КЫЗДАР ЖИГИТТЕРДИ КАНТИП ИМЕРИШЕТ?

Жаз. Айымдар гүлдөй ачылып, ааламды багындыра башташты. Кылыктанган кыздар кай бир жигиттерди дароо эстен тандырса, айрымдар мырзаларды имерүү үчүн атайын ыкмаларды колдонушат. Келгиле, атактуу айымдарга суроо салабыз, алардын кыздарга айтчу кеңештери бар чыгар...

 

 


Фарида Карбосова, ырчы:«ЖИГИТТЕРГЕ ЖАСАЛМА КЫЗДАР ЖАКПАЙТ»
-Мен эч качан жигиттерге жагалданбайм. Себеби билем, аларга жасалма сүйлөп, жасалма күлүп, жасалма тамак жеген кыздар жакпайт. Мырзаларды өзүмө имерүү үчүн атайын ыкмаларды деле колдонбойм. Болгону өзүмдү эркин алып жүрөм. Айтымдарында, менин каткырып күлгөнүм мырзаларга жагат экен. Анан тарс-тарс сүйлөгөнүмдөн улам көптөр мени боюн көтөргөн кыз деп ойлоп, сүйлөгөндөн коркушарын да угуп калдым. Бирок андай эмес. Сүйө турган жигит кебетең келишип турса деле сүйүп калат. Анан кыздарга эң керектүү кеңеш: эркектерге тез-тез чалып, «кайда жүрөсүң? Эмне иш кылып жатасың?» деген суроолорду бербеш керек. Ошондуктан эгер жигитиңерди жоготуп албайын десеңер, аларды тажатпаганга аракет жасагыла.

 

 

 


Сайкал Садыбакасова, ырчы:«КЫЗДАР, СҮЙҮҮҢӨРДҮ БИРИНЧИ БИЛДИРГЕНДЕН КОРКПОГУЛА»
-Ар бир кыздын «изюминкасы» болот. Ошол артыкчылыкты таап, ачыкка чыгара билүү керек. Алгач жактырган мырзага боёксуз, табият тартуулаган сулуулукту көрсөтүүгө умтулуу керек деп ойлойм. Себеби мырзалар макияжсыз келбетиңизге тартылса, анда бул сиздин жеңишиңиз. Анан да бой көтөрүү жигиттердин кыжырын кайнатат. Ошондуктан жөнөкөйлүктөн жазбаганыбыз оң. Менин оюмча, «кыз бала биринчи болуп сүйүүсүн билдирбеши керек» деген ой жаңылыштык. Себеби ар бир адамдын сүйүүсү үчүн күрөшүүгө толук акысы бар. Ошондуктан, кыздар, эч качан биринчи болуп кадам жасоодон коркпогула.

 

 

 

 

Элиза Орозова, ырчы:«НАЗИК ЖЫЛМАЮУМ МЕНЕН БАГЫНДЫРАМ»
-Биз, кыздар, назиктик менен жигиттердин жүрөгүнө чок сала алабыз. Мага, мисалы, бирөө жагып калса назик жылмайып калам. Анан байкабастан кайра-кайра жагып калган мырза тарапты карай бермейим да бар (күлүп). Албетте, ар бир кыздын негизги куралы болуп анын тазалыгы, дайыма өзүнө каранып жүрүүсү болуп эсептелет. Анан сөзсүз түрдө кийимге көңүл буруу зарыл, кыздар романтикалуу көйнөктөрдү, юбкаларды кийип жүрсө, сулуулугу ашат. Бирок мени сүйчү жигит кийген кийимимди эмес, себинген атырымды эмес, өзүмдү сүйөт да, ошондуктан кыздын жан дүйнөсүнүн тазалыгы да чоң роль ойнойт.

 

 

 

 

Бегимай Бекбоева, ырчы:«КЕЛБЕТИҢЕ ЖАРАША СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮҢ ОРДУНДА БОЛУШ КЕРЕК»
-Өзүмдөн баштасам, мырзаларга менин кайгылуу көздөрүм жагат экен. Көп учурда көздөрүм жардамга келет. «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деп коюшат го, ошол ураан ар бир кыздын акылына сиңип калышы керек. Анан да акылдуу болот десе эле аша чаап жиберүү эмес. Себеби мырзалар табиятынан лидер келишет, алардан баары бир такты талаша албайбыз. Тескерисинче, сыр бербей жигитиңиз айткан кеңешти угуп коюу зыян келтирбейт. Кээ бир кыздар бар, «сен сулуусуң» деп беш-алтоосу айтып койсо эле толкунданып, эмне сүйлөгөнүн билбей калышат. Өтө орунсуз сүйлөп мырзаларды ирээнжитип алуудан алыс болушубуз зарыл.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (64)
nazko90
2014-03-19 22:58:00
Сайкал туура айтты
+1
best-life
2014-03-20 01:45:42
Мен сени суйом деп кыздар айтса ал созду эркектер "я тебя хочу" деп атат деп эле тушунот. Элдин кадырындагы Гулшайыр айымдын кызы ушинтип айтса, оозун ачылат экен го))) Эсинер болсо кыздар антип айтпагыла, эркектер силерди баалабай коюшат;)
-1
chyngyz1992
2014-03-20 19:02:52
best-life, созундо жан бар, Кыз дегенде уят болуу абдан зарыл
0
katali
2014-03-20 04:55:21
Азыр кыздардын баарыле сулуу анткени беттин баары краска,табият берген жуз менен жургон кыз жок! Макияжсыз жургон кыздарды кезиктируу кыйын,Табият берген жуз менен жургон кыздарды издеп келем ар дайым,а бирок тапбай келем окунучтууу.
0
Aygul
2014-03-21 14:27:55
katali, жакшылап карасан чыгат, сен боенуп сулуу болгон кыздарды карайт окшойсун. Куниктерин да карада.
0
kaktus.-91
2014-03-20 15:32:21
Кайсыл кыз айтышы мункун биринчи???
мен сени суйом !!!деп
Менин оюмча ал кыз учун кыздык намысы кызыктырбаган кыз айтышы мункун.омур бою ошо балага кор болуп жашаш учун.Суйоом деген соз емес,сен мага жагасын деген созду айтыш канча кыйын анан суйом деп ата албы.суйгон адам эч качан мен сени суйом деп айтпайт. Даже эркек адамга да гордость керек айтыш учун. Сайкал мен сеанга кошулбайм и туура деп да ойлобойм.
0
chyngyz1992
2014-03-20 18:59:36
Сайкал сен туура эмес суйлоп алыпсын, Кыргызда жакшы бир соз бар, Кыз суйсо калат бала суйсо алат дейт, Ананда кыз биринчи суйуусун айтса, бала ойнотуп эле журуп коёт, так что оз суйуунорду ждите девчонки
+1
kalbek87
2014-03-22 09:08:36
chyngyz1992, кошулам сага кыз суйом деп турса подозрение кыласын да, эмне бул neneg алайын деп жатат окшойт деп
0
jojoshka_95
2014-03-20 20:22:44
менин оюмча, эн башкысы жазалма болбош керек) жазалма кезинде го суйдуруп ал,анан омур бою озунду кыйнап журо албайсын да) жаман адаттарды ташташ керек. Таза, Тыкан,Ыймандуу кыздар копчулук мырзаларды оной суйдуруп алышат
+1
janarht98
2014-03-21 22:43:38
Баарынанда Фариданын айткан кенешин угуп койгула.Турмуштагы эң татаал суроолордун бири,эмне кылыш керек? же кантебиз?-эмес.Кайда жүрөсүң скотина?-деген суроо..,
0
Sayasatchy0001
2014-03-22 01:56:16
кактус сиз чындыкты айттыныз айымдар акча байлык десе ушунчалык оч койнундагы эринин да козун боёгонго да даяр ?акча байлык бугун бар эртен жок ?бугун жок болсо эртен бар болушу мумкун .сабыр кылыштыда уйронуш керек е адам баласы,канча нерсени баштан откорот бирок сабыр кылышты да билиш керек
0
kalbek87
2014-03-22 09:06:14
момундай кылсам жагам деген кыз, озу жакпайт бардык эркектерге
0
Gulzada91
2014-03-22 13:45:16
Кыз боёнсо да ,кийгени абийрдууроок болсо, суйлоордон мурда ойлонуп суйлоп ,анан эле шалпылдап эле мен бетке айтам деген да туура эмес,адамдын конулу гулдой бизде орустардай чорт кыял жарашпайт,мумкун болушунча озу жонундо азыраак айтып,кобуроок угуш керек менин ойум ушул жаман эмес го.
0
kanat4ik
2014-03-22 17:30:21
"Алгач жактырган
мырзага боёксуз, табият тартуулаган
сулуулукту көрсөтүүгө умтулуу керек
деп ойлойм." Сайкалга кошулам.
0
kyrgyz84
2014-03-22 20:29:56
Жогоруда айтылгандар да,айтканынар да туура туугандар,айтылган ар бир насаатты оз ыгы менен колдоно билген адам жетет суйуусуно,чтение убивает в человеке глупость деген соз бар,акыл менен ой жугуртуунорду кучоткуло,ар бир кыз сулуу,ар бири озунчо сулуу,эч бири энедей сулуу эмес,сулуулук деген создун мааниси чооон,корунгон келбет эле эмес,ички дуйнон да сулуулукка кирет.
0
kgelmuratt
2014-03-23 12:02:08
Бегимай Бекбоева туура айтыптыр сизге+ 5
0
elmer
2014-03-23 12:34:15
55555555555555555555555555555
0
niet
2014-03-28 21:18:59
кыздарга кенеш бере тургандарды таапсынар да супер инфо, уй булолуу опыттары барлардан кенеш сурасанар болмок булар оздору эмне кылаарын билишпейт да азыр суйлогондору башка мырзалардын алдында таптакыр башка баары жазалма
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан