Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети кийинки аптада өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карайт. Парламенттин 11-марттагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев бул маселе боюнча спикер Асылбек Жээнбековго кат жөнөтүлгөнүн билдирди. Төрага маселени талкуулоо үчүн катты жогорудагы комитетке жиберген. Буга чейин документке 47 депутат кол койгону, кайра 14 эл өкүлү колун чакыртып алганы айтылып келген. «Кол коюп, аны кайра чакыртып алуу мыйзамдуубу, ушуну карашыбыз керек»,- дейт Төрөбаев.
Эске салсак, парламент февраль айынын башында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын отчёту каралып жатканда Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо демилгеси көтөрүлгөн.
Эльвира Караева
Ширин Турдакунова
politika@super.kg