Өмүрбек Текебаев: «АПАМДЫН ПАЛООСУНУН ДААМЫ СОНУН»

Апам жапкан нанды сагындым

Атактуу ойчул Эзоп эне тууралуу мындай деген: “Мен аялзатынын эки түрүн билем. Алардын бири бизди сүйдүрүп азапка салса, экинчиси азабыбызды тартат. Азабыбызды тарткандардан мен бирди гана билем. Ал – менин энем!»
Ооба, азабыбызды тарткан, кандай бийиктикке жетсек, ошол нерсенин баарына салым кошкон биздин жаркын апабыз экени айтпасак да белгилүү. Бул жолу энелер тууралуу балладага үн кошкон адам, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев болмокчу.

«Атымды ырымдап коюшкан»

– Менин апамдын аты – Тилла. Өзбектин сөзү, “алтын” дегенди тү­шүн­дүрөт. Апам турмушка 17 жашында чыккан экен. Ар мезгилдин өзүнчө түшүнүктөрү болот эмеспи. “Чиркеш, сен жаш кызга үйлөнүп алдың. Бул үчүн соттоп жибериши мүмкүн”,- деп бирөө айтса, атам эл каттоодо апамдын жашын үч жашка чоңойтуп коюптур. Апабыз күнү кечке жумушта болор эле. Талаага таң атканда кетип, үйгө күн батканда келчү. Кээде уктап калып, апамдын келип-кеткенин да сезбей калар элем. Тракторго түшүп алып келин-кесектин бардыгы талаага жөнөп жатканы азыр дагы көз алдымда. Мени көбүнчө чоң энем, анан атамдын карындашы бакты. Апамдын менден мурунку эки баласы кичине кезинде чарчап калган экен. Ошондуктан “өмүрү узун болсун” деп, атымды Өмүрбек коюшуптур. Ошентип, мен акжолтой бала болуп, аркамдан эки уул ээрчитип келгем.

«Апамдын тамагы...»

– Ошол учурда элдин турмушу жакшы оңоло элек кез болсо керек. Палоо майрамдарда гана болчу. Ал эми башка күндөрү кадимкидей эле камыр жууруп, аны үлпүлдөтө жука жайып күнгө кургатчу. Кургагандан кийин бизге таш менен аябай майдалатып алчу. Ошону казанга кызарта кууруганда бадырайып, көрүнүшү да кооз болуп чыгар эле. Анан сүрсүгөн эт менен сонун кылып кууруп, дымдап берчү. Биз аны камыр палоо деп койчубуз. Ошол камыр палоонун даамы биздин балалыктын даамы сыяктуу сезилет. Апам колхоздун ишине да, тиричиликке да жетишчү.

«Капа болгонумду сураба»

– Апам эмгекчил, чыдамкай, намыскөй, мээрман аял эле. Биз чыныгы патриархалдык үй-бүлөдө тарбияландык. Атамдын айтканын эч ким, эч качан четке кага алчу эмес. Апам экөөнүн бир да жолу урушуп же айтышып кеткенин уккан эмесмин. Биз төртүнчү же бешинчи классыбызда окуудан бошоп пахта терчүбүз. Норманы аткарбагандарды мугалимдер ортого чыгарып алып уят кылар эле. Мен болсо пахта тергенди аябай жаман көрчүмүн. Апам, тескерисинче, пахта терүү боюнча алдына киши салчу эмес. Бир жолу балам дагы уят болбосун дегенби, айтор, мен терген пахтанын үстүнө 10-15 килограммдай кошуп койгон экен. Мени кубанат деп күтсө керек. Ошондо намыстанып капа болгонумду сураба. Андан кийин апамдан бир-эки жолу жардам алдым. Анан өз нормамды аткарууга чымырканып иштей баштадым. Бул апамдын чымырканып иштөө үчүн мага жол көрсөтүүсү, белеги болду. Белеги дегеним, ошол окуядан кийин ар бир адам өзү үчүн жооп бериши керек экенин түшүндүм. Ошондон кийин апамды бир да жолу уят кылган жокмун.

«Кичинекей топу, күмүш чолпу»

– Мен аскерге баратканда чоң апамдын чолпу­сундагы күмүш тыйынды эстеликке алып кеткен элем. Үйдү, апамдарды сагынганда ошол чолпуну карап, жаным жай алар эле. Балээ басып ошол чолпуну жоготуп алып, катуу кейигеним эсимде.
Кичине кезимде апам мага түстүү топуну өз колу менен тиккен экен. Тез-тезден жуулгандыктан болсо керек, аябай кичирейип кеткен. Кийин менин балдарымдын бардыгына ошол топуну кийгизүүнү адат кылып алгам.

«Апам – төрүбүздүн куту»

– “Кайнененин камырынан” деген кеп бар го. Ошонун сыңары жубайым Айгүлдүн апамдыкына окшош сапаттары көп. Өтө намыскөй, эмгекчил, чыдамкай адам. Азыр апам төрүбүздө отурган кутман кары. Мен өзүмдүн эле апама эмес, бардык апаларга тынчтык, бейпилдик тилейм.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан