ШЫПЫРГЫ ЭГИП ПАЙДА ТАП

Кадимки үй шыпырып жүргөн шыпыргылар сорго өсүмдүгүнүн бир түрү. Соргонун мекени – Түндүк-Чыгыш Африка. Латынча аталышы – Sorghum. Соргону кыргыздар «конок» деп да аташат.Шыпыргыны өстүрүү кыйын эмес, пайда табууга да болот.

Бишкектин Ак-Босого конушунун тургуну МИДИН КУБАТОВ шыпыргыны өстүрүү тажрыйбасы менен бөлүшөт.
– Бир топ жылдан бери Маевкадан ижарага жер алып, шыпыргы айдайм. Багып-өстүрүү төмөнкүчө жүрөт.
1 гектар жерге 10 килограмм шыпыргы уругу сеялка аркылуу себилет. Бирок себерден мурда урукту ооруларга каршы дарылар менен дарылатып алуу кажет. 1 литри 600 сом болгон дары ошол 10 килограмм урукту дарылоого жетет. Анан жер айдалып, урук 5 сантиметр тереңдикте эгилет. Жөөктөрүнүн арасы 65-70 сантиметрдей болушу зарыл. Уруктар болсо 5-7 сантиметр аралыкта ташталат.
Шыпыргы 10-15 күндө өсүп чыгат. Жерден бийиктиги 15-20 сантиметр болгондо отоо чөпкө каршы дары себилет. Дары кол менен чачылгандыктан, биз 17 литр сууга 100 грамм кошобуз. Дарынын 0,5 литри 500 сом турат жана 1 гектар жерге жетет. Өскөнүнө 25-30 күн болгондо культивация жүргүзүлүп, суюлтулат. 2 ай дегенде жөөк тартылып, селитра берилип, анан сугарылат. Кургакка чыдамдуу өсүмдүк болгондуктан, чапканга чейин 3 ирет сугаруу жетет. Уругу кызарып бышканда чабылат.
Жакшы карап баксаң 4 миң даанага чейин шыпыргы байлап ала аласың. Каралбай калса 1000дей шыпыргы гана байлап каласың. Анан кичинесин 45-50, чоңдорун 80-85 сомго чейин дүңүнөн өткөрө берсең болот. Мен өзүм 1 гектар жерден шыпыргы алуу үчүн жердин ижара акысы, дарылар, жер семирткичтер, иштеген адамдардын акысы болуп жалпысынан 27-30 миң сомдой коротом. Даяр шыпыргыларды сатуудан 120 миң сомго чейин таза пайда көрөм.
Мындан тышкары шыпыргылардын уругун чогултуп, сатып, акча тапсаң да болот. 1 гектар жерден 1,5-2 тонна урук алынат. Килограммын 25 сомдон дүңүнөн өткөзөбүз, кайра базарда 100 сомго чейин сатышат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sergo
2014-04-03 13:39:14
жакшы бизнес экен эбин тапкан эки жейт деп бекеринен айтылбаганда.
0
jipara86
2014-04-10 15:44:23
atamda wipirgi eget 5,10metr jerge bir katar kylyp.Al jerden 20dai wypyrgy bailait 10u uigo kalsa 10u satat ar birin 100 somdon.
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан