КАПЧЫГЫҢ БОШТО КАНТИП ТӨЛӨСӨҢ БОЛОТ?

Азыркы шартка ыңгайлашкан заманбап жашоодо адам маселелерди тез чечип, аны ишке ыкчам ашырууга аракет кылуусу талап кылынат. Мындай шартта жашообузду жеңилдетүүчү жаңы технологияларсыз кандайдыр бир иш аткаруу да кыйын. Ошентип рынок мындай кырдаалды дагы тез эле жөнгө салды, тактап айтканда, «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК (KICB) жаңы жана ыңгайлуу кызматты – «ЭЛСОМ» аталыштагы «электрондук капчыкты» сунуштады. Бул эмне экенин бирге чечмелеп көрөлү.
Азыркы учурда төлөм кызматтарын көрсөтө турган бардык жерде төлөм терминалдары, банкоматтары, банктын бөлүмдөрү жана башка орундар болгондугуна карабастан бул процессти абдан ыңгайлуу деп айтуу кыйын. Андан тышкары көптөгөн адамдар үчүн төлөмдөрдү ишке ашыруу өзүнчө эле кыйын иш болуп калды, бул албетте, коммуналдык кызматтар, телекөрсөтүү ж.б. үчүн аягы суюлбаган кезек күтүү, документ толтуруу ж.б. Ушулардын баарынан четтеп, «каалаган убакытта жана каалаган кызмат үчүн аталган маселени толук түрдө чече турган нерсе барбы?» деген суроо туулбай койбойт. Биздин жооп «Ооба» жана бул бир эле сөз – « ЭЛСОМ»!
«ЭЛСОМ» – бул ар кандай кызматтарды төлөөгө жана уюлдук телефон же смартфон аркылуу акчалай которууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген «электрондук капчык» же систем. Ал ошондой эле сиздин жеке «электрондук акча капчыгыңызга» түшө турган керектүү акчалай сумманы накталоого көмөк көрсөтөт. 
Катталып (Мегаком абоненттери үчүн кыска номер *900#, аты жана фамилиясы ИНН – паспорттогудай), «ЭЛСОМ» пайдалануучусу болуу менен сиз кийинки мүмкүнчүлүктөргө ээ боло аласыз:

  • «ЭЛСОМ» – атайын белгиси менен жарнамалары бар өнөктөш дүкөндөрдөгү, ашканалардагы, кафе жана ресторандардагы товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү өткөрсөңүз болот;
  • ЖКХ кызматтары үчүн төлөмдөр;
  • Интернет үчүн төлөмдөр;
  • Кабелдик телекөрсөтүү үчүн төлөмдөр;
  • Ар кандай уюлдук телефондордун балансын толтуруу;
  • Өзүңүздүн «электрондук капчыгыңыздан» банктагы эсебиңизге, ошондой эле башка бардык капчыктарга каражат которсоңуз болот;
  • Акча каражаттарын накталай алуу;
  • Чет өлкөдөн капчыкка акча которууларды алуу;

БИЗГЕ ЭМНЕГЕ КЕРЕК?
Артыкчылыктардын арасынан биринчи кезекте « ЭЛСОМдун» жеткиликтүүлүгүн белгилөө кажет. Кызматтан күнү-түнү каалаган убактыңызда пайдалансаңыз болот. Экинчи кезекте пайдалануунун жөнөкөйлүгүн, тагыраак айтканда, эч кайда барбастан эле кызматтарды төлөсөңүз болот. Болгону колуңузда уюлдук телефон болуп, керектүү төлөмдү жүргүзүшүңүз керек. Үчүнчүдөн, капчыктын төлөм кызматтарынын баасы  дээрлик акысыз. Электрондук капчыкты пайдалануу үчүн уюлдук телефондон интернетке чыгуу зарылчылыгы жок, анткени бардык операциялар *900# номерин терүү аркылуу жүргүзүлөт.
«ЭЛСОМ» – бул банктын төлөм картасы сыяктуу эле, болгону виртуалдуу түрдө, ал пайдаланылган кызмат үчүн төлөмдөрдү Кыргызстан ичинде бир адамдан башка адамга, ошондой эле Орусиянын шаарларынан жана калктуу конуштарынан Кыргызстанга акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күнгө чейин мындай операцияларды аткаруу үчүн адам банкка келүүсү тийиш эле. Бирок «ЭЛСОМ» менен банкка барбай туруп эле капчыкты төлөм терминалынан (KICB, QIWI, Мобильник) толтуруп, аны банктагы акчалай эсебиңизге которсоңуз же өз акчаңызды банкоматтан же жакынкы агенттиктен ала алсаңыз болот. Булардын баары ыңгайлуу, тез жана ишенимдүү түрдө «ЭЛСОМдон»  күтүлүүдө. Эми аны пайдаланып көрүү менен сиз үчүн ал канчалык ыңгайлуу экенин байкап көрүшүңүз керек.

«ЭЛСОМдон» атайын сунуш.
3 ай бою (2014-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин) www.svetofor.kg дүкөндөрүндөгү сатып алууларыңыздарды «ЭЛСОМ» аркылуу төлөп, татыктуу байгенин ээси болуңуз.www.svetofor.kg сайтында интернет-сатып алууларды «ЭЛСОМ» (*900#) аркылуу өткөрүү менен сиз 2000 же 3000 сом суммадагы белек тастыктамаларын ала аласыз. Байгелер чоң көлөмдөгү сатып алуу (сатып алуунун суммасы 20 000 сомдон ашык болсо) же көп сандагы сатып алуулар (жалпы сатып алуулардын суммасы 15 000 сомдон кем болбошу керек) үчүн берилет. Толук маалыматты «ЭЛСОМдун» www.elsom.kg сайтынан ала аласыздар.

Нэлля Джаманбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Akmatov1990
2014-03-24 17:52:17
блайн компаниясында жокпу?
0
tynar92kg
2014-03-26 00:17:18
Бул нерсени кантип кочуруп колдонсо болот. Супер - инфо жардам берсенер.
0
dastan-guka
2014-03-26 11:32:29
Аябай жакшы нерсе экен
0
hakker_a
2014-03-30 21:46:52
тобоо бара бара адамдарды да телефон менен копия кылып калабызбы
0
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан