Бишкекте 12-март күнү Башкы прокуратуранын имаратынын алдында камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүштү. Алар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюшту.
Чогулгандар «Дүйнөлүк масштабдагы кримчөйрөнүн өкүлү Батукаев бошотулганда ага бийлик унчуккан жок. Келдибеков андан жаман иш кылдыбы?» деген пикирлерин айтышты.
Эске салсак, 2013-жылдын 20-ноябрында А.Келдибеков «коррупция», «кызмат абалынан пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып камакка алынган.
Эльвира Караева
Ширин Турдакунова
politika@super.kg