АКЫСЫЗ ТАТЫКТУУ БИЛИМ АЛУУГА МҮМКҮН

Өлкөбүздө ЖОЖдордун саны арбын. Бирок арасында сапаттуу жана мыкты билим берип, замандын талабына ылайык адистерди тарбиялап учургандары саналуу гана. Ошол кыялыңдагы окуу жайга тапшыруу оңой иш эмес. Анткени мектептеги билим көп учурларда жетишерлик деңгээлде болбой, бүтүрүүчүлөр тапшыруу экзаменине барганда аксап калып жатышат. Бул маселени жана аймактагы калктын социалдык абалын эске алып, Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) жетекчилери Жаңы муун академиясын (ЖМА) ачышкан. «Өлкөдөгү ар бир зээндүү бала татыктуу билим алууга укугу жана мүмкүнчүлүгү бар» деген ЖМАнын координатору ЧОЛПОН ДҮЙШЕЕВА окуу жай тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

«ЖМА БУЛ – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК»
– ЖМА бул – БААУнун астында ачылган акысыз бир жылдык даярдоо курсу. Жыл сайын өлкөнүн жети облусунан атайын сынак аркылуу окуучулар даярдоо курсуна кабыл алынат. Айта кетчү нерсе, 11-классты аяктаган жана ЖОЖго такыр тапшыра элек бүтүрүүчүлөр гана арыз тапшырууга укуктуу. Академиянын максаты – студенттердин мектептен алган билимин тереңдетүү, англис тилин мыкты өздөштүрүүгө жардам берүү, кошумча сабактарды өтүү, БААУга жана башка ЖОЖдорго ийгиликтүү тапшырууга даярдоо.
Даярдоо курсунун студенттери бир жыл бою акысыз жатакана, тамак-аш, окуу куралдары, бекер интернет, китепкана менен толук камсыздалышат. Андан тышкары БААУнун бардык долбоорлоруна катышууга, жогорку курстун студенттери тарабынан көмөк алууга мүмкүнчүлүк алышат.

«СТУДЕНТТЕРДЕН КЕП-КЕҢЕШ АЛСА БОЛОТ»
– ЖМАнын ар бир студентине ЖМАнын бүтүрүүчүлөрүнүн бири бекитилип берилет. «Ментор» деп аталган бул студенттер кичүү досторуна өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңешин берип, ар тараптан колдоо көрсөтүшөт. ЖМАнын ар бир студенти жогорку курстагы тажрыйбалуу курбусуна кайрылып, кеңеш сурай алышат. Бул алардын мектептен тышкары жаңы жашоого оңой аралашып, БААУнун окутуу системине көнүп кетүүсүнө жардам берет.

«БИЛИМ БАЙЛЫКТАН КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС»
– Академия «Өлкөдөгү ар бир зээндүү бала татыктуу билим алууга укуктуу» деген ураандын негизинде ачылган. Ага ылайык колунда жок, бирок акылдуу балдар үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Академияга кабыл алуунун астында атайын текшерүүлөр жүргүзүлөт. Эгер чындыгында билимге умтулган, таланттуу бала болуп табылып, бирок жогорку билим алууга акча маселеси тоскоол болуп жатканы тастыкталса, анда ал адамга сөзсүз жардам берилет. Тагыраак айтканда, ал ЖМАда акысыз окууга мүмкүнчүлүк алат.

Байланыш үчүн маалымат
Борбордук Азиядагы Америка университети, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-205, 323-бөлмө. 710040, Кыргызстан.
Т.: + 996 (312) 66-10-89,
Моб.: 0554 55-09-39
Телефон чалуулар дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 17:30га чейин кабыл алынат.
Вебсайт: www.nga.auca.kg.
E-mail:
nga@mail.auca.kg

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
peri...97
2014-03-31 17:56:51
Жакшы экен.....
0
Arapbai
2014-03-31 18:57:26
Кандай гана мумкунчулуктор!
0
beknur95
2014-04-01 19:55:12
Мен даярданып атам бирок сынактан ото аламбы
0
kadam
2014-04-03 21:24:29
Бул окуу жайда окуш учун,темирдей бекем эрк,туруктуу акча киреше болуш керек. А болбосо, контрактан женилдикти алып салса шорун катты, биринчиден-акчан,экинчиден бекер корогон убактын текке кетет. Арабок болуп ортодо каласын.
0
nursultan_9494
2014-04-05 11:48:01
Бутуручулор ийгилик силерге
0
Gulzadaayana
2014-04-08 18:48:46
ошондо контрагы бекерби
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан