11-мартта Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Инна Валькова 2014-жылы жалпы республикалык тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөрүн билдирди. Буга чейинки жылдары тестирлөө өзбек тилинде да өтүп келген. Мындан тышкары бир тесттин баасы 220 сомдон 260 сомго көтөрүлдү. Быйылкы жылы ЖРТны өткөрүү укугун тендерден Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору утуп алды. Бул борбор соңку 12 жыл бою ЖРТны жүргүзүп келет.
Быйыл ЖРТ 17-21-май күндөрү өтмөкчү. Мектеп бүтүрүүчүлөрү тестирлөөгө паспорту менен гана катыша алышат. Каттоо иштери 11-мартта башталып, ал 10-апрелге чейин созулат.
Былтыр Орусияда жалпы мамлекеттик сынак старт алардын алдында интернетке орус тили боюнча сынактын жооптору чыгып кетип, бул маселе чоң резонанс жараткан. Кыргызстанда өткөрүлүп келген ЖРТнын жооптору да сатылат деген сөздөр айтылат. Буга байланыштуу: «Тестирлөөдөгү суроолордун жоопторун сатып алуу мүмкүн эмес. Бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин түрдүү провокацияларга алдырбоосун суранат элем, айрым адамдар мындан акча таап калгысы келет»,- деди И.Валькова.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg