Эсиңиздерде болсо, Атай Өмүрзаков «Тумар КР» бий тобу менен бирге 2014-жылы дүйнөлүк турнебизди баштайбыз» деген эле. Ал күн да келип, учурда бийчи Улуу Британиядагы кыргыз элчилигинин чакыруусу менен Англиянын бир катар шаарларында өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Анын айтымында, алардын Лондондогу алгачкы концерти 9-мартта Британиянын телеберүү жана радиоуктуруу корпорациясы тарабынан жаздырылып алынды. Эми кыргыз бийчилеринин өнөрү телеканалдын дүйнөдөгү 200 миллион аудиториясына көрсөтүлмөкчү.