Сахнадан алыстап акыркы күндөрү «үй-бүлө» деген чыгармачылык менен алектенип калган ырчы Назмиге жолдошу Мерседес үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылды. Жолдошунун мындай чоң белегине ырчы өтө кубанганын айтат. «Чынында, аябай күтүүсүз болду. 20-март туулган күнүмө карата күйөөм темир тулпар сатып алып, мага айтпай жүрүптүр, сюрприз кылам деп. Бирок чыдабай кетип айтып салды, мен да эрте белектүү болуп калдым» дейт ырчы. Назми учурда эки баласын тарбиялап үйүндө мыкты кожойкенин милдетин аткарып жаткан чагы. Тулпарың кут болсун, Назми!