АЙЖАМАЛ АЖЫРАШУУГА АРЫЗ БЕРДИ

Айжамал Кабыловага “Сенин күйөөңдөн 5 айлык боюмда бар. Мындан кийин Азамат менин менчигим болот” деп телефон чалсак, трубканы Кенже Дүйшеева алып атабыздын атасын калтырбай сөгүп кирсе болобу! Андан соң Гүлнара Калдарова тамагы айрылганча кыйкырды. Анан эле Москвадан Айжамалдын күйөөсү Азамат чалып, “сен кимсиң?” деп териштирип баштады. Кыскасы, кыздарды тополоңго салган кезектеги тамаша назарыңыздарда.

– Алло, Айжамал, кандайсың? Сени менен сүйлөшчү “серьёзный” сөздөр бар. Жолугуп сүйлөшсөк жакшы болот эле.
– Жакшы, а сиз кимсиз, телефондон эле айта берсеңиз болбойбу?
– Атым Чолпон, экөөбүз жолуксак, баарын түшүндүрүп бермекмин. Телефондон кандай кабыл аласың билбейм. Бирок бул нерсени сага айтуу канчалык оор болсо да, мен айтууга милдеттүүмүн!
– Эмнени эле айта албай кыйналып жатасың, эч коркпостон айта бер.
– Айжамал, мен кечээ күнү Москвадан, Азаматтын жанынан келдим. Мени кечирип кой, Азаматтан 5 айлык боюмда бар.
– Кандайча, беш айлык?! Менин Москвадан келгениме эки ай болду. Азаматтын андай жолго барышы мүмкүн эмес. Капкайдагыны айтпачы...
– Москвада жүргөндө эле жумуштан жолугуп жүрүп, боюмда болгонун байкабай калыптырмын. Анан сени Кыргызстанга жиберип, бирге жашаган досун квартирадан чыгарып, экөөбүз жашап алдык.
– Эмне деп жөөлүп жатасың? Азамат андай эмес, мен ага 100 пайыз ишенем. Ал эч качан андай жолго барбайт!
– Эми сен ошентип ойлогонуң менен, сүйүү деген нерсе бар да. Мен аны менен эки ай жашап келбедимби. Ишенбесең ая­шыңдан сура, ачык эле жашап, кир-когун жууп жүрдүм.
– Анда досунун аты ким экен, аялы бар бекен?
– Анын атын менден жакшы билесиң. Аларды коюп алдыдагы жашоону чечип алалычы.
– Сен минтип оюн уюштурардан мурда менин кызымды, менин убалымды ойлодуңбу? Керек болсо Азаматтын биринчи да, акыркы да сүйгөнү менмин. Менден башканы карабаймын деп ал сөз берген.
– Ал азыр мени сүйүп жатпайбы. "Айжамалды да кыйбаймын, сени да жакшы көрөм, келишсеңер, экөөңөр менен тең жашаймын" деди.
Анда сен бактылуу боло бер. Азыр мен Азаматка чалып сүйлөшөйүн да.
– Мени "бактылуу бол" дедиң, анда сен “развод” бер. Азаматты мендик кылып, толук кандуу үй-бүлө болуп жашайын.
– Токто, мен азыр Азаматка чалайын, анан сүйлөшөбүз.
Ошентип, Айжамал телефонду өчүрүп салды. Кайра чалсам, трубканы Кенже Дүйшеева алды.

Кенже: "Согуңду чыгарып салам"

– Алло, Айжамал, Азаматка чалдыңбы?
– Бул Айжамал эмес, мен Кенжемин. Азыр Азамат менен сүйлөштүм. Эй, чоң кыз, сен эмне эле болуп жатасың?
– Кечиресиз, Кенже эже, мен сизге эмес, Айжамалга чалып жатам. Демек, Айжамал менен сүйлөшүшүм керек!
– Эч кандай Айжамал менен сүйлөшпөйсүң, антип бирөөнүн жашоосуна башыңды тыкпа. Мен Азаматты жакшы билем. Ал сен ойлогондой бала эмес!
– Сизге караганда Азаматты мен жакшы билем го...
– Эй, акылынан айныган акмак, Азамат мага тууган, Айжамал менин сиңдим да, келиним да болуп кетет. Экөөнүн жашоосуна аралашпа! Уктуңбу, келесоо, давай не будем а?! Көп нервди кайнатпа, "сволочь" десе. Азыр барып согуңду чыгарып салам.
– Причём тут сиз деймин да? Колуңуздан келсе, пожалуйста?
– Ай кыз, сүйлөбө, алдыгы тилиңди тилип салам. Түт-түт-түт.
Бир аздан кийин кайра чалсам, Гүлнара Калдарова алды.

Гүлнара: "Өзүңдү калп эле жабыштыра бербе"

– Эй, чоң кыз, Азамат сендей кыздарды карабайт, так что, убара болбой эле кой, макулбу?
– Айжамал, сенсиңби?
– Мен Гүлнарамын.
– Эмне, Айжамал өзү сүйлөй албайбы же Азамат “Кыз-Бурактын” кыздарынын баарынын күйөөсүбү?
– Абайлап сүйлө, Азамат биздин күйөө балабыз. Айжамал азыр түз эфирде, ага моралдык зыян келтиргендигиң үчүн жооп бересиң. Койчу, эй, сага окшогон кыздар менен сүйлөшүү Айжамалга не стоит.
– Ай-ий, Гүлнара эже, жакшы адвокат болот экенсиз. Между прочим, мен Айжамалдан эки эсе сулуумун.
"Үч эсе сулуу болсоң да Айжамалга тең келбейсиң уктуңбу? Азаматка жөн эле өзүңдү жабыштыра бербе" деп трубканы коюп салды. Анан эле телефонум чырылдап калды. Алсам, Айжамалдын жолдошу Азамат экен.

Азамат: "Түшүңдөбү?"

– Алло, саламатсызбы? Чолпон деген кызды мүмкүнбү?
– Мен, угуп жатам, бул ким?
– Мен, Азаматмын, эмне менин жубайымды коркутуп жатасыңар? Азыр мага телефон чалып, ажырашканга арыз жазам деп жатат.
– Эй, Азамат, жаным десе, мени тааныбай калдыңбы? Экөөбүз сүйүшүп-күйүшүп эле жүрбөдүк беле. Сенден боюмда бар экенин да билмексен болосуңбу?
– Эмне, түшүңдөбү? Сен кимсиң өзү?
– Азамат, кечиресиң, бул "Супер-Инфонун" "Тамаша тор" рубрикасы болчу.
– Өх, ушунчалыкка да барасыңарбы?! Давлениемди көтөрүп жибердиң го! Негизи, мындай иштер силердин эле колуңардан келет да. Мен гезитиңерди интернеттен жума сайын окуп турам. Минтип тамашалабай эле койгулачы, макулбу?! Ишиңерге ийгилик!
– Силерге да чоң рахмат, буюрса, бул тамашаны эмки санда интернеттен окуп алсаң болот. Бактылуу болгула!
Айжамалга чалып тамаша экенин айттык. Бир топто өзүнө келген ал “Азаматка чалып, ажырашууга арыз берейинби? Чолпон деген кыз сенден боюмда бар дейт го, деп тултуңдап баштадым. Ал, “Эмне деп жатасың? Ким чалды, ошонун номерин берчи, өзүм ордуна коюп коём” деп номериңди алган болчу” деп күлдү. Бизди баарынан таң калтырганы "Кыз-Бурактын" кыздарынын ынтымагы болду. Кыздарга ийгилик каалайбыз.

Астра Айдарова
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ylduska
2009-10-12 14:31:27
Айжамал убагында бир семьяны бузган, мен билгени бироо а ким билет дагы болгондурда ошон учун ойлоп коемун кээде аныкын деле бироолор бузат болуш керек деп.
0
ylduska
2009-10-12 19:51:50
Ушинтип тамашалабай элэ койбойбу???
жаш жубайларды уруштурбай!!
0
ymyta
2009-10-14 09:57:34
ylduska:
Сен кайдан билесин? Айжамал андай кыздардан эмес!!!Эн туз жургон,акылдуу,суйлуу кыздар кыз бурактын кыздары.
Мен аларды абдан сыйлайм.Чындыгында ынтымактуу...
Азаматсынар Кыз Бурак,алгалай бергиле....
0
ilgez
2009-10-15 11:01:51
Супер инфо, бир аз женилирээк тамашаласанар, Азамат менен кокусунан байланыш болбой калса, Айжамал инфаркт болуп калмак беле. Ишинерге ийгилик!
0
bayash
2010-05-11 17:26:47
Кыз-Бурактын кыздары азаматсыздар так держать!!!Бири-бириниздерге аябай куйумдуу экенсиздер,сиздерге ийгилик,Айжамал эже бактылуу болунуз!Эмнеге корунбой кеттиниз куйормандарынызды сагындырып,озунуздун жеке консертинизди качан бересиз?Оштон Гулбурак.
0
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан