Нурболот Теңизбек:«АТЫМДЫ БИЛБЕГЕНДЕР «ЧОРО» ДЕП КАЙРЫЛЫШАТ»

«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2012-жылдын супер тобу» наамын багындырган «Чоро» тобу негизделген эки жыл аралыгында көп ийгиликтерге жетише алды. Алты жигиттен турган бул топтун солисти Нурболот Теңизбекке ашык болгон кыздардын саны улам өсүүдө. Ырчы мырзанын сырларын ачып, кыздарды кызыктырган маалыматты алууга аракет кылдык.

Толук аты-жөнү – Нурболот Теңизбек
Туулган жери – Нарын облусунун Учкун айылы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 27-апрель
Билими – М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктап, азыр Кыргыз улуттук консерваториясында 2-курста окуйт
Бою, салмагы – 170 см, 60 кг
Үй-бүлөдө – Үч бир туугандын ортончусу

– Нурболот, куш келипсиң. Сени көпчүлүк куудул Күмөндөр Абыловдун иниси деп таанышат. Кепти ошондон баштасак...
– Рахмат, туура айтасыз. Куудул Күмөндөр Абылов менин атамдын агасы болот. Атам 9 бир тууган. Эң улуусу Күмөндөр атам, экинчиси Таалай атам («Чоро» тобунун жетекчиси Марат байкемдин атасы), андан кийин актёр Бакыт Мукул, анан менин атам Теңизбек. Андан кийин дагы байкелерим, эжелерим бар. Алар деле чыгармачылык менен алектенишет. Негизи, менин чоң атам комузчу болгон. Балдарына да кичине кезинен музыкалык аспапта ойногонду үйрөтүптүр. Күмөндөр атам айтып калат, «5 жашымда чоң аккордеондо ойноп, бутум ооруп тура албай калган күндөр болгон» деп.

– Атаң тарапта жалаң таланттуу адамдар экен. Туугандар чогулса концерт болуп кетсе керек, ээ?
– Атамдын бир туугандарынын балдары бир курактагыларбыз. Күмөндөр атамдын 4, Таалай атамдын 5, Бакыт атамдын 3 баласы бар, биз 3 бир тууганбыз. Өзгөчө кичине кезибизде баарыбыз чогулганда үйдө майрам болуп кетчү. Ата-энелерибиз «бизге концерт коюп бергиле» дешет эле. Байкелерибиз аккордеон, гитарада ойносо, биз ырдап дароо майрам кылып жиберчүбүз. Азыр деле майрамдарда чогулуп турабыз.

– Демек, сенин чыгармачылыкты тандашыңа эч ким деле каршы болгон эмес экен да?
– Абыловдордон атам эле музыкадан башка кесип тандаптыр. Мени да өзүнүн кесибине тартып, 11ди бүткөндө «энергетик болосуң» деп жүрдү. Мен «макул» деп коюп, 11-классты бүткөндө атама айтпай барып Күрөңкеевге тапшырып, өтүп кеттим. Бирок атам унчуккан жок. Азыр «ошондо туура эле кылыпсың» деп калат.

– Мектепте тентек балдардын катарында белең же үлгүлүү болдуңбу?
– Бала кезден тентек болгон жокмун. Мектепте иш-чара болуп калса эле директор мага чалып, «кел, ырда» деп чакыра берчү. Ошентип жүрүп мектепти кантип бүткөнүмдү деле билбей калдым.
Эсимде, мен ырдап сахнага чыгып калсам, 5-6-класстын кыздары менден кол тамга сурашчу. Өзүм 8-класстын окуучусумун, кызык көрүнөр эле мага.

– Студенттик күндөрдөн кандай элестер калды?
– Күрөңкеевде азыр элге аты таанылып калган «Нон-Стоп» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков, Бек Исраилов, Кумар Асанов менен чогуу окудум. Азыр алар менен жолугуп калганда окууга тапшырып жаткан кезди эстеп күлөбүз. «Экзаменден өтүп кетсек экен» деп окуу жайдын артына барып жыйынтыкты аябай күткөнбүз. Ал кезде топ түзүп иштеп калам деген ой жок болчу.
Негизи, менин кесибим опера ырчысы. Башында окууга тапшырганда театрда иштеп, Болот Миңжылкыевдей болуп спектаклде роль жаратсам деп тилек кылар элем. Андан кийин негедир эстрада жаатына ыктап кеттим. Бизде азыр театр, спектаклди эл көп баалабайт. Элди ал жакка биз тартышыбыз керек деп ойлойм. Буюрса, келечекте кесибим менен иштеп, эки жакты тең ала кетсем дейм.

– Чыгармачылыкка болгон чыйыр жол кандай уланды? «Чоро» тобуна кандайча келип калдың?
– Чоң сахнага алгачкы жолу 8-классымда чыктым. Анда Бакыт атам филармонияда концерт берип, анын бир ырын аткарган элем. Андан кийин сахнага 2011-жылы «Супер стар» долбоорунда чыктым. Күрөңкеевди бүтүп жаткан кезимде азыркы «Чоро» тобундагы балдар мэриянын оркестринде иштешип, биздин окуу жайда даярданышчу. Ошондо алар менен бирге ырдап жүрүп, «Чоро» тобу болуп куралдык. Анан бизге ийгиликтер жылмая баштады. Күтүлбөгөн жерден «Фрунзе лайф» деген ретро сынакты жеңип, бир жылдан кийин «Супер-Инфонун» «2012-жылдын супер тобу» деген наамын алдык. Ошондой жетишкендиктерден кийин катуу иштейли деп «Түрк визион» сынагына бардык. 24 мамлекеттин ичинен 7-орунду багындырып кайттык.

– «Чоро» тобунун негизделгенине 2 жыл болуптур. Эки жыл аралыгында жашооң өзгөрдүбү?
– Ооба, өзгөрдү. Мурун окууну гана ойлоп жүрчүбүз. Азыр болсо чыгармачылыктын артынан түшүп, жаңы ырларды жараталы деп репетициялардан кол бошобойт. Топто 6 баланын ичинен Бексултан экөөбүздү эл жакшы таанып калыптыр. Бексултан айтат, аны көчөдөн көрсө, «сиз «Чоро» тобундагы тоголок аспапта ойногон баласызбы?» деп сурашат экен. Мени да көчөдөн кетип баратканда атымды билбегендер «Чоро» деп кайрылышат.

– Эми бойдокчулукка кайрылсак, жашоодо романтиксиңби?
– Өзүмдү романтикмин деп эсептебейм. Балким, катуу сүйүүгө кабыла электирмин...

– Акыркы жолу качан гүл бердиң эле кыздарга?
– Тааныштарга, жакындарыма майрамдарда берип эле жүрөм. А бирок сүйлөшкөн кыз деген темада, эстеп көрсөм, 5 жылдан бери бере элек экем. Кызга бир эле жолу гүл арнаптырмын. Буга чейин бир гана кыз менен олуттуу мамиле түзүп, гүлдү да ошол кызга тартуулагам. Ал экөөбүз эки жылдай сүйлөштүк.
Мен, орусча айтканда, «однолюбмун». Андыктан кыздар менен бир ай, эки ай сүйлөшкөн учурум болгон эмес. Бир кызды жактырып калсам, эркекче сүйөм (күлүп). Ошол кыз менен сүйлөшүп баштаганда эле болочоктогу келинчегим катары көргөм. Ал менден улуу болчу. Ошондо эле «экөөбүздүн келечегибиз жок» деп айтып жүрдү, мен болбой «бар» деп жүрүп, аягында баары бир сүйлөшпөй калдык.

КЫСКАЧА...
Үй-бүлөдө...
– Үйдө эркемин. Эжем менен карындашымдын ортосундагы жалгыз бала болгондуктан даяр тамакты жеп, даяр төшөккө жатып көнүп калгам. «Өзүмчө жүрсөм кийимдеримди кантип үтүктөйм?» деп ойлоп калам. Апам эми деле уктап жатканда келип өөп кетет. Карындашым кичүү болгондуктан менден да эрке. Апамдын мени эркелеткенин көрүп «эмнеге балаңарды эркелете бересиңер?» деп ичи тарыйт (күлүп).

Ашканада...
– Айрым эркектердей түрлөп тамак жасаганды билбейм. Үйдө жалгыз калганда жасаган бир гана тамагым бар. Муздаткычты ачам да, эмне бар болсо баарын аралаштырып, кууруп, бышырып, жанымды бага алам.

Досторунун арасында...
– Чоочун жерлерге барганда «серьёзный» болуп калам. А бирок досторумдун арасында абдан шайырмын.

«Атам абдан шайыр, шуулдаган киши. Мен болсо жоош, оор басырыктуу болуп апамды тарткам».

«Мени көпчүлүк Күмөндөр атама окшоштурушат».

«Түрк визион» сынагында интернет аркылуу добуш бергенде биз алдыда баратканбыз. Кийин эле ал нерсени жоюп салышканын жана жабык түрдө добуш жүргүзүлгөнүн айтышты. Ошол нерсе сынактын таза өткөнүнөн күмөн жаратты».

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Нурболоттун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Чоро" тобуна келип эстрадага ооп кеттим" дейт Нурболот Теңизбек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Tequila_aiya85
2014-03-17 15:00:19
Маладес жигит экен.Жонокой маек бериптир.Башкысы "бабник" эмес экен.Сыйлайм да мындай жигитерди.Уну дагы жакшы го.
+2
Aselina_kg
2014-03-17 16:57:44
Опера ырчыларынын ундору таза анан озгочо уккулуктуу сезилет мага.Коп ийгиликтерди багынт Нурболот!
0
Adi020896
2014-03-17 17:08:39
Ийгилик каалайм!Кулгону жагат..
0
nipaz
2014-03-17 23:54:28
Кулгону соонунго жаш балдарга окшоп от души))
0
meerim94
2014-03-18 02:45:59
чыгармачылык ийгилик
0
jojoshka03
2014-03-18 10:41:29
жакшы маек болуптур мага жагып калды! чыгармачылык ийгилик!
0
Gulnur1980
2014-03-18 17:21:53
Азаматсын,ийгиликтерди каалайм! Супер инфо сиздерден сураныч Чоро тобунун баардык ырларын жана видеолорун жуктоп коюунуздарды суранам.
0
admin_media
2014-03-18 17:41:46
Gulnur1980,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/?search_term=чоро&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
kolya121212
2014-03-19 01:47:49
Ийгилик. Оркунун осуп, дуйного тааныл.
0
kolya121212
2014-03-19 01:47:49
Ийгилик. Оркунун осуп, дуйного тааныл.
0
ai.asylbekovna
2014-03-23 00:12:31
Мен деле атын билбейт элем. Чоро дечумун. Уну аябай жагат. Ийгилик сага!
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан