Буга чейинки сандарыбызда «ата мекенчи» депутат Бактыбек Калмаматовдун Баткен облусуна сапарынын жыйынтыгы боюнча маегин жарыялаган элек. «Чек арачылар чатырда тоңуп отурушат, ал эми Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушу эбак токтоптур» деген. Гезитке жарыяланган маалымат, Калмаматовдун сөзү өкмөткө жеткенби, айтор, 16-19-март күндөрүнө карата журналисттер тобу Бишкек шаарынан Баткен облусуна жөнөгөнү турушат. Өкмөттүк басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, журналисттер аталган облуста курулуп жаткан социалдык жана өнөр жай объектилеринен кабар алып, чек арага танапташ айылдардын тургундары жана чек арачылар менен жолугушушат. Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков да журналисттердин суроолоруна жооп берери айтылды.
Бул аралыкта кыргыз-тажик чек арасынын качан ачылары тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы да бир жаңсыл боло элек.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg