– Биз, 9-класста окуган курбулар кыздардын жыныстык өсүп жетилүү мезгили тууралуу билгибиз келет. Бул кезде организмде кандай өзгөрүүлөр жүрөт? Кандай кеңештерди эске алуубуз зарыл? Альбина, Гүлира, Мадина, Зуля, Талас.
– Жыныстык жактан өсүп жетилүү кыздарда эркек балдарга караганда эрте жүрөт. Кыздарда бул 10-15, балдарда 12-19 жашка туура келет.
Мындан тышкары безеткинин ордуна так же тырык калат.
Ошондуктан, бетке безетки чыкканда тийбей, косметологго кайрылуу кажет. Бетти самын менен жуубай, атайын лосьондор менен тазалоо ылайык. Безетки чыкпоосу үчүн майлуу, таттуу азыктарды аз жеш керек.
ЖУБАЙЛАР БИРИ-БИРИНЕ ТӨП КЕЛБЕСЕ БАЛАЛУУ БОЛУШПАЙБЫ?
– Курбу кызым күйөөсү экөө 4-5 жыл чогуу жашашса да балалуу болушпагандыктан, ажырашып кетишти. Доктурларга текшерилсе, «Силерде баары жайында, болгону бири-бириңерге төп келбейсиңер. Андыктан, ажырашып, башка жан шериктүү болсоңор гана балалуу боло аласыңар» деген имиш. Ушундай болушу мүмкүнбү? Венера, Ош.
– Жубайлар денсоолуктары чың, жыныстык органдарында эч кандай кемчиликтери жок, кыскасы, баары талаптагыдай болсо да балалуу болбоолору толук мүмкүн. Мындай көрүнүш жубайлардын 3 пайызында кездешет да, бул төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт.
Аялдын организминде өзгөчө белоктор – антителалар иштелип чыга баштайт. Антителалар болсо аялдын жыныс кынына түшкөн сперматозоиддерди кыймылдуулугунан айрып, шал кылып турат. Бул иммундук жактан дал келбөөчүлүк деп аталат.
Мындай аялдар башка бирөөгө баш кошсо, балалуу боло алышат. Эркек да башка жубайынан бала күтсө болот.