«Даңазалуу кылым» сериалындагы султан Сулеймандын ролун аткарган актёр Халит Эргенчке куюп койгондой окшош адам Бишкекке келиптир». Мындай кепти угарыбыз менен чын-бышыгын билүү үчүн султан Сулейманга окшош адам менен жолугуштук.
– Аты-жөнүм – Серхат Текин. 19 жылдан бери түрк телеканалдарында эмгектенип, бир топ ырчылардын клиптерин тартуу менен алектенип келем. Учурда TRT-1 улуттук телеканалынын саякат тууралуу берүүсүнүн операторумун. Ишиме байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырдым. Минтип 7-март күнү Кыргызстанга да келип калдык. Учактан түшөрүм менен биздин топту тосуп алган адам «султан Сулеймансыз го» деген таңдануусун жашыра алган жок. Ал мени сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчасына иле койсо, тааныштары «бул чындап эле Халит Эргенч» деп жазууга киришишиптир. Мен үчүн го мындай көрүнүш көнүмүш. Анткени Түркияда жүргөнүмдө, айрыкча ресторан-барларга баш багып калганымда кайра-кайра мени жалт караган көздөрдү көп учуратам. Официанттардын бири «жок, сиз Халит Эргенчсиз» деп мени менен катуу талашканы эсимден кетпейт. Аны башка адам экендигиме араң ишендиргем,- деп өз баяны менен бөлүшүп отурду «султан Сулейман».
Айтымында, Серхат мырза өзүнө окшош актёр менен жүз көрүшө элек. «Даңазалуу кылым» тартылып башталганда Халит Эргенчтин жаштыгын ойной турган адамды издеп калышкан экен. Аны уккан досторумдун бири кастинг иштери боюнча директорго сүрөттөрүмдү салып жиберип, алардан «Супер! Укмуш окшош экен» деген жооп келген. Бирок мен Халит Эргенчтен бир жашка улуумун, ошон үчүн да анын жаштык кезин ойнобой калгам»,- деп жылмаюу менен айтып берди.
Серхат Текин Кыргызстанга биринчи ирет келип отурат. «Кыргыз жери чынында кооз экен. Кыргыздын эркектери жаш-кары дебей баары ат мине алганы оозумду ачырды. Элдин меймандостугу өзгөчө баага татырлык. Тамак желип бүтүп, дасторконду жыйнаар учурда бата окулганы кызыктуу сезилди. Бизде мындай көрүнүш жок»,- деди С.Текин.
TRT-1 улуттук телеканалынын «Бекир Девели менен ачылыш убактысы» деп аталган берүүсү өз өлкөсүнүн көрөрмандарынын арасында аябай популярдуу. Дүйнөдөгү түрдүү өлкөлөр тууралуу саякат баянын курган берүүнүн кызматкерлери Кыргызстанга 10 күндүк сапарга келишкен. Алар учурда кыргыз элинин маданий турмушу, өзгөчөлүгү, салт-санаасы менен таанышып, көрсөтүү даярдыгын көрүп жүрүшөт.
Эльвира Караева
star@super.kg