Cоңку жылдары чет жерде жүргөн кыргыздар активдүүлүгүн көрсөтүп кыргыз ырчыларын байма-бай конокко чакырып калышты. Ырчы Эмил Балтагулов да учурда океандын ары жагындагы мекендештерге концерт коюп жүрүптүр. Бул тууралуу ырчы: «АКШнын Чикаго, Сан-Франциско, Лос-Анжелес шаарларында Мухаммед пайгамбардын урматына арналган Мавлид ан-Наби майрамына төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр агам экөөбүз катыштык. Эми америкалык мекендештердин суранычы менен Ноорузду да ушул жактан тосуп кетмей болуп жатабыз»,- деп билдирди.