, абийирин ачып туруп кетирем. Эч кандай оокат албайсың, биз атаңа калыңды кабаттай бергенбиз. Ошону төлөгүлө биринчи...
Көзүнөн салаа-салаа жаш аккан келин мындай кара өзгөйлүккө дили өрттөнүп турду. Чогулган эл ак-көк дей албай турганда топту жарып Абиш келинди көздөй түз басып келди да, колдон алды. Эч кимге назар салбады, эч кимден корунбады. Наргизди тургузуп, жашын сүртө берди.
– Ыйлаба, мен сени буларга кор кылбайм. Алба, бир учук да жип алба, баары калсын. Дүнүйөсүн башына тартышсын, кереги жок, мага сен болсоң болду.
Наргиз алгач дел боло түшүп, анан Абиштин колун бекем кысып ордунан туруп жөнөдү. Ээрчише жөнөп калышкан экөөнө эл тең жарыла жол бошотуп беришти. Алар артындагы күбүр-шыбырды, алкынган кайнененин ачуу үнүн да угушкан жок. Тек гана ара жолдон, мүмкүн болбогон жерден бирин-бири таап алышканына ыраазы боло кетип бара жатышты...

Асия Алиева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
bekbolot-NOOKAT
2014-03-17 11:17:51
Мм жомок болуп кеттиго дейм))
+2
Altyn1980
2014-03-17 17:45:41
азыркы бизге окшогон жаштарга ылйык экен
-5
adidas07
2014-03-17 19:37:00
уландысы барбы?
0
KURSHAB
2014-03-17 20:19:52
Уландысын эмне кыласын Индийский болуп кетиптир
-1
Gulzadaayana
2014-03-19 03:43:51
келин туура кылган кетип болбосо дагы канча жыл кутуп жашамак куйоосун
+2
jaina
2014-03-19 12:49:28
Туура, сүйүү байлык менен эч качан ченелбейт. Дүнүйө бул утурумдук болушу мүмкүн, а бирок чыныгы сезимдер адамдын жүрөгүндө өмүр бою жашайт.
+2
Aidana91
2014-03-21 20:58:01
Мумкун ал эри уйлонуп алгандыр башкага. Ошого келбей жаткандыр
+1
lastochka87.
2014-03-22 04:52:24
Индийский эмес, бул бизде кырг.да эле коп болсо керек, уйлонуп аялын таштап чет жактарга кеткен.мына ажырашууда ушундан келип чыгат,индияда мындайлар редко болсо к.к.Кайда барышпасын уйлонгондон кийин тугойу менен болушса.
+2
ayka.1991kg
2014-03-22 17:19:31
Мындай нерселер арабызда болуп жатбайбы
0
skanatbek
2014-03-22 23:13:53
жамийла болгонго молодец
0
elmira.kg
2014-03-24 01:24:38
Сонун жазыптыр.Мындайлар толуп жатат арабызда газетага жазып койсо эле жомок деп чыга келишет.
+1
aijani
2014-03-25 13:26:41
Jakshy jazyptyr, jashoodon bardyk nerseni kutuugo bolup kaldy.
0
nur16
2014-03-27 20:21:47
мындай эркектен кудай сактасын
0
Akylai_aktan
2014-03-28 19:31:20
Bizdin aiylda ushul okuiaga okshoshkon tagdyrlar bar,aiyrmasy 1 ai jashap,kuioosu ross.ga ketken,kelin kosh boiluu bolup,balasy 4 ko chykkanda keldi,baikush kelin kainene-kainatasy m.n pochti 5 jyl jashady chydap.
0
biyke-2013
2014-05-06 20:40:40
Тагдыры келиндин меникине окшошуп кетет экен бирок мен чыдап кутком жолдошуму.биз турмуш курганыбызга ноябрда 5жыл бт бирок чогуу жашаган кунубуз 1жыл 8ай экен.Ошентсе да жашоо экен деп журобуз азыр да экообуз эки жактабыз.Бирок эн негизгиси эки кызыбыз бар.
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан