Эрте жазда бажырайып чыккан байчечекейдин качан жаралганы тууралуу көп уламыштар бар. Айрым маалыматтарга ылайык, бул жер жүзүндөгү эң алгачкы гүл.
Бир жолу Кыш өзүнүн достору Ызгаар жана Шамал менен «жер жүзүнө Жазды келтирбейбиз» деп чечишет. Муну уккан гүлдөрдүн баары коркуп башташат. Бир гана байчечекей коркпостон, сабактарын түздөп, карды жарып чыгат. Байчечекейдин кар бетинен чыккан жалбырактарын көргөн Күн жерди жылуулугу менен ысытып, Жазга жол ачып берген экен. Ошондон кийин Кыш Жаздын кезеги келгенде акырын жол бошотуп берип калыптыр.
БАЙЧЕЧЕКЕЙ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
1. Байчечекейдин илимий аталышы – «лагантус» деп аталат.
2. Бул гүлдүн башы уулуу болгондуктан, кемирүүчү жаныбарлар ага тие алышпайт.
3. Байчечекей «Кызыл китепке» киргизилген. Андыктан аларды үзүп, сатууга мыйзам жол бербейт. Эгер күнөсканада атайын өстүрүп, сертификаты бар болсо гана сатууга болот.
4. Байчечекейдин түсү, формасы ар кандай. Жадакалса шар түрүндөгү Элвис деген аталыштагы түрү бар. Жалпысынан байчечекейдин 12-18ге чейин түрлөрү кездешет.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg