СУУНУ СИҢГЕНГЕ, СЫНДЫ БИЛГЕНГЕ ТӨК

“Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” демекчи, ар бирибиздин мүнөзүбүз ар башка. Жакшы жагыбыз менен кошо кемчиликтерибиз да арбын. Бул жоруктарыбызды жаныбызда жүргөндөр эле билбесе, сырттагы адамдар анча байкай беришпейт. Андыктан биз бүгүн белгилүүлөргө кайрылып, бири-биринин жакшы-жаман жактарын сурап, мүнөздөрүн жакындан билүүгө аракет кылдык.


Гүлзинат Суранчиева: “Бир аз толсо жакшы болот эле”

– Анжеликанын ырчы катары да, аял катары да өзүн алып жүрүүсүн баалайм. Модадан артта калбайт, кийим тандоодо табити мыкты. Жаштыгына карабай, көп ийгиликтерге жетишкендигин да айта кетпесем болбойт. Жакпаган жери, акыркы кезде аябай эле арыктап кеткени. Өтө арык адам көзгө толумдуу көрүнө бербейт да. Анжелика бир аз толсо, көз тоёрлук болмок.


Анжелика: “Уйкучу да...”

– Гүлзинат эже нукура кыргыздын сулуусундай сезилет. Мүнөзү токтоо, жөнөкөй, ашыкча боёнбогону да жагат. Дагы бир жаккан жери, эч ушакка аралашпайт. Кээ бир адамдарга окшоп көрүнгөн нерсеге эле башын тыга бербейт. Жакпаган жери, качан чалба, уктап жаткан болот. Трубканы уйкусурап алса, чалган адам ыңгайсыз абалда калат эмеспи.


Ибрагим Жунусов: “CМС жаза бергени жакпайт да”

– Бегалы Молдогозуевичтин берешендиги абдан жагат. Жардам сурап келгендерге жок деп айта албайт. Анан болгонун болгондой эле айтып салган ачыктыгы жагат. Бирок бир сапаты такыр жакпайт. Конокто же чогуу түштөнүп калганда, керек болсо депутаттардын жыйынында да чөнтөк телефонун чукулап СМС эле жаза берет. Мага абдан кызык да, кимге эмне деп жазып жатканы. Кээде ойлоп да кетем, СМС аркылуу чыгарма жазып жатабы деп. Анан аябай шашма. Тим эле артынан бирөө кубалап бараткандай эле бир иштин аягына чыкмайынча чый-пыйы чыгып кетет.


Бегалы Наргозуев: “Эң эле таарынчаак”

– Мен кесиптешимдин кээ бирлерге окшоп үргүлөбөй, көп маселелерди көтөрө билгенин жакшы сапаты деп эсептейм. Бирок Ибрагимдин минустары да бар. Кээде эмоцияга катуу берилип кетип эле кыйкырып алат. Кичине токтоо болсо. Анан да бат таарынып калат. Өзү жөнүндө бир-эки сын укса эле кол шилтеп басып кетмейи бар. Мына ушул сапаттарын жойсо, бул жигиттен көп нерсени күтсө болот.


Эрмек Нурбаев: “Ашыкча ак көңүл”

– Нурзат Токтосунованын кыргызча так сүйлөп, эл менен тез тил табышып кеткен жагын жетишкендик катары караймын. Андан сырткары өз ишин мыкты билгенин, эч качан ичимдик ичпегенин сыйлаймын. Кыскасы, бул айым аялзатына тиешелүү бардык сапаттарга ээ. Ал эми кемчилиги катары ашыкча ак көңүлдүгү жакпайт. Бирөөнүн көңүлүн кыя албай тойго, концертке чакыргандарга, дегеле баарына макул боло берет. Анан анын жумуштарына жетишпей, орто жолдо өзүн да, башканы да кыйнап койгон учурлары кездешет.


Нурзат Токтосунова: “Сындай бергени тажатат”

– Эрмек Нурбаев абалдан шыр чыккан, капилеттен сөз тапкан жигит. Алпаруучулук стили башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Менде жок сапаттар анда бар дебейинби. Мага жакпаган жери, сындай эле бергени. Кээде ашыкча сындап алат. Мени шылдыңдап, мазактаганды жакшы көрөт. Сөзүңдөн кармаган сапаты да тажатат. Анан курсагы ачып турса да, такыр тамак жасабаганы жакпайт. Анын курсагы үчүн башка бирөөлөр кам көрүш керек.


Күмөндөр Абылов: «Абдан өзүмчүл»

– Абдылда өзү жакшы эле адам. Өзүм­чүлдүгү, анан ашыкча чебелектей бергени жакпайт. Кенедей бир нерсе үчүн калчылдап кетсе, бүт тулку бою титирейт. Өзүмчүлдүгүн гастролдорго чогуу чыгып калганда көп байкайм. Курсагын тойгузар жер таап алса эле болду, эл менен иши жок кетип калат.


Абдылда Иманкулов: «Чыныгы Нескара»

– Күмөндөрдү мен Нескара деп айтар элем. Мисалы, алдыга койгон маселени айтып жатсаң, көзүн жалдыратып эле угуп тургандай болот. Бирок бир жарым сааттан кийин кайра сурайт. “Эмнени айтып жаттың эле?” деп. Өзүнүкү туура эмес болуп турса да, туура кылдырат. Өзүм дегенде өлүп кетет го, чиркин.


Рысбек Жабиров: «Назгүлдү жакындан билүү үчүн жашап көрүү керек»

– Назгүлдү жакшылап айтып берүү үчүн аны менен жашап көрүү керек да, тамаша. Назгүлдүн эркекче мүнөзүн жактырам. Принципти кармаган, алдына койгон максатына жетмейинче жаны жай албаган айым. Адамгерчилигин да баса белгилеп кетүүм керек. Анча-мынча мырзалар кыла албаган жумушту жасап келет. Түрмөдөгү аялдардын көңүлүн көтөрүп, алсыздарга жардам берип, кыскасы, элге жакшы эмгек жасоодо.
А кемчилик жагы деп көк беттигин эсептейм. Өзүнүкүн такыр бербейт. Туура эмес болсо да талашып, кежирленип жатып адамды жеңип кетет. Назгүл мени жакшы эле “шыбады” болушу керек, ээ?


Назгүл Насиева: “Рысбек сулуу кыздардын артынан ээрчип алат”

– Рысбекти Кыргызстанда кинодон эки миллион сом киреше тапкан алгачкы режиссёр, продюсер деп айтамын. Убакытты, акчаны сарамжалдуу пайдалана билет. Аябай мамилеге так. Тырышчаак, эмгекчил, иштин көзүн билген сапаттарын жактырам.
Жакпаган жагы, сулуу кыздарга көп көз артат. Өтө көп тамеки тартат. Сүйлөшүп отурсаң да тамекисин үйлөп ыңгайсыздык жаратат. Анан да жини мурдунун учунда, болбогон нерсеге да кызаңдап турат. Чогулуп отурганда такыр ичпегени жакпайт. Жамаат үчүн бир аз татып койсо болот да, канча суранбагын ичимдикке жакындабай коёт.


Алькамиль: «Нотаны үйрөтөт элем»

– Албетте, кээ бир жаштар үчүн Микаэль жылдыз болушу мүмкүн. Таланты жок деп айта албайм. Аракет кылымыш этип жүрөт. Бирок Микаэль нота эмне экенин билбейт. Эгер мага келсе, жардамымды аябай, үйрөтүп коёр элем. Анан "слишком" эле "высокомерный", кичине өзүн элдин деңгээлинде алып жүрсө деп айтар элем.


Микаэль: «Мени туурабачы, суранам»

– Алькамиль менин атымдан баштап кийинген стилиме чейин туурай берет. Ушуларды көрүп алып кыжырым келет. Ырдаганды коюп биринчи микрофон кармаганды үйрөнүп алса болот эле. Кээде фонограмма менен оозунун кыймылы шайкеш келбей калат. Акыры талантың болсо өсө бер, бирок суранам, мени туурабачы деп айтар элем.

Бахияна Сатылганова,
Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kolyan
2009-10-13 12:37:39
Алкамиль и Микаэль, экоонордун айтканынарды окуп алып уялып отурам. Эркектей болгулачы. Кийимим, атым, чачым дебей, озунор уялган жоксунарбы
0
azabraza
2009-10-13 15:42:07
Алкамиль и Микаэль экоон тен жакпайсынар элге кыйын болбой эле койгула
0
AygerimUrmat
2009-10-13 17:23:29
да,действительно как "БАБЫ" (Микаэль и Алькамиль...)кыз кыздай,мужик мужиктей эле болсо
0
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан