Орусия
КОЖОЙКЕСИНИН КАРЫЗЫ ҮЧҮН МЫШЫКТАРЫ КАМАЛДЫ
Орусиянын Нижегород облусунда Кларисса, Кира жана Магнолия аттуу мышыктар кожойкесинин карыздарынан улам камалып, алардын тагдыры сот залында чечилмекчи. Мышыктарга ээлик кылган аял соода ишканасына 1 миллион 200 миң рубль карыз болуп, аны төлөй албай калган. Мындан улам анын Донской сфинкс породасындагы түгү жок мышыктары тартылып алынган. Кожойке өзү жашаган райондогу сотко жаныбарларды камактан бошотуу үчүн доо арыз жазып, бирок арыз канааттандырылган жок. Эми ал кийинки инстанциядагы сотторго арыздануу ниетинде.
Финляндия
СПОРТТУН ТЕЛЕФОН ЫРГЫТУУ ТҮРҮ ЖАЙЫЛУУДА
Чаалыкпас финндер ойлоп тапкан уюлдук телефондорду ыргытуу мелдеши Англия, Норвегия, Германия өлкөлөрүндө да өткөрүлө баштады. Мындай оюнду финндер спорттун бир түрү катары ойлоп табышып, ал биринчи жолу 2000-жылы Финляндиянын Савонлинн шаарында уюштурулган. Эреже боюнча ким телефонун эң алыскы аралыкка ыргыта алса, ал оюндун жеңүүчүсү болуп табылат. Оюнда аралык гана эмес, аппараттын канчалык деңгээлде бийик ыргытыларына жана катышуучунун аткаруучулук чеберчилигине да көңүл бурулат.
Мелдеш үчүн катышуучулар өздөрүнүн телефондорун курмандыкка чалбай деле койсо болот. Себеби телефондор уюштуруучулар тарабынан берилет. Катышуучулар аларды каалоосуна жараша ар кандай марка, модель жана салмактары боюнча тандап алса болот. Чемпиондуктун популярдуулугунан улам 2011-жылы актёр Рассел Кроу жана модель Наоми Кэмпбелл сыйлуу конок катары оюнду көрүп отурушкан.
Америка
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КАРЫ СОЙКУ
Англиялык Милли Купер «Гиннесстин рекорддор китебине» жазылып, «Дүйнөдөгү эң кары сойку» наамын алды. 2013-жылы 98 жашында да элита сойкусу болгон Милли Купердин жылдык кирешеси 80 миң долларды түзгөн.
Ал 1915-жылы Англияда төрөлүп, кийинчерээк АКШга көчүп кеткен. 1940-жылдын ортосунан тартып сойкулук менен акча таап баштаган Милли барып-барып өзүнүн сойкуканасын ачып, иштетүүгө жетишкен. Бирок 64 жашында сойкукана иштетүү менен бирге өзү да кайрадан денесин сата баштаган. Анын кардарлары менен болгон жаш айырмачылыгы 29 жаштан 92 жашка чейин болгон. Ал бир жолку кызмат көрсөтүүсү үчүн 1250 доллар алып, элиталык класстагы сойкулардын катарына кирген.
Ширин Турдакунова