10-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна иш сапары менен барып, анда Ош шаарынын эки тарабын байланыштыра турган эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Курулушу башталып, учурда токтоп турган көпүрөнүн ишин көргөнү келген өкмөт башчыга жергиликтүү жашоочулар «Көпүрө качан бүтөт? Канчага чейин кыйналабыз?» деген суроолорду узатышты. Ошондой эле көпүрөнүн курулушуна 700 миллион сом керектелери айтылды.
«Бул кымбат долбоорду баштаардан мурда каржылоо булагын таап, андан соң долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу керек эле. Учурда республикалык бюджетте мындай долбоорду каржылоого каражат жок. Биз бюджеттен жылына 60 миллион сом, шаардык казынадан дагы 40 миллион сом бөлгөн күндө да, көпүрөнүн курулушу 7 жылга созулат»,- деди өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө. Премьерди тегеректеген эл ушул учурда «өзүңөр үчүн акчаны азыраак короткула» деп кыйкырып киришти. Сатыбалдиев көпүрө боюнча башка варианттарды карап чыгып, курулушту 200 миллион сомго ылайыктоо зарыл экенин белгиледи. Премьер-министр шаар башчылыгына жогорудагы суроону эмнеге көпүрөнүн курулушу баштала электе узатпаганы, так иликтеп-эсептеп чыгууну талап кылбаганы түшүнүксүз бойдон калды.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg