Малина – көп жылдык бадал түркүмүнө кирген өсүмдүк. Көлөкөнү көп жактырбайт, жарыкты сүйөт. Кышкысын суукка чыдамдуу. Эгер үстүндө калың кар болсо, ал –30 градустан ашык суукка да туруштук бере алат. Күзүндө эки жылдык сабактары жашоосун аяктайт. Анын ордуна жаңы жаш сабактары чыгат. Ал эми бир жылдык жаңы жаш сабактары экинчи жылы түшүм берет. Эскисинин ордун жаңы сабактардын алмаштыруусу 10 жылга чейин уланат. Ал эми 13-15 жылдан соң түшүм бербей калат.
ЖЕР ТИЛКЕСИН ТАНДОО
Малинаны өстүрүүгө жарык жакшы тийген, нымдуулук жетиштүү болгон, борпоң топурактуу, отоо чөбү жок жер тилкеси ылайыктуу. Ал эми 1-1,2 метр тереңдиктен эле суу чыккан жерге тигүү сунушталбайт. Себеби ашыкча нымдуулук өсүмдүктү чиритип жиберет.
ОТУРГУЗУУ
Малинаны мүмкүнчүлүккө карап күзүндө деле, жазында деле отургуза берсе болот. Отургузууга көчөттүн бүчүрү чыкканча жетишүү керек. Бул негизги талап.
Түп кылып отургузууда көчөттөрдүн аралыгы 0,5-0,7 метр, ал эми удаа кеткен катардын ортосу 1,5-2 метр болууга тийиш.
Отургузуу эрежеси
Чуңкурдун диаметри 40-50 сантиметр, тереңдиги 30-40 сантиметр болот. Андан соң чуңкурдун жарымын жер семирткич менен (суперфосфат 10-16 грамм, күкүрт кычкылдуу калий 20-30 грамм же 2-3 килограмм кык – 1 чарчы метрге) толтурулат да, көчөт 2-3 сантиметр тереңдикте көмүлөт (1-сүрөт). Жаңы отургузулган ар бир көчөткө 5-6 литр суу куюлат.
Отургузгандан кийин ошол эле күнү көчөттүн жерден жогору карай 15-20 сантиметр бөлүгү калтырылып, калганы кыркылат (2-сүрөт).
Отургузуу мөөнөтү
Чүй, Талас облустарында – марттын соңу, апрелдин башы.
Ысык-Көл, Нарын облустарында – апрелден тарта.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында – марттан тарта.
ӨСҮМДҮККӨ КАМ КӨРҮҮ
Семиртүү
Жазында жана күзүндө жер семирткичтер менен байытып туруу керек. 2-3 килограмм кык же 4-5 килограмм өсүмдүк чириндиси жетиштүү.
Жумшартуу
Жайкысын 4-5 ирет топурагын бошотуп, отоосунан арылтуу зарыл.
Сугаруу
Орто эсеп менен өсүмдүк 4-5 жолу сугарылат. Бирок аба ырайына жараша чара көрүү зарыл. Өтө ысык учурда эрежеге ылайык аптасына бир ирет сугаруу талап кылынат.
ЗЫЯНКЕЧТЕРДЕН ЖАНА ООРУДАН САКТОО
Оорулары
Малина көбүнчө нымдуулуктан пайда болгон дат, көк жана малина дидимелласы оорулары менен жабыркайт. Алар сабактарын, жалбырактарын жабыркатып, чиритет.
Зыянкечтер
Тля, күбө, коңуз – булар өсүмдүктүн негизги душмандары. Алар жаш бутакчаларын, сабагын, жалбырагын, гүлүн жешет.
Жогорудагы оорулардан жана зыянкечтерден кутулуу үчүн айыл чарбалык дүкөндөрдөн тийиштүү каражаттарды табууга болот. Ошондой эле сатуучу адистин кеңеши менен канча өлчөмдө колдонуу керектигин тактап алганыңыз оң.
ТҮШҮМ ЖЫЙНОО ЖАНА ТАШУУ
Малинанын мөмөсү эзилип калбашы үчүн өтө этияттык менен кургак маалда, күндүз же кечинде жыйноо керек. Шүүдүрүмдө болбойт. Көрүнүшү жакшы болуш үчүн мөмөсүн бир литрлик банкага же анча чоң эмес желим идишке чогулткан оң. Бул ташууга да жакшы.
КЕҢИРИ ЖАЙЫЛГАН СОРТТОР
Булардын ичинен патриция ремонтанттык сорт болуп саналса, калгандары бир жолу түшүм берүүчү сортторго кирет.
МАЛИНАНЫ КӨБӨЙТҮҮ
Көбөйтүүнүн жолдору – түптү ажыратуу жана тамырды кесип өстүрүү.
Тамыр
Жазга жакын малинанын өзөгүнөн 30 сантиметр алысыраак жайгашкан тамырларынан узундугу 8 сантиметрден чоң жана жоондугу 3-5 миллиметрден кем болбогон өлчөмдө кыркып алуу керек. Казылып алынган тамырлар кум салынган үкөккө көмүлүп, муздак жайда сакталууга тийиш. Аларды көчөт тиге турган маалда кошо жерге отургузуп, октябрь айында дайыма өсө турган тилкеге отургузуу зарыл.
Сабак
Бул эң жеңил жолу. Көп жылдык түптөрү казылып, андагы сабактары ажыратылып кайрадан тилкеге отургузулат.
КЫРКУУ
Бир жолу түшүм берүүчү кадимки сортторду кыркуу:
Ремонтанттык (бир нече жолу түшүм берүүчү) сортун кыркуу:
Малинаны өстүрүү тууралуу кеп-кеңешти К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин токой чарбасы боюнча доценти, биология илимдеринин кандидаты КУБАНЫЧБЕК ТУРГУНБАЕВ берди.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg