«САБАЛГАН КЫЗЫМ УКПАЙ, КӨРБӨЙ КАЛДЫ»

НАРИСТЕНИ САБАГАН АЯЛ 17 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
Гезитибиздин мурунку сандарында Гүлмира Дубанаева аттуу айым кайнисинин 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын багып берем деп алып, катуу токмоктоп, уруп жүргөнү тууралуу макала жазган элек. Анда Гүлмира Дубанаева Мирананы токмоктоп, аны ноябрь айындагы суукта дагарадагы муздак сууга салып эшикке алып чыгып койгондугу ачыкталган. Кирдин суусун ичирип жүргөнү да айкын болуп, бул окуя элдин үрөйүн учурган эле.
Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту бул кылмышы үчүн Гүлмира Дубанаеваны 17 жылга эркинен ажыратты. Кыздын учурдагы абалы менен таанышалы деп Мирананын апасы БАКТЫГҮЛ ТАШТАНБЕКОВАга жолуктук. Учурда ал экинчи наристесин күтүп жатыптыр, ал эми Мирананын абалы болсо дагы деле көңүл жылытарлык эмес.
– Жеңемди сот 17 жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары 229 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөтүп берүүгө өкүм чыгарган. Учурда кызымдын ден соолугу кабатыр кылып жатат. Азыр 2ге чыкты, ооруга кабыла элегинде тили чыгып калган. Эми болсо сүйлөбөйт, баспайт, кулагы укпайт, көзү да көрбөй калды. Отура да албайт, аркасына жаздык коюп, коляскага жөлөп-таяп отургузам. Көр тириликтин айынан жеңеме таштап кетсем, жакшынакай чуркап жүргөн кызымды жарым жан кылып колума салып берип койбодубу.

«ӨЗҮМӨ ДА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
– Мирананы кесарево жолу менен төрөгөм. Кызым чоңойгуча эле экинчиси боюмда болуп калды. Тиричилик оор болуп жатса, үй-бүлөнү туура пландаштыралы деп мөөнөтү азыраак кезинде алдырып салуу үчүн ооруканага бардым. Дарыгерлер «мурунку кызыңды кесарево менен төрөптүрсүң, сага алдырганга болбойт. 5 миң сом берсең, башка оңой жол менен алып салабыз» дешкен. Мен ошого бир аз акча чогултсамбы деп иштеп жүргөм. Аңгыча эле Мирана минтип кырсыктап, анан анын түйшүгүнө малындым. Кош бойлуу экениме 8 ай болуп калды. Доктурлар «муну да кесарево жолу менен төрөйсүң» деп жатышат. Өзүм операция болсом, мен айыкканча Мирананы ким карайт, билбейм. Себеби азыр анын абалы өтө оор. Колдору дайыма калтырап турат.
Врачтар «кызыңдын башында суу бар, нерв системине доо кетип, мээсине эт өсүп кеткен. Кийинки операция дагы 3 айдан кийин жасалат. Бул убакытта башындагы суусу бир аз азайса, анда операция жасабай эле дарылайбыз. Эгер жылыш болбосо операция жасап, анын жыйынтыгын дагы бир аз күтөбүз. Ага да болбосо, чет өлкөдө жасалуучу операцияларды сунуштайбыз» дешти. Эми чет мамлекетке темселетпесе экен деп күнү-түнү кызымдын ден соолугун тилеп жатам. Боюн кармап бутуна тура албай калганынан жүлүнүнө да доо кеткенби деп коркуп жатам. Себеби жеңем Мирананы дубал сүздүрүп токмоктоп, желкесинен кармап так көтөрүп туруп жамбашы менен жерге таштап салган экен. Ошондо чычаңы менен катуу тийип, жүлүнүнө доо кеттиби деп ойлойм. Бирок врачтар «жүлүнү жакшы эле экен» деп жубатышууда.
Ушундай жиндиликтин кимге кереги бар эле? Өзү деле минтип 17 жылга кесилип, түрмөнүн түбүнө түштү. Өзүнүн да 3 жана 1 жаштагы уулдары бар болчу. Аларды атасы убактылуу балдар үйүнө өткөрүп берип салды. Бейкүнөө менин кызым минтип чала жан болуп калганы аз келгенсип, анын да 2 баласы энесинин кылган ишинен улам тирүүлөй жетим болуп отурушат.

«МИРАНАГА ЖАРДАМ КЕРЕК»
– Доктурлар «убакыттын өтүшү менен кызың жакшы болуп кетет» деп үмүттөндүрүп жатышат. Колдорунун калтырагы азайса болот эле. Бул көрүнүш мени өзгөчө кабатыр кылат. Өзүмдүн колумда, көз алдымда кыйналып жаткан кызымды көргөн сайын заманам куурулуп, түбүң түшкөн дүйнөгө наалат айтып жиберем.
Ушундайда жардамга келип, кол сунган жакшы адамдар бар экен. Өзүбүз эптеген тиричилик менен күн көрүп жатканда кызымдын дары-дармегине 10 миңдеген акча каражаты сарпталууда. Кимдир бирөөлөр үчүн, балким, бул болбогон эле суммадыр. Бирок бизге оор эле. Эл арасынан кол сунуп жардамга келген боорукер адамдар акча чогултуп, 12 күндүк дарыланууга жеткидей каражат беришти. Дагы бирөөлөр «кош бойлуу экенсиң, баспаган балаңды көтөрө албайсың» деп коляска сатып беришти. Ооруканада да стационардык бейтап деп бекер дарылап жатышат. Учурдан пайдаланып баарына ыраазычылык айтат элем. «Жардам беребиз, банктан эсеп ачтырып, акча которуучу эсебиңди жарыяласаң болот эле» дешкенинен кечээ жакында эсеп ачтырып койдум. Кайдигер карабагандар болсо, колдорунан келген жардамдарын беришеби дейм.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
9 айлык баланы таманына ийне сайып кордогон
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (79)
dinajanka
2014-04-03 16:35:49
Кудайым озу сактасын...
0
Larry
2014-04-03 22:13:45
Mykachy ayal Eken kantip jurogu chydady biroonun balasyna kol tiygizgenge alga da Kudai bar..... Bul naristege shypaa bersin Kudaiym balbyldap suilop kalsyn !
0
street
2014-04-04 00:21:22
Баланы бага албагандан кийин эмнеге торойсунор деймда,ойлонуп туруп уй було куруш керекко дейм,баланы ар кимге таштап кор кылбай.
0
kurguz...
2014-04-04 03:56:04
Акмактын колуга берген ене озу акмак бирин багалбай жатып еле кайра кош бойлуу!
Менин оюм ене куноолу тородунбу кара бак 18ге толгончо.
0
Aygul
2014-04-04 11:19:39
Ал аял кандай аял болду экен? Озунун деле балдары бар экенго.
0
A_l_i_b_e_k
2014-04-04 14:17:56
Жаман болуптур, көзүмөн жаш тегеренип кетти. 17 жылга кесилгенине абдан сүйүнүп жатам. Эми жетет болуш керек, жете турган жерине.
0
isamurai
2014-04-04 17:43:53
кыздын апсына тушунбодум кызды бергенден кийин кабар алып турбадыбы экен бир эле кундо мындай абалга келбесе к-к наристе байкуш абысынын мурун таанычубу экен же психушка абысынын билип туруп ошонун колуна карматып бердиби экен
0
3661390
2014-04-05 01:43:10
кандай номерге чалып жардам берсе болгудай мен корбодум окшойт жазып койбойсунарбы
0
admin_media
2014-04-07 13:42:45
3661390,
Саламатсызбы! 0771 30 09 83 номерине чалып байланышсаңыз болот.
0
Oceana
2014-04-05 12:51:55
Kudaaiym aai ozun sakta,aiygyp ketsin.
0
Iloveyou-92
2014-04-06 01:10:18
Кудайым оз шыпаасын берсин айыгып кетсин.Кудайым буйруса баары жакшы болот.
0
Chtc
2014-04-06 17:14:43
Кичинекейге кудай ден соолук берсин! Кыз экенде бары жакшы жаман катын кайдан чыгат деген ушул да. Гүлмира кичинекейинде серейген татынакай эле кыз эле.Чоң атасы менен чоң атасы кандай жакшы адамдар эле.Адамды ата-энеден да турмуш көбүрөөк тарбиялайт окшойт.Тагдырына таарынган көйгөйлөрү болсо керек. Бары бир ошол көйгөйлөрүн алсыз наристеден чыгаруу бул айбандык!
0
alatookg312
2014-04-06 17:40:10
Мунун баары сериалдын айынан болсо керек бая куудулдар айтмакчы сериал башталды дегенде женелерибиз баланын уйкусу келдиби келбедиби баари бир бешикке салатта катуу тербетип байкуш баланын башы бешиктен бир биякка чыгып бир тиякка чыгып башы айланганынан уктап калат
0
Айнура Салахидинова
2014-04-06 19:15:48
Мирана жакшы болуп кетсин! Колдон келишинче жардамыбызды аябайбыз. Аллахым шыпаасын берсин! Банктагы эсебинин номерин жазып коюнуздарчы, сураныч!
0
arishka
2014-07-07 19:39:26
Мындай нерсе эч качан кечирилбейт, жузу кара.
0
admin_portal
2014-08-07 09:17:40
nurjana83 - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөдү калтырууга тыюй салынат.
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан