УКТА, БАЛАМ, БЕШИК ЫРЫН ЫРДАЙЫН, УГУП ӨСКҮН АПАКЕҢДИН ЫРЛАРЫН

Жылдыздар турмушунан

«Жакшылыкты көздөгүнүң жана да,
Төрт нерсени төрт адамдан аяба.
Жардыга – пул, акылсызга – акылды,
Карыга сый, оюнчукту балага...» деп чыгыш аалымы айткан экен. Анын сыңарындай, кан-жанынан бүткөн баласын канатына калкалап, бөпөлөгөн ата-эне наристеси үчүн баарына даяр. Атактуу айымдарыбыздын бири жаңы эле төрөп көкүрөгүнө сүт толуп турса, экинчиси баласынын кылык-жоругуна кубанып, күлкүсүнө арбалып турган чагы.


Айчүрөк Иманалиева: «Эң көп каражатты кызыма коротом»

– Тун уулум Аргенди 19 жашымда төрөгөм. Анда өзүм да бала эле экенмин. Кийинким Арленди төрөрдө атайын борбордун так ортосунан 4 бөлмөлүү үй алып, бардык шартты түзүп алган элем. Кыйынчылык көрбөдүм. Балдарымды агамдын кызы карачу. Аны “няня” дешет эле. “Нянясы” турмушка чыгып кетти. Эми кичинекейим Аэлита тойдо да, концертте да жанымда. Атасы экөөбүздүн тапкан акчабыздын жарымы эле балдарга кетет. Чынында, эң көп каражатты кызыма коротом. “Народный” дүкөнүн сөөмөйү менен көрсөтүп тура берет. Дү­көн­гө кирип, каалаганын алгычакты жаныбызды койбойт. Телевизор көрүп отурсак тентектик кыла берсе какыс-кукус кылып, ай, мобул ырды уксаң, сонун ырдап жатат десек, “я так не думаю” деп кишини өчүрөт. Башкадан аясам да, баладан эч нерсени аябаймын. Балдарыма жалаң сапаттуу кийимдерди кийгизем.


Неля: «Уулумду эч кимге бактыргым келбей жатат»

– Нурэл кайната, кайненемдин да, апамдын да тун небереси болгондуктан, баарыбыз айланып турган чагыбыз. Оюнчук ойной албаса да, оюнчуктардын баарын үйгө толтуруп койдук. Кыскасы, атасы баш болуп чоң ата, чоң энелери, таенеси керектелүүчү бардык кийим-кечекти белендеп жаткан чактары. Кээде отуруп азыртадан каалаганын каалагандай кыла берсек эрке болуп калабы деп да коркуп кетем. Нурэл – жоош. Бала жыты ушунчалык керемет экен. Уулумду эч кимге бактыргым келбей жатат. Бирок кичине торолуп , 7-8 айга толсо анан жакын тааныш адамга каратып, өз ишимди улантсамбы деп турам.


Роза Шакирова: «Баламды атасынан кызганам»

– Уулум Русланды эжемдин кызы карашат. Атасы уулубузга бардык шартты түзүп берген. Кызыгы, балам мени да атасын да “папа” дейт. Күндөн күнгө кылыгы чыгып бизди кубантып турган чагы. Оюнчук машинасы бар, ага түшүп алып зуулдатып ойносо садагалап калам. Сахна адамы эмеспизби, концерттерге жөнөгөндө баламды таштап кетем. Эки көзүм баламдан өтүп шашып-бушуп келгендиктен 5-кабатка кантип чыкканымды да билбейм. Келип эле баса калам. Уктап жатса да, ойготуп моюнунан жыттабасам моокумум канбайт. Атасы да сагынып келет. Руслан атасы келсе мени таптакыр карабай калат. Анда мен кызганып кетем.
Русланды сыртка көтөрүп чыксам эле кирине кирип калат. Ошон үчүн кээде ырымдап атайлап бетин жуубай, кир кийимдерин кийгизип көтөрүп чыгам.


Айжамал Кабылова: «Мен ырдасам кызым кошо ырдайт»

– Жыпарым атына заты жарашкан жыпар кыз. Мен аны «сасыгым, күчүгүм» деп эркелетем. Атасы да жан-алы калбай эркелеткенге сөз таппай кетет. Төрөгүчө эле сахнадан түшпөй жүрдүм окшойт. Ошондон уламбы, кызым мен ырдасам кошо кыңылдап калат. Негизи, бала багуучуга ишенбейм да, ошон үчүн Жыпарды өзүм бактым. Учурда тиши чыгып, күндөн күнгө өнөрү күчөп турган кези. Атасы алыста болгондуктан, күнүгө телефондон “тиши чыкса тишин сүрөткө тартып жөнөтүп жибер” дей берет. Базарга барганда 3-4 миң сом эле Жыпарага керектелет. Мурда базар аралап өзүмө бир нерсе издесем, азыр эмне жакшы көрүнсө ошону кызыма деп ала берем. Үйдө кыз жок болгондуктан Жыпар эркек балдарга көп жакын. Биринчи эле “ата” деп тили чыкты. Апа дечи, кызым, десем да, апа дебей жатпайбы. Анан да банан менен балыкты танбай жегенин кантейин.


Назира Айтбекова: «Балаң төрөлгөндө эле сүйлөп түшөт дешчү»

– Кесиптештерим күлүп калчу эле “балаң төрөлгөндө эле сүйлөп түшөт го” деп. Боюмда барда атасын тартсын деп көп тилегем. Ошон үчүн уулум атасын тартып жоош. Уктай эле берет. Курсагы ачканда бармагын чопулдатып соруп калат. Ошондо курсагы ачкан экен деп калам. Алгач апам, кийин бөлөм келип каралашты. Азыр Искен экөөбүз куурчактай кылып багып жатабыз. Атасы жумушунан шашып келет. Ар кандай жомок китептерди эмитен эле сатып келе баштады. Мурда оңой эле төрөп коём да, эртеси сахнага чыгып кетем дечүмүн. Көрсө, бала ширин болот экен. Аны таштап сахнага чыккым келбей калды. Антсем күйөөм “сахнага чык. Балага өзүм каралашам” дейт. Мурда баласынын жалаягын жуугандарды көрсөм, памперс колдонбойбу дегенсип мурдумду чүйрүчүмүн. Эми өзүм жалаяк жууп калдым. Көрсө, жалаяк жууган өзүнчө ырахат турбайбы.


Жанара Атабекова: “Уулум бетимди кармап уктайт”

– Уулум Нуртилекти “нути, пути” деп эркелетем. Нути-путиме күнүгө бирден оюнчук менен шоколад алып барам. Эсептесем ага күнүнө 200-300 сом кетет экен. Эртеден кечке жумушта болгондугума байланыштуу баламды кечинде эле көрөм. Дем алыш күндөрү чоң атасынын үйүнө барат. Ал жакка барганда Нуртилек атасы экөөбүздү “Жанара Атабекова менен Нурбек Айдаров” деп таанымаксан болот. Таене-таята, чоң эне-чоң атасынын эрке небереси. “Бала бакчага барган бала тез чоңоёт. Москвага самолёт менен учуп барып доктур болот” деп койгонбуз. Ошондон бери бакчадан келгенде күнүгө боюн ченей баштады. Атасы Кытайдан келгенден бери анын жанынан чыкпайт. Бирок уулум түндөсү сөзсүз бетимди кармап уктайт.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан