11-март күнү өлкө башчы Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен жолугушту. Анда министр президентке транспорттук инфраструктура объектилерин куруу боюнча жумуштардын, тактап айтканда, автожолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирген альтернативдик жолдун курулушун баштоо боюнча даярдыктар сөз болду.
Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүүдө инфраструктуралык долбоорлордун маанисин баса белгилеп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин аларды өз мөөнөтүндө ишке ашырууга милдеттендирди.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg