Адамзатын жоголууга жетелеген эң коркунучтуу сапат – кайдигерлик. Ата баласына, бир тууган бир тууганга, бала ата-энеге карабай, ал тургай өмүрлөрүн да кыйып жатышат. Ал эми эне болуп туруп наристелерди уруп-соккон аялдар тууралуу төмөндө кеп болсун.
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун тургуну, Нургүл аттуу 32 жаштагы аял өзүнүн өгөй кызынын 9 айлык баласын сабап, мындан улам наристени ооруканага жеткирген. Окуя туурасында маалымат укук коргоо органдарына жетип, алар шектүүнү үйүнөн барып кармашкан. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат катчысы МЕДИНА СУЛТАНАЛИЕВА төмөнкүдөй маалымат берди.
– 17-март күнү Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасына эки аял 9 айлык эркек баланы «сасык тумоолоп калды» деп алып келишкен. Медицина кызматкерлери балага алгачкы жардам көрсөтүп, тиешелүү документтерин сурагыча эле баланы алып келген аялдар из жашырып кетишкен. Бул окуяда түшүнүксүз жагдайлар бар экенинен шектенген дарыгерлер баланы текшерүүгө алышып, ымыркайдын башында, денесинде токмоктон алган жаракаттар, көк ала тактар бар экенин байкашкан. Дароо укук коргоо кызматкерлерине кабарлашып, алар баланы таштап кеткен аялдарды табышкан. Алар: Нургүл Абдынур кызы аттуу 32 жаштагы аял жана анын кошунасы болуп чыккан. Нургүл Абдынур кызы жабыр тарткан 9 айлык Эльхан Өмүрбек уулунун өгөй таенеси экен. Кийин тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, Нургүлгө анын өгөй кызы 9 айлык уулун карап турууга таштап, өзү Бишкек шаарына иштегени кеткен. Кылмышка шектүү Нургүл Абдынур кызынан баланы сабоого эмне себеп болгонун сураганыбызда «жөн гана көп ыйлагандыктан тажап кетип чымчылап, ура бергем» деп жооп берди.
Учурда кылмышка шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен ден соолукка атайылап залал келтирүү) жана 161-берене (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул ишти тергеп жаткан Ат-Башы РИИБинин тергөөчүсү АЗАМАТ КАЛЫБЕКОВго да кайрылып, суроолорубузга жооп алдык.
– 9 айлык Эльхан Өмүрбек уулунун апасы Кундуз Бекенова Бишкек шаарында жашап турган. Азыр кылмышка шектүүнү туугандары Ат-Башы райондук сотунун токтомунун негизинде өздүк кепилдик менен үйүнө чыгарып кетишкен. Тергөө иштери болсо өз нугунда уланып жатат.
Ал эми Эльхандын апасы Кундуз Бекеновага байланышканыбызда, ал «бул жерде эч кандай кылмыш жок. Уулубуздун башында мурда эле гематома бар болчу. Үйдөгү кичине кыз колунан түшүрүп алып, анан басылбай ыйлаганда ооруканага алып барышкан экен. Өзүбүздүн үй-бүлөдөгү маселени ич ара эле чечип алабыз. Учурда Эльхандын абалы жакшы, ооруканадан чыгарып кеткенбиз. Анын ден соолугу боюнча эч кимге дообуз жок» деп билдирди.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg