Темир Назаров: "КАЙНЕНЕМДИ "ЖАНЫМ" ДЕП УЯТ БОЛГОМ"

Алгачкы хит ыры “Туулган жер” менен кыздарды ыйлаткан Темир Назаров учурда үй-бүлөлүү. Ал гана эмес, бир кыздын атасы. Темирдин үй-бүлөдөгү, чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктары үйлөнгөнүнө карабай, селкилердин баарын жадакалса улуу муунду да кызыктырары бышык.

– Темир, кандайсың? Иштериң жакшыбы?
– Рахмат, жакшы.
– Сени акыркы убакта “динге берилип кетти” деп угуп калабыз...
– Бир кыздын атын атап ырдасаң же клипке тартылсаң “ушул кыз менен сүйлөшөт. Жакында үйлөнөт экен” деп, ал эми ыйман ырын ырдап койсоң “молдо болуп кетиптир” деп чыгарып алышат. Динге мурун кандай көз карашта болсом, азыр деле ошондоймун. Беш убак намаз окубасам да, багымдат намазын окуйм. Кандай ишим болбосун, аны таштап жума намазына сөзсүз барам. Анткени жуманы мусулмандардын ыйык күнү деп эсептейм.
– Кызың чоңоюп жатабы? Канча ай болуп калды?
– Кызым төрөлө электе наристелердики эле жыргал, эч нерсе менен иши жок, курсагы ток болсо уктай беришет деп ойлочумун. Көрсө, алардын да өзүнө жараша көзүн ача албай, отура албай, баса албай дегендей, түйшүгү болот турбайбы. Азыр кызым Аманда беш айга толду. Күндөн-күнгө кылыктары чыгып, баарыбызды бакытка бөлөп жатат.
– Кимге окшош?
– Көргөндөр башында апасына окшоштуруп жүрүшчү, азыр кашы меникине окшошуп баратат. Туугандарым дагы “Темирдин эле көчүрмөсү” деп көп айтышууда. Ал эми жооштугу апасын тартса керек. Курсагы ток болсо жата берет. Бир аз эле курсагы ач калса, адаттагыдан 4-5 эсе катуу долуланып ыйлайт. Мунусу мени тарткан.
– Сени “карышкырдын этин жеген ошон үчүн өжөр, жини жаман” деп уктум эле...
– Карышкырдын этин жегеним чын. Чоң атам мергенчи болгон. Мен 2ге чыкканда чала жан карышкырды үйгө алып келиптир. Жаны чыга электе мууздап этин кууруп жеп, мага да берген экен. Ошон үчүн мүнөзүмдө карышкырдыкындай өжөрлүк, арылдап бир тийүү бар. Ата-энем да “жини ушундай жаман, карышкырдын этин жеген да” деп калышат.
– Балаңдын жалаягын жуу­дуңбу?
– Жо-ок, катуу чочуттуң го. Жалаяк жуумак тургай баламды аз көрөм. Бирок түнү ыйласа, сооротконго жардам берем.
– Гастролго чыкканда аялыңды көбүрөөк сагынасыңбы же кызың­дыбы?
– Кызымды жакшы көрүп сагынып отуруп, ушул кызды төрөп берген келинчегим да деп аны кошо сагынып кетем.
– “Жубайы менен 7-класс­тан бери сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн” деген сөз чынбы?
– Мунара менен 6-класстан тарта сүйлөшкөм. Экөөбүз Ош шаарындагы №17 гимназияда бир класста окуганбыз. 6-класска чейин чектен ашкан тентек болдум. Убактымдын баарын балдар менен чүкө атканга, анан мушташканга кетирчүмүн. Бирде колум сынса, бирде башым жарылып эле жүрчүмүн. Ал кезде азыркы Темир Назаров жок. Келинчегим ошондо ошол жөнөкөй, шок Темирди сүйүп калган.
– Кандай күйөө бала болуп жа­тасың?
– Үйлөнгөндөн кийин Мунара экөөбүз кайын журтка барып конок болгондон башка эч нерсе кыла элекпиз. Бирок үйлөнө электе көп кызыктарга туш болдум. Кайненем алтымышка чыгып калса да, үнү жаш кыздардыкындай назик. Мунаранын үнүнө да окшошуп кетет. Телефондон Мунара экен деп 3-4 жолу “жаным, кандайсың?” деп алып уят болгом. Апам “а-а, балам, кандайсың? Мунара керекпи?..” деп мукактанып калчу. Азыр үйүнө барганда ошону эстеп, кайненемдин жүзүн карай албай уяла берем.
– Балдызың кулагыңды чойду беле? Канча калың бергенсиң?
Келинчегим үйдүн кичүүсү болгондуктан, кулагымды эч ким чойгон жок. Калың жөнүндө айтсам, атамдын “жалгыз уулумдун келинчегинен эч нерсемди аябайм. Канча калың десеңер ошончо берем” деп жатканын уккам, анан канча берди чын эле билген жокмун.
– Келинчегиңдин ырдап чыгайын деген ою жокпу?
– Жараткан ар бир адамга өзүнчө шык берет. Келинчегим жакшы ырдайт, бирок кичинесинен эле “ички иштер кызматында иштейм” деп тилек кылыптыр. Ошол тилеги орундалып, Ош шаардык бажы кызматында иштеди. Бирок азыр бала менен үйдө.
– Үйлөнгөнгө чейин Виктория Савченко менен жарандык никеде жашаптырсың го...
– Ошондой имиштер айтылган. Бирок бул сөздөр эч кан­дай чындыкка коошпойт.
– Бойдок кезиңде Темир десе жата калган кыздардын көптү­гүнө өзүм деле күбө болгом. Алардын аягы үйлөнсөң деле тыйылбаса керек...
– Аягы суюлмак түгүл үйлөнгөнүмө ишенбеген кыздар толтура. Жакында эле көчөдө баратсам, бир кыз келип желкеге уруп калды. Чочуп кетип карасам, кыз ыйлап жиберди. Чоң кыз, эмне болду десем, “сиз менен жаңы гана таанышууга белсенсем үйлөнүп алдыңыз да. Жок дегенде дагы бир жылдай үйлөнбөсө керек деп ойлогом” деп ыйлаган боюнча тызылдап чуркап кетти.
– Түрктөрдүн жар­намаларынан сү­рөттөрүңдү көрүп жүрөм. Жашы­руун болбосо канча гонорар төлөп беришет?
– Бул жерде акча анча роль ойнобойт. Кээде алардын мага, менин аларга ишим түшүп калат. Ошондо бири-бирибизге колдоо көрсөтүп турабыз. Андан сырткары, алардын төлөп берген гонорары мени нааразы кыла элек.
– Жарым жылаңач болуп түш­көн сүрөттөрүң бар эмеспи. Бул сүрөттөр кимдин идеясы болгон?
– Өзүмдүн эле идеям. Аябай толуп кетип, спорт залга барып жатып араң арыктагам. Ошондо дагы толуп кетсем эстелик болот деп сүрөткө түшүп койгом. Дене-мүчөм менен мактанайын деген деле оюм жок болчу.
– Мурунку продюсериң Канат Култаев менен урушканыңды эстеп уялбайсыңбы?
– Чынында, уялбайм деле. Анткени Алла Таала иштешип жүрүп ушинтип урушуп кетесиңер деп маңдайга жазып койгон да. Андан качып эч кайда кете албайбыз. Азыр Канат байке экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Ошко келсе мен ага, Бишкекке барсам ал мага жардам берет.
– Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
– Кызыма арнап ыр жазгам. Жакында эле ал ырга клип тарттырып бүттүм. Күйөрмандарым буюрса, бир жуманын ичинде күбө боло алышат.
– “Аллах” деген ырыңдын клиби кайда тартылган?
– Алла, ыйман жө­нүндө жазылган ырды көпкө издедим. Акыры обону Мирлан Ниязовго, сөзү Алтынбек Алымовго таандык ошол ырды таап алдым. Клип болсо Ноокат районунун Абшыр-Ата шаркыратмасында жана Абшыр көлүндө тартылган. Ал эми кийим жана колумдагы теспе жакын тааныш эжемдин жаңы эле Меккеден келген баласыныкы.
– Чет жерге кетейин деген оюң жокпу?
– Айрым ырчылар чет жерге барып, алтын медаль алып келсе эле бийликтегилерге таанылып, акчалай сыйлык, үй алышат экен. Мен деле Түркияда өткөн Эл аралык фестивалдарга эки жолу катыштым. Биринде лауреат болсом, экинчисинде алтын диск жеңип келдим. Чет жерге ушундай сынактарга катышканы эле барбасам, иштейин же отурукташып калайын деп эч качан аттанбайм.
– Баса, “мурдума операция жасатканы жатам” дедиң эле. Эмне болдуң?
– Өткөн жылдын 3-сентябрында мурдума биринчи жолу операция жасаткам. Экс-кикбоксчумун да. Мелдештердин биринде оор жаракат алгам. Ошонун залакасын азыр да тартып жатам. Экинчи жолку операция да ойдогудай өттү.
– Рахмат маегиңе, жагымдуу ырларың менен күйөрмандарыңды кубантып жүрө бер.

Кыска, нуска...

  • Шоу-бизнесте эч ким менен атаандашпайт.
  • Келинчегинин өзүнө жакпаган сапаттарын акырын түшүндүрүп айтып жүрүп жоготкон.
  • Камыр тамактан башкасынын баарын жасай алат.
  • Съёмка болордо гана “беттеги безеткилерим көрүнбөсүн” деп крем-пудра сүйкөйт.
  • Алладан, анан жакындарын жоготуудан коркот.
  • Өмүрүндө үч жолу ыйлаган.
  • “Баары эле саясатчы, жетекчи болуп кетишсе ким иштейт?” деген ою күч болгондуктан, эч качан саясатка аралашкысы келбейт.
  • Кыргыз ырчыларынын ичинен “Кыз-Бурак” тобун, Актан Исабаевди, Ибрагим Жунусовду жактырат.
  • Максат Бегалиев менен үй-бүлөлүк катышта.
  • «Жаңыдан чыгып келаткан ырчылардын бирөөсүнүн да таланты жок» деп эсептейт. Ошондон улам продюсер болуу оюнда жок.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
miki98
2011-08-25 21:29:43
жакшы.мага жакты келинчегинин кемчилигин акырын айтып таштатканы.молодес анан аялы кандай кабыл алды экен ээ.
0
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан