11-мартта Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов Ош облустук ИИББи тарабынан суракка чакырылды. Ал башкармалыктын тергөө бөлүмүндө 2013-жылдын 2-декабры жана 2014-жылдын 15-январында Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн митингдер боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде күбө катары сурак берди. Мырзакматов менен катар окуя боюнча жалпысынан 50гө жакын күбө сурактан өттү.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-январында Оштун мэрин шайлоо учурунда талапкер М.Мырзакматовдун миңдеген тарапташтары борбордук аянтка чогулушкан. Шайлоодо Айтмамат Кадырбаев утуп чыккан соң митингчилер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, милиция кызматкерлери менен тирешүү орун алган. Ошондой эле аянтта президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү өрттөлгөн
Эльвира Караева
Ширин Турдакунова
politika@super.kg