«БАЙ ТҮШҮМ» БАНКЫ МЕНЕН ҮЙҮҢҮЗДҮ ЖЫЛЫТЫҢЫЗ

Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстандын каржы рыногунда банктар өз деңгээлине жараша ийгиликтерди жаратып келе жатат. Алардын катарында кесипкөйлүгү жагынан да, тейлөөсүнүн ар тараптуулугунан да чоң ийгиликтерге жетишип, учурдун талабына ылайык жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу менен аны каржылоо маселесин өз мойнуна алып келе жаткан «Бай Түшүм» банкы да бар. Аталган банк бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 7 эң ири банктын катарына кирип, 32 миңден ашуун кардарга кызмат көрсөтүп келүүдө. «Бай Түшүм» банкы калкыбызга пайдалуу болгон кезектеги дагы бир жаңы «Энергосарамжал» насыясын иштеп чыкты.

«ЭНЕРГОСАРАМЖАЛ» НАСЫЯСЫ
Өлкөдө жылуулук булактарына колдонуунун баасы өсүп, энергетикалык коопсуздук көйгөйлөрү убакыт өткөн сайын актуалдуу болуп бара жатат. Сууктун түшүшү менен миңдеген жарандарыбыз электр энергиясынын өчүп калуу коркунучуна жана андай убакта үйлөрүн кантип жылуулоо маселелерине туш болушат. Бирок бул көйгөйлөргө карабастан, кыргызстандыктар энергетикалык ресурстарды үнөмдүү пайдалануу үчүн жекече аракеттерге бүгүндөн баштап эле киришсе болот. Ал тургай өз чөнтөгүнө киреше да түшүрө алат.
«Бай Түшүм» банкы өлкөдөгү турак жайларда, мекеме-ишканаларда жылуулукту сактоочу долбоорлорду ишке киргизүүнү каржылык жана техникалык жактан колдоого алуу максатында 2014-жылдын февраль айынан тартып «KyrSEFF» программасы менен иштеп баштаган. Банктын «Энергосарамжал» насыясы кардарларына үйлөрүнө, батирлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүдө жылуулук сактоочу терезелерди, эшиктерди, жылыткыч, меш орнотуу, дубалдарды, полду жана чатырларды жылуулоо үчүн пайдалуу каржылоо алууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Долбоордун эң сонун өзгөчөлүгү – насыянын суммасынын 10 пайыздан 35 пайызга чейинкисин грант түрүндө алуу мүмкүнчүлүгү. Башкача айтканда, кардар «Энергосарамжал» насыясынан үйүн жылуулоо үчүн канча суммадагы акча алса, насыя төлөнүп бүткөн соң ошол сумманын 10дон 35 пайызга чейинки суммасын кайра грант катары кайтарып ала алат. Буга кошумча «KyrSEFF» программасынын негизинде насыя алгандарга акысыз кеп-кеңеш, техникалык жардам да көрсөтүлөт.

ИЙГИЛИК ТАРЫХЫ
Каарманыбыз Болот «Бай Түшүм» банкынын туруктуу кардары. Ал өз үйүндө энергонатыйжалуу, жылуулукту сактоочу терезелерди орнотууну көптөн бери эңсеп жүргөн. «Энергосарамжал» жаңы жана пайдалуу насыясы жөнүндө билген соң «KyrSEFF» программасынын адистеринен кеңеш алган. Чыгымдардын сметасын тез арада түзүп, «Бай Түшүм» банкынан бир жылдык мөөнөткө 100 миң сом суммасындагы насыя алды. Пластикалык терезелерди сатып алууда жана орнотууда Болот программанын бардык шарттарын аткарып, «KyrSEFF» тарабынан 20 миң сом грант алды. Ушинтип ал үйүн жылуулап, насыя боюнча пайыздык чыгымдарды жаап, буга кошумча дагы
20 миң сом (20 миң сом (утушу) – 12 313 сом (алган
100 миң сом насыянын пайызы) = 7687 сом (чөнтөгүндө кошумча калган акчасы))
утушка ээ болду.

НАСЫЯНЫН ШАРТТАРЫ:

  • Валютасы – сом.
  • Жылдык пайыздык чени 19дан 24 пайызга чейин.
  • Насыянын суммасы 20 миң сомдон 5 миллион сомго чейин.
  • Насыялоонун мөөнөтү 3 айдан 5 жылга чейин.
  • Жекече салым талап кылынбайт.
  • Камсыздоо:
    • 150 миң сомго чейинки насыя каражаты 12 айга чейинки аралыкка 2 адамдын кепилдиги астында күрөө талап кылынбай берилет.
    • 300 миң сомго чейинки насыялар кыймылдуу мүлк жана 1 адамдын кепилдиги менен 36 айга чейинки мөөнөткө берилет.
    • 300 миң сомдон жогорку насыялар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү күрөөгө коюу менен берилет. Ал эми топтук насыяны каттоодо күрөө талап кылынбайт.
  • Камсыздандыруу талап кылынбайт.

«ЭНЕРГОСАРАМЖАЛ» НАСЫЯСЫН КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?

  • «Бай Түшүм» банкынын жакын арадагы кеңсесине же Call борборуна (0312) 905 805 телефону аркылуу кайрылыңыз. Банктын адистери насыя алуунун шарттары жана ырааты жөнүндө сизге кеңири маалымат беришет;
  • www.kyrseff.kg сайтында жайгаштырылган жана программанын эксперттери тарабынан колдоого ээ болгон тизмедеги сизге керектүү жабдууларды, материалдарды тандап алыңыз;
  • Өзүңүз пайдаланууну көздөп турган жабдуулардын жана материалдардын тизмесин даярдаңыз;
  • Жабдууларды же материалдарды ала турган компания менен байланышыңыз жана бааларын тактаңыз;
  • Гранттын эсебин алдын ала чыгаруу үчүн объектини жылуулоонун сметасын түзүңүз;
  • «Бай Түшүм» банкына насыя алуу үчүн даярдаган документтериңизди тапшырыңыз.

Ширин Турдакунова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан