Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадан качып чыккан Виктор Януковичти «легитимсиз президент» деп атаган билдирүүсүн 11-март күнү таратты. КМШ мейкиндигинде жайгашкан мамлекеттердин ичинен кыргыз бийлигинин өз позициясын ачык билдирүүсү дүйнөлүк коомчулукта да, өлкө ичинде да чоң талкууну жаратты.
«ЯНУКОВИЧТИН БИЛДИРҮҮСҮ ОРУНСУЗ»
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүсү бир топ кечигүү менен кыска жана нуска жарыяланды. «Кыргыз Республикасы Украинадагы абалды дестабилизациялоого багытталган бардык аракеттерди сынга алат. Ошондуктан ушул жылдын 11-мартындагы Виктор Януковичтин билдирүүсүн орунсуз деп эсептейт. Кайсы гана өлкөдө болбосун, бийликтин жалгыз ээси болуп эл саналат. Калкынын ишенимин, де-факто түрүндө президенттик бийлигин толугу менен жоготкон, анын үстүнө өз өлкөсүнөн качып кеткен президент легитимдүү боло албайт» деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Министрликтин мындай реакциясы ушул эле күнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Виктор Януковичтин журналисттердин алдына экинчи ирет чыгуусуна түрткү болду. Анын бул жолку элдин алдына чыгышы интернетте жайылып кеткен «Янукович көз жумду» деген ушакты жокко чыгарды. Ал дагы да болсо өзүн украин мамлекетинин башчысы деп эсептээрин баса белгилеп, Украинада жакын арада өтүүчү шайлоолорду мыйзамсыз деди.
Эске салсак, Жогорку Рада февралдын аягында өлкөсүнөн качып чыккан Виктор Януковичтин бийликтен четтетилиши үчүн добуш берген. Европалык союз менен АКШ Януковичти Украинанын президенти деп эсептебей турганын билдиришсе, өлкөнүн Европалык биримдикке ыктап кетишин каалабай жаткан Орусия болуп өткөн окуяга төңкөрүш деп баа берип, Владимир Путин «юридикалык көз караштан алганда, Янукович Украинанын президенти бойдон калууда» деп айткан.
БИЛДИРҮҮ МАКТООГО АЛЫНУУДА
«Януковичтин сөзүнө карата кыргыз ТИМинин билдирүүсү өлкөнүн акылга сыярлык жана сабаттуу позициясын көрсөттү». Ушул сыяктуу ойду камтыган комментарийлер интернет баракчаларында көп жазылды. Анын бир тобунда Януковичтин акыркы иштерин сынга алган Кыргызстандын билдирүүсү алкыш табууда.
Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде бир эмес, эки ирет элдик толкундоолордун арты менен ажолор тактан куулган. 24-март, кийинки 7-апрель окуясы Борбор Азиядагы көп жыл бою президенттик кызматтан түшпөй келе жаткан өлкө башчыларынын жүрөк үшүн алган.
Януковичти колдогон Орусия учурда Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү. Жакын арада Кремлдин амбициялык долбоору аталган Бажы биримдигине кирүү алдында турабыз. Буга кошумча КМШнын алкагында Орусиядан башка өлкөлөр эл аралык саясий аренада ири державалык салмакка ээ эмес. Анын үстүнө Союз тарагандан бери бийликтен түшө элек борбор азиялык президенттерди Киевдин Майданы дүрбөлөңгө түшүрүп койду. Ошондуктан да постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер Украинага байланыштуу үн катпай туруу режимин сактап отурушат. Дегеле ТИМдин билдирүүсү таратылган мүнөттөн баштап ал интернет талаасында, айрыкча Орусия менен Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттарында чоң талкууну жаратты.
Эске салсак, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Украинадагы кырдаал боюнча түшкөн суроолорго өз жообун таратканда «аталган өлкөгө Апрель окуясы сабак боло алат» деген болчу. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, тышкы саясатты президент аныктайт. АКШ жана анын союздаштары менен Орусия өңдүү ири державалардын кызыкчылыктары кагылышып турган кырдаалда кыргыз мамлекет башчысы тигил же бул тараптын арыгын чабууга аракет кылбай, өзүнүн калыс жана адилеттүү деп эсептеген баасын берди.
Эльвира Караева
Ширин Турдакунова
politika@super.kg