Бекен Назаралиев, “Жаңы Ордо” гезитинин башкы редактору: “ГЕЗИТ ҮЧҮН ТЕПКИ ЖЕГЕН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН”

“Аялзаты кырк бешке келгенде кайрадан кулпурса, эркек элүүсүндө жаш болот” деп коюшат. Анын сыңарындай “Жаңы Ордо” гезитинин кожоюну Бекен Назаралиев элүүгө келип, жаш болуп турган чагы. Туулган күнүн шылтоолоп, бул мырзаны кепке тартык.

– Бекен мырза, мына элүүнүн чайын ичкени турасыз. Артыңызга кылчайып, болуп өткөн окуялардын кайсы бирин өзгөрткүңүз келеби?
– Элүү жашка чыкканча жаш баладай сүйүнгөн, катуу күйүнгөн учурлар, албетте, болду. Кайсы бирин өзгөрткүдөй сыйкырчылык кудуретим жок. Бирок өзгөрткүм келбесе да такыр унута албаган учурлар бар. Алсам, мен беш жашка чыккан кезимде апам каза болуп калды. Азыр да көз алдымда турат. Пахта терим бүтүп, атам, апам бир туугандарыбыз болуп пахтанын сөңгөгүн козопая деп коёт, ошону терип жатканбыз. Апам мүрзө жакты карап отуруп, бир топко ыйлады да эстен танып жыгылып калды. Жакында эле Шекен деген (Шермамат)­ агам каза болуп калган болчу. Көрсө, апамдын шордуу жүрөгү андай жоготууну көтөрө албаптыр. Ошентип, агамдын күйүтүн көтөрө албай, апам бизди чыркыратып таштап кете берди. Азыр ойлосом, ошол учурда атама абдан эле оор болгон экен. Алгач апасы, көп өтпөй баласы, анан аялы катарынан каза болуп, биротоло мүңкүрөп калган тура.
– Апаңыздан эрте калган турбайсызбы?
– Ооба. Апам Паиз болгону отуз жашында өтө жаш кете бериптир. Үч уул, бир кызы менен атам апабыздан ажырап отуруп калды. Карындашым Майрамкандын жөрмөлөп жүргөн кези болчу. Биз жашпыз. Атамдын үй-бүлөлүк көйгөйү менен ишибиз болмок беле? Чарага унду көтөрүп алып, көрүнгөн туугандыкына барып «нан жаап бергиле» дейбиз. Бирөөнүн колу бошобойт, башкасы дагы бир шылтоо­ну айтат. Жалгыз гана Зулайка аттуу жеңем бардык жумушун таштап, бизге нан жаап берчү. Азыр ал жеңеме миң мертебе рахмат айтып келем.
– Атаңыз кийин үйлөндүбү?
– Ооба. Бала кезде оюндан башканы эске албайт эмессиңби. Бир күнү ойноп жүрүп, курсак ачкандан үйгө келсек, жоолук салынган бир аял жүрөт. Көрсө, бизди багып чоңойткон азыркы апабыз Калия экен. Атам бизди чакырды да “мындан кийин силердин апаңар болот…” деди. Мен биздин апабыз тигине деп жакында эле каза болгон апамдын дубалда илинип турган сүрөтүн көрсөттүм. Атам мени кулагымдан чоюп, тамдын артына жетелеп барып, куйрукка чаап калды. Эмнеге урасыз деп айтышып кирдим. Ошондо атам «сен балдарды бузбагын!» деп катуу эскертти. Атамдын “болор иш болду, жаш кезинен апа деп чоңоюшсун” дегенин эми түшүнүп отурам. Анан апамдын сүрөтүн илинип турган жеринен алып коюптур. Эртеси иним Алтынбекке эшикти кайтартып коюп, сүрөттү издеп жүрүп таптым да тырмалаңдап жатып ордуна илип койдум.
– Атаңыз байкадыбы?
– Ансыз деле чөгүп жүргөнүндө жанагыдай жоругум менен жанын кашайтсам керек. Атам мени көк ала кылып сабап салды. Ошондо көзүмдөн жаш чыгарып ыйлаган эмесмин. Көп күнгө чейин денем ооруп жүргөн. Эми ойлосом, урбай деле түшүндүрсө болмок экен. Акыры чыдабай айылда окубайм деп Базар-Коргондогу мектеп-интернатка кетип калгам.
– Кийинки апаңыз менен мами­ле­ңиз келишпей койдубу?
– Жок, жакшы эле тил табышып кеттик. Эс тарткандан кийин баарына түшүнүү менен мамиле кылып калдым. Менден көптөгөн кемчиликтер кеткенин эстеп уялып калам. Бала кезде бул кишини таарынтып алганыма өкүнөм. Азыр айылга барган сайын ал-жайын сурап турам.
– Учурда журналистика айды­ңында атыңыз белгилүү. Бала кезиңизде ким болсом деп кыялданчу элеңиз?
– Журналистикада аздыр-көптүр ордум болсо, анын баары эмгектен. Бала кезде атактуу сүрөтчү болгум келчү. Ошол үчүн Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын аяктаганмын.
– Балалык кезиңиз кайда өт­көн?
– Базар-Коргондун Акман айылында өттү. Балалык кез баары эле окшош. Балдар менен чогуу уй жайчубуз. Пахтага дары чачып жүргөн учактарды рогатка менен атып, учкучтарды тажатсак, алар үйүбүзгө чейин дары чачып кубалашчу. Кээде киного барчубуз. Айылыбызда клуб жок эле. Кимдин үйүнүн дубалы акиташ менен акталган болсо, ошого мотор менен коё беришчү.
– Канча жашта үй-бүлө күт­түңүз?
– Кеч үйлөндүм. Сусанна менен таанышып калбасам дагы канча жүрөр элем, ким билет? Ошон үчүн балдарым жаш. Кызым Ширин – КУУда студент, уулум Иса колледжде окуп жатат.
– Балдарыңыздын кимисине жакынсыз?
– Ширинди кичинесинен катуу эркелетип чоңойттум. Апасына караганда мага жакын. Исанын болсо кандай чоңойгонун иш менен алаксып жүрүп билбей деле калдым.
– Журналистикага кандайча келип калдыңыз?
– Белгилүү журналист Нышанбек Кочкоров биздин айылдан. Аны менен Султан Раевдин журналист болуп калышыма таасирлери чоң.
– Сиз «Криминал» деген гезит ачкан элеңиз. Эми элге сиңе баштаганда чыкпай калды. Ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагуловго байланыштуу былык иш жарыяланган соң жабылып калганы чынбы?
– «Криминал» жабылбаса учурда «Дело №» гезитинин кыргызчасы болмок. Апас Жумагулов туурасында «Премьер-министрдин үйүн айланган арбактар» деген сын материал чыккан. Макаланын автору КТРдин экс-жетекчиси, азыркы «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымов эле.
Апас Жумагулов ким жазганын териштирип баштаганда мен ал журналисттин ким экенин айтпай, жигит бойдон калайынчы деп туруп алгам. Ошентип, Молдокасымовду премьердин каарынан сактап калгам.
– Куугунтукка кабылып көрдүңүз беле?
– Көп ирет. «Криминал», «Ордо», «Кыргыз Ордо» гезиттерин Акаевдин бийлиги жаап тынды. Көчөдө тепкилеп кетишип, ооруканага жатып калган күндөрүм да болду.
– Акаев бийлигинен запкы жеп калган үчүн Бакиевдерге жакынсызбы? “Генерал Жаныбек Бакиев менен жакын дос” дешет го...
– Бакиевдер менен илгертеден эле таанышмын. Жаныш Бакиев менен майор кезинен бери мамилебиз өтө жакын. Ашыкча кеп-сөзү жок эле көз караштан түшүнүшөбүз.
– 50 жылдыгыңыз­га карата Жаныбек мыр­за темир тулпар мин­гизгенин айтышуу­да. Чынбы?
– Ооба. Бирок бул Бакиевдер белек кылган биринчи машина эмес. Мурун да Жаныш аке машина алып берген. Ал эми Курманбек Салиевич Жалал-Абадда губернатор болуп турганда «Кыргыз Руху» гезитинин 5 жылдык тоюнда мага машина мингизген.
– Мелис Эшимканов экөөңүздөр бири-бириңерди мазактап, чымчып келдиңиздер. Бул адам менен жеке адамдык мами­леңиздер кандай?
–Азыркысын айтсам, мамилебиз жакшы эле. Мурун ал Акаев­ди, мен оппозицияны жактап, жаакташып келгенбиз. Бир кезде мени жылаңач индеец кылып коллаждап, Бакиевди желпитип гезитке жарыялаган эле. Эми ал желпигичти өзү алып, кыйла жеңилдеп калды.
– Жакында «Бешик» деген аңгемеңизге кино тартылды. Кинорежиссёр Бакыт Карагулов кандайча бул чыгармага токтолуп калды?
– Мени көпчүлүк журналист катары билишкени менен, бир канча повесть, аңгеме, пьесаларым бар. Ошолордун ичинен «Бешик» деген чакан аңгемем Бакыт Карагуловго жагып калыптыр. Аңгеменин негизинде кыска метраждуу кино тартты. Бул кинону ар кандай Эл аралык фестивалдарга алпарганы жатат.
– Бекен мырза, кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат. Элүү жашты эр ортону деп бекеринен айтышпаса керек. Сизге мындан ары да албан ийгиликтерди каалайбыз. Элүү жашыңыз кут болсун!

Кыска маалымдама

  • Ишке ашпай калган кыялы – сүрөтчүлүк
  • Баалаган спортчусу – Майк Тайсон
  • Баалаган саясатчысы – Курманбек Бакиев
  • Баалаган ырчысы – Гүлнур Сатылганова
  • Кан досу – Султан Раев
  • Жактырган жыл мезгили – жай
  • Акыркы ирет ыйлаганы – атасы менен өкүл баласы катарынан каза болгон күн
  • Сагынганы – балалык

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан