«АРАШАН» ТОБУ ЭСИҢИЗДЕБИ?

Жүрөктө калган жылдыздар

“Алтын балалык, бизди ойноткон,
Бизге билгизбей, сүйүүмдү ойготкон...”
- деген саптар мындан жыйырма жыл мурун, башкача айтканда, 80-жылдардан тарта хит болгон. Жаштар да, карылар да эргүү менен ырдаган «Алтын балалыкты» «Арашан» тобу ырдап чыккан эле. Азыр ал топ кайда? Эмне иштер менен алек? Бул суроолорго жоопту аталган топтун ырчылары, түгөйлөр Ашым Абдиев менен Жумагүл Нууевадан алдык.

– Ашым байке, “Арашан” тобунун уюшулганына канча жыл болду?
– Бул топтун өмүр тарыхы отуз жылды артка таштады. “Кыз-Бурак”, “Досум Үсөн” топтору менен жашташ десем болот.
– Жумагүл эже, топтун алгачкы карлыгачтарынан болсоңор керек...
– Кыз-келиндер институтун аяктап, мугалим болуп Ат-Башыга бардым. Ошондо телевидениеде “Арашан” тобунун жарым саат­тык концерти болмок экен. “Арашандын” жетекчиси Дүйшөнбек Кыдыков менин ырга жөндөмдүү экенимди байкап калган окшойт, топко кошулушумду суранды. Макул болуп топко кирдим. Ашым да жаңы эле гитарачы болуп кирген экен. Топтун жетекчисине “Алтын балалык” деген ырды сунуштап, кыз-жигит болуп ырдаш керек дедим. Сунушумду бирөөсү да көңүлдөнүп колдогон жок. Бирок макул болушту. Биринчи жолу телевидениеге ырдап чыгарыбыз менен «Алтын балалык» хитке айланды.
– Ашым байке, топко кандайча келип калдыңыз эле?
– Аскер кызматын өтөп келгенден кийин бир аз кыргыз циркинде жарык берүүчү болуп иштедим. Музыка чыкса эле жүрөгүм элеп-желеп болуп, өзүмдү ошол музыканын ыргагында учуп жүргөндөй сезчүмүн.
Жумагүл: Жарык бергенден сырткары чет өлкөдөн ар түрдүү аюу, пил сыяктуу жаныбарлар келет эмеспи, ошолордун кыгын тазалап да иштеген.
Ашым: – Эми ушуну айтпай эле койсоң эмне болот?! Ошентип, кичи мекеним Ат-Башыдан чыккан “Арашан” тобуна кирип гитара чертип калдым. Карасам тыкылдап Жумагүл деген тың кыз жүрөт. “Алтын балалыкты” чогуу ырдап калдык. Ырдап жүрүп акырындык менен ортодогу мамиле сүйүүгө айланды.
Ж: – Башында Ашым “Алтын балалыкты” жөн ырдабайт десең. “Алтын балалык, төшөк салалык, жатып алалык” деп. Катуу жиним келди. Агайга барып, агай бул балаңыз менен ырдабайм. Сөзгө маани бербей эле уят сөздөрдү ырдай берет экен дедим. Агай урушту эле оңолуп калды. Ошентип, Ашым экөөбүздү “Алтын балалык” табыштырды.
– “Арашан” тобу мурун гана эмес, азыр дагы жалаң жандуу үн менен ырдайт” деп угам...
А: – Уюшулган күндөн азыркыга чейин жалаң жандуу үн менен ырдайбыз. Азыр Жумагүл тойлорго тамада болуп, мен музыкант катары иштейбиз. Кайсы тойго барбайлы, баары сөзсүз “Алтын балалыкты” ырдап койгула” деп суранышат. Жумагүл жүзгө жакын ырды жандуу үн менен ырдайт.
– Жашыруун болбосо, бир тойду канчага тейлейсиңер?
Ж: – Айыл жеринде шаар­­­да­гыдай доллар жок да. Көңүлдөн чыккан акчаларын беришет, 10 миңге чейин. Нарын жериндеги тойлордун баары бизсиз өтпөйт. Акыркы убакта жандуу үн менен ырдаганыбызды жактыргандар Ысык-Көл, Чүй аймагына чейин “экологиялык жактан таза экенсиңер” деп алып кетишүүдө.
– Тойлорго чакырык алгандан сырткары “Арашан” тобунда да ырдайсыңарбы?
А: – Ооба. “Арашан” тобунун милдети “тиги чоң келатат, бул чоң келатат” десе, аларды тосмой. Райондук деңгээлдеги майрамдарды уюштуруу. Айлыгыбыз Жумагүлдүкү 3 500, меники 2 500 сом. Алган акчаларыбыз балдарды бакканга жетпегендиктен, чакырган тойлордон калбаганга аракеттенебиз.
– Канча балаңар бар?
Ж: – Төрт балабыз бар. Жазнура деген кызым азыр 7-класста окуйт. Ошол кызым жети айлык боюмда барда кыламык карга тайгаланып, бутумду сындырып алгам. Балдакчан жүрүп төрөгөндүктөн, укмуш кыйналдым. Бирок баары артта калды. Балдарыбыздын улуусу бойго жетти дегендей. Бир гана өкүнгөнүм – жетекчибиздин музыкалык билими жоктугунан “Арашан” тобунун ар кандай сынактарга катышпаганы.
– Репертуарыңарда канча ыр бар? Азыр канча адам иштейсиңер?
А: – Репертуарыбызда башка ырчылар ырдабаган он бештей ырыбыз бар. Ошонун ичинен хит болгону “Алтын балалык” менен “Он сегиз жаш”. “Он сегиз жашты” мен Зейнеп Шакеевадан башкача ырдап чыккан элем. Учурда топто беш адам иштейбиз.
– Ашым байке, Жумагүл эже, алыстан ат арытып келип маек куруп бергениңерге рахмат. Бар болгула!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан