Башталышы – 19:30 (бир саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 100 пайызы
Алып баруучу – Жеңишбек Айтиев
Мыкты номерлер – АГК тобу «Сен улуусуң», Кенже Дүйшеева менен «Жебе» тобунун «9 жаш» аттуу чыгармалары
Билет баасы – 200-300 сом4-мартта Спорт Ордосунда Кенже Дүйшеева менен «Жебе» тобунун концерти болуп өттү. Концертте залга эл батпай, кеч келип ордун тарттырып жибергендер туруп көрүштү. «We ll be» бий тобунун жигиттери кечени ачып берген соң, артынан «Жебенин» жигиттери чыгып, созолонто ырдап киришти. Бали, жигиттер, даярдыкты мыкты көрүшүптүр. Ырдап да, бийлеп да, Кенже эжесин тамашага салып, элди күлдүрүп да жетишип жатышты. «9 жаш» ырын ырдап бүтүп Кенже айым «балдар, ушуну ырдабай эле койбодук, залда ак көз, кара көз деген бар, гезиттин баары ушул жерде отурат» деп мен жакка таш ыргытып жиберди.
Кенженин кийген формаларында кеп жок, өзү да «мындай фигура менен эми бийлебесем болбойт» деп мактанып кетти. Ал эми алып баруучу Жеңишбек ырчыларды сахнага «Маданияттын мыкты кызматкери» деп кайталап чакырып жатып, отургандарды тажатып жиберди. Артымдагы аялдар тажаганынан «Уф, Эл артистин алса биздин кулагыбыздын тарсылдагын жармак экен. Ырчылардын баары эле маданиятка эмгегин сиңирип жиберишкенби?»- деп кобуранганын угуп аргасыз жылмайдым. Чын да, ала элек 5-6 эле ырчы калды окшойт мен билгенден. Концерттин кульминациясы «АГК» тобунун кыздарынын ырында болду окшойт. Ооба, менде да «эл «Кыз-Бурактын» кыздары үчүн келдиби же «Жебе» тобу үчүнбү?» деген күмөн ой жаралды. Айжамал сахнаны катуу сагынып калганбы, айтор, туфлисин чече калып жылаңайлак болушунча секирип бийлеп, алып баруучу айткандай «огороддо жүргөндөй эле чуркады». И баса, концерт соңунда Кенже өмүрлүк жолдошуна арнап «Сен мени, мен сени таптым» деген чыгармасын аткарды. Бийчи кыздарга жолдошунун сүрөттөрүн карматып коюптур. Күйөө баланын ыйманы ысык экен, ал сахнага чыкканда Кенже «мына кыргыз элинин күйөө баласы, эми жаным, жүгүнүп койбосоң болбойт» деп аны Жеңишбек экөө улам-улам жүгүнтүп, айтор, бул жагы өзбек кинолорунан ашып өттү.
Концерт бүтүп эл тарайын деп калганда «Жебе» тобунун жигиттеринин ата-энеси чыгып Кенжеге сарпайларын кийгизе калбаспы. Чынында күтүүсүз болду окшойт. Бул жагдай үчүн ырчы баарынан кечирим сурап өттү.
Толик сынчы