Жөнөкөй, уяң, ачык мүнөз. Маңдайымдагы маектешимди дал ушундай сүрөттөйт элем. «Актриса болуп калам деп эч ойлогон эмесмин» деген каарманыбыз Аида Тулебаева. Ал «Салам,Нью-Йорк!» тасмасындагы Эриканын ролу үчүн «2013-жылдын супер актрисасы» наамын жеңип алганын айта кетели.
АИДА ТУУРАЛУУ
– Аида, бизге сени атактуу кылган «Салам,Нью-Йорк!» тасмасына кантип тартылып калганың кызык болуп жатат?
– Тасманын жаратуучулары социалдык тармактан менин сүрөттөрүмдү көрүп «кастингге катышып көрбөйсүңбү?» деп сунуш киргизип калышты. «Барса барып көрөйүнчү» деп эле баргам. Кастингге келгендер толтура экен, анан да бизди биринчи жазып коюшуптур. Мен жалгыз эмес жанымда бир жигит менен аткаргам. Элдин баары карап турса ыңгайсыз болот экенсиң. Ичимден «батыраак бүтсө экен» деп кеткенге шашкан болчумун. Бир айдан кийин тасманын менеджери чалып «сиз өттүңүз, бирок азырынча эч кимге айтпай туруңуз» деп эскертти. Мен сүйүнүп ата-энеме, досторума айткым келип, чыдамым кетсе да сыр кылдым.
– 500 талапкер кыздан башкы ролго эмне үчүн дал сени тандашты деп ойлойсуң?
– Режиссёрдун айтымында буга чейин кинодо роль ойнобогонум жагыптыр. Жаңы жүздөр кызыгууну туудурат эмеспи. Экинчиден «сенин жүзүң Нью-Йоркко жарашат» дешти. Кастингде сулуу кыздар көп эле жүргөн, бирок алар жергиликтүү экени билинип турчу. Мага көбү «сен кыргызга окшош эмессиң» деп айтышат, бирок ата-энем экөө тең кыргыз.
– Кинону тартуу иштерине чейин Нью-Йоркто болгон белең?
– Жок, кинону тартканда алгачкы жолу бардым. Мага абдан жакты. Бирок ал жакта жашаганы калмак эмесмин. Турист болуп барсаң баары идеалдуу көрүнүшү мүмкүн. Нью-Йорктун терс жактарын да көрдүм, адамдар дайыма эле жылмайып жүрө бербесин, ар бир тыйынын эсептеп жашаарын билдим. Мисалы, мен кинодогу америкалыктарды көрө албадым, көчөдө миллиондогон толмочунан келген адамдарды, анан шашып чуркап бара жаткандарды көрөт экенсиң. Минтип чуркап жүрбөсө толуп кетишет окшойт деп ойлоп койдум (күлүп).
– Тасмадагы каарманың Эрика менен окшоштугуң барбы?
– Эриканын ролун ойноо кыйынчылык туудурган жок. Өзүмдү-өзүм ойногондой эле болдум.Тагдырыбыз окшошпосо да мүнөздөрүбүз окшош.
– Тартуу учурундагы эсте калган окуялардан айтып берсең?
– Тартуучу топто жалаң эркектер анан жалгыз мен жүрдүм. Бир чети кыйналат экенсиң, жакамды түздөгөн же келбетимди караган эч ким жок. Дүкөндөргө кирип өзүмдү күзгүдөн карай калам, машинанын ичинен кийинип-чечинем, айтор, кызык болгон. Бир эпизодду жай мезгилиндегидей кылып тартышыбыз керек экен, а биз тартып жаткан учурда күз болчу. Жеңил кийим менен тоңуп калдык. Улам чуркап барып кофе ичип, жылынып жатып, араң тартып бүткөнбүз.
– Нью-Йорктон Кыргызстанга келгенде кызыктай сезимдер болсо керек?
– Сурабаңыз, бир ай депрессия болуп үйдөн чыкпай жаткам. Нью-Йоркто бейиштегидей жашап, каалаганымды кылып, кадимкидей көнүп калыптырмын. Кыргызстанга октябрдын этегинде келген элем. Көзүмө көчөлөрү кир, бопбоз көрүндү. Бирок бул нерсе тез убакытта тарап кетти, кайра мурунку калыбыма келип калдым.
– Актрисалык карьераңды мындан ары да улантып кетесиңби?
– Ушул кесиптин өтөөсүнө чыгам деп чоң максат койбойм. Бирок сунуштар болсо тартылып коём. «Салам, Нью-Йорк!» коомчулукта «бум» жараткан тасмалардан болбодубу, мындан да жогорку ролдор сунушталышын каалайт элем. Анткени майда-чүйдө тасмаларга тартылгым келбейт.
– Кепти жеке жашооңо бурсак?
– Бир жыл мурун турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз бир жерде иштечүбүз, ал фотограф болуп, мен маркетинг бөлүмүндө. Башында бири-бирибизди жакшы көрчү эмеспиз, жумуш үчүн эле сүйлөшкөнгө туура келчү. Ага турмушка чыгып калам деп деле ойлогон эмесмин. Себеби ал башкача адам эле, бирок кийин анын дал ошол өзгөчөлүгүн жактырып калдым. Кыз-жигит болуп жарым жылдай эле сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп алдык. Менин жашоом аны менен кызыктуу болорун элестетип койгон болчумун. Анткени ал көп нерсеге кызыгат. Лыжа, сноуборд тебет, парапланда учканды жакшы көрөт, дайвинг менен машыгат. Такыр бир жерде турбайт, кыскасы, менин карама-каршым. Тааныштарыбыз да «экөөңөр бири-бириңерге жарашпайсыңар» деп айтышчу, мына ушул сөздөр үчүн табыштык окшойт (күлүп).
– «Жолдошум жаны тынбаган адам» деп калдың, өзүң кандайсың?
– Мен абдан тынч, акырын жүргөн адаммын. Кичинемде көтөрүп, алпарып бир жерге отургузуп коюшса, кыймылдабай отура берчү экенмин. Абдан уялчаакмын, мени уялтыш оңой эле. Сезимталмын, ыйлатыш да оңой (күлүп).
– Жашоодо дайыма күлүп, позитивдүү маанайда жүрөсүң, капа болгон учуруң болобу?
– Адам кемчилигин айтпаса эч ким деле билбей калышы мүмкүн дешет эмеспи. Жиним келген учурлар деле болот. Бардык эле токтоо адамдар бир силкинип анан калыбына келишет го, ошондоймун. Ал эми дайыма жылмайып жүргөнүм бул – өзүмдү-өзүм тартипке салуу. «Дайыма күлүп жүрүңүздөр» деп окурмандарга да кеңеш берет элем, анткени адамдын маанайы анын жашоосуна таасирин тийгизет.
– Орусча сүйлөйт экенсиң, үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
– Кыргызча түшүнөм, бирок сүйлөшкөндө кыйналып калам. Үйдө да көбүнчө орусча баарлашабыз, ошондон улам го. Мен го кичине түшүнөм, ал эми кайын журтум тарапта кичинекей балдар да такыр кыргызча билишпейт. Тилибизди балдарыбызга өткөрбөй жатканыбыз – бул биздин улуттун чоң көйгөйү деп эсептейм.
Лунара Бекиева
star@super.kg