Өткөн күндөрү – 3-4-5-6-7-8 (2 сеанс)-9-март
Өткөн орду – Ош Улуттук драма театры
Башталышы – 19:45 (20-30-45 мүнөт кечигип жатты)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучулар – Жаныбек Алыкулов, Гүлжанат Момбекова
Коноктор – Каныкей Эралиева, Гүлнур Асанова, Абидин Темиров жана башкалар
Мыкты номер – Самара Каримованын аспаптардын коштоосунда жандуу аткарган ырлары, Каныкей Эралиева, «Жаз»
Билет баасы – 250 сом
Ырчы Самара Каримова Ошто катарынан 7 күн концерт берерин угуп, Ошко сапар алдым.
Алгачкы күн, 3-март. Сахнанын жасалгасы Рим стилинде экен, өзгөчөлүк ошол деп койдум. Кече ачык деп жарыяланган соң сахнанын чаңын сапырып көк көйнөкчөн Самара карындашым чыга келди. Алгач Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» деген ыры менен баштап, залдагылардын баарын термелтти да койду.
Концерттин сценарийин жакшы түзүшүптүр, кайталап барып көргөндүктөн, кайсы учурда эмне болорун жаттап калдым. Алып баруучулар мектеп окуучусундай сценарийде жазылган бир сөздүн да ордун алмаштырышпады. Айрым ырлар аткарылып жатканда сахнада, байкашымча, ырдын маанисине ылайык постановка аткарылып жатты. Бирок аны түз көз менен да, аңтарылган көз менен да карап маанисин эч түшүнбөй койдум. Кыйналып отурсам жанымдагы апа «Эмне болуп жатышат тигилер?» дейт... Ийинимди куушурганга аргасыз болдум. Концертке конок катары Каныкей Эралиева эжекебиз да чакырылган экен. Дүркүрөгөн кол чабуулар бүтпөй, ырчы айым кайра-кайра элге жүгүнүп жатты.
Бир убакта кеченин негизги каарманы башка тилдеги ырлардан созуп кирди. Мен өзүнүн репертуарындагы кыргызча жакшы ырларын көбүрөөк ырдаса деп күттүм эле. Таң калганым, бир ырында эл аралап жөнөп калбаспы. Сценарийде ушундай жазылган белем, күйөрмандар артынан ээрчип, гүл берип эле болбой калышты. Гүл саткандар жыргаган экен деп отурсам, Самара айым көтөрүп кирип кеткен гүл кайра эле күйөрмандар тараптан сахнага чыгып баратат. «Ошто гүлдөр ушунчалык окшошпу?» деп кала бердим.
Бир маалда Самара айымдын иниси чыкты сахнага. Өзү менен тең аккордеонду көтөрүп алып «микробу жок тоолордун арасында, чындык жашайт наристе өңү менен...» дейт таң калтырып. «Жаш экенсиң, иним, микробу көп сахнадан этият бол» дегим келди. 7 күнгө созулган концерттин ар бир кечесинде жаңы жүздөр кошулуп турду. Бир күнү Гүлнур Асанова да пайда болуп калыптыр. Ал эми 8-март күнү шаша-буша аккордеонун көтөрүп «жасанбай калдым» деп Абидин Темиров чыкты. Аяшы Самара Каримованы куттуктап, Ош элин, жерин өзгөчө сагынып келгенин айтып көзүнө жаш алды.
Концерттен кийин күйөрмандарга кулак салсам, баары эле ыраазы болгондой. Сахна, кийген формалары, жандуу үн коноктордун көңүлүнө толсо, орун жетпей калса да кетпей туруп концерт көргөн коноктор Самара айымды кубандырды окшойт. Ошентип, 7 күндүк концерт да аяктап, борборго кайттым.
Толик сынчы