ЖАН ШЕРИГИҢИЗДИ КАНЧАЛЫК БИЛЕСИЗ?

Мырзага «үйлөнгөнүңөргө канча болду?» деген суроону берип көр. Жаңы баш кошкон эле мырза так жооп бербесе, көпчүлүгү датасын эстей албай, эси оойт. Отуз жылдан кийин деле ушул суроону айымга берсең, «баланчанчы жылдын түкүнчөсүндө, мени минтип алып кеткен» деп баарын айтып берет. «Өмүрлүк жар» деген аруу сөздү бири-бирине ылайык көрүп, бир коломтого башын бириктирген ырчы KG Эльмурат менен жубайы Жайнагүл бири-бирин канчалык билишет? Ильяз Андаш жубайы Сүйүүнү канчалык түшүнөт? Алгач суроолорубузду ырчылардын өздөрүнө бердик да, анан ошол эле суроонун жообун келинчектеринен алдык.

– Эльмурат, Жайнагүл кандай белек алганды жакшы көрөт?
Эльмурат: – Айымдардын көбү сөйкө, шакек, чынжырча жакшы көрүшөт го, ошондой болсо керек. «Алып берем» деп убада бергем, бирок алып бере элекмин.
Жайнагүл: – Зер жасалгалардын топтомдору жагат. Эльмуратка «чынжырча алып бер» дегем, унчукпай жатат го.

– Ашканада жардамдашасыңбы?
Э.: – Үйлөнгөнгө чейин аялга тиешелүү иштин баарын өзүм кылчумун. Жайнагүл келгенден бери ашканага аралашпайм.
Ж.: – Мен суранганда эле кирбесе, жардамдашпайт.

– Таарынычтан кийин ким биринчи сүйлөшүүгө барат?
Э.: – «Эмне кереги бар, таарынышпай эле коёлу» деп мен биринчи сөз баштайм.
Ж.: – Экөөбүз тең кайра эле сүйлөй беребиз.

– Сүйүүңөрдү билдирген күн эсиңердеби?
Э.: – Биринчи жолуккан күнү эле, өткөн жылдын ноябрь айында айткам.
Ж.: – Ошто, сөйкө салгандан кийин айтты окшойт, эсимде жок.

– Жиниң келгенде оозуңдан кайсы сөз көп чыгат?
Э.: – Такыр сүйлөбөй коём.
Ж.: – «Ёлки» дейт го.

– Үйлөнгөнгө чейин айтып жүрүп, баш кошкондон кийин көп айтпай калган сөздөр болушу мүмкүнбү?
Э.: – Билбейм, андай сөз жок го.
Ж.: – Баш кошконго чейин «кашың жагат, мурдуң кырдач» дегендей мактоолорду айтып, көңүлүмдү көтөрүп, сүйүнтүп турчу. Азыр анын бири да жок.

– Бут кийимиңдин өлчөмү канча?
Э.: – 39.
Ж.: – 39-40 киет.

– Кандай жанрдагы кинону жактырасың?
Э.: – Мелодрама, комедия.
Ж.: – Боевиктерди жактырат.

– Келинчегиң конокко барарда кайсы көйнөгүн көп киет?
Э.: – Үйлөнгөндө узун көйнөк сатып бергем, ошону жакшы көрүп көп киет.
Ж.: – Эльмурат сатып берген көйнөктү көп кийип барам.

– Кечинде үйгө келе жатканда колуңа эмне ала келесиң?
Э.: «Эмне ала барайын?» деп телефон чалам.
Ж.: – Өзү телефон чалып сурайт.

– Жайна эмнеге талгак болуп жатат?
Э.: – Алманы уйдай эле жеди. Анан «жүзүм» деди. Толтура жүзүм сатып келип берсем, бирди эле жеп, анан «жебейм» деп күйгүзгөнүчү.
Ж.: – Ар нерсени жегим келип жүрөм.

– Кантип эс аласың?
Э.: – Жакындарым менен ал-жай сурашып, же достор менен сүйлөшүп эс алам.
Ж.: – Уктайт, телевизор көрөт.

– Кайсы сөз менен эркелеткенди жакшы көрөсүң?
Э.: – «Кудагый», «Жайнаш» анда-санда «Аяш» деп эркелетем.
Ж: – «Кудагый» дейт, анан кайдагы аттарды таап алып чакыра берет.

– Ильяз, калп айтып кармалган учуруң болду беле?
Ильяз: – Калп айтпайм, түптүз жумушума барам, кайра келем. Калп айтыш үчүн эмгектениш керек да.
Сүйүү: – Калп айтса бетинен билинип калат, кызарып кетет, анан дароо эле «тамашалап койгом» деп актанып кирет.

– Кайсы телекөрсөтүүнү калтырбай көрөсүң?
И.: – Түнкү саат 12де берилчү жаңылыкты өткөрбөйм.
С.: – Жаңылыктарды калтырбайт.

– Компьютерден кайсы оюнду көп ойнойсуң?
И.: – Планета Зомби деген оюнду ойночумун, ал компьютеримди сатып ийгем, азыр ойнобойм.
С.: – Компьютеринде оюн жок.

– Өзүңдөн эмнени аябайсың?
И.: – Курсагымдан аянбайм.
С.: – Машинасын аябай жакшы көрөт, бензинден акчаны аябаса керек.

– Баалаган, сыйлаган адамың ким?
И.: – Ата-энемди аябай сыйлайм. «Алардай адам болсом» деп ар бир кадамдарын көңүлүмө түйүп жүрөм.
С.: – Өзүн кумир тутат.

– Тамак-аш сатып келүү кимдин милдети?
И.: – Акчаны мен кармагандыктан тамак-ашты мен алам. «Эмне керек?» деп сурап турам.
С.: – Ишемби, жекшемби күндөрү чогуу сатып келебиз.

– Кийим сатып алууда кимдин табити роль ойнойт?
И.: – Негизи, өзүбүзгө жаккан кийимдерди алат окшойбуз. Өткөндө бир көйнөк жагып калып, «ушуну алчы» деп сурансам да болбой койду.
С.: – Кийимди кеңешип эле алабыз.

– Кайсы тамакты тамшанып жейсиң?
И.: – Лагманды.
С.: – Лагманды.

– Сүйүү жокто кийимиңди өзүң эле үтүктөп киесиңби?
И.: – Андай учур болот.
С.: – Мен жокто эгер шашып жатса өзү эле үтүктөп алат.

– Шакек белек кылуу үчүн Сүйүүнүн манжасынын өлчөмүн билесиңби?
И.: – 16.
С.: – 16.

– Жубайыңды кантип эркелетесиң?
И.: – «Сүя», «Күчүгүм» деп эркелетем.
С.: – «Күчүгүм», «Сүям» дейт.

– Кандай жаман адатың бар?
И.: – Жаман адатымды деле байкабайм. Жок деле болсо керек.
С.: – Ичпейт, чекпейт, жаман адаты деле жок. Мен үчүн идеалдуу адам.

– Канчанчы өлчөмдөгү кийим киесиң?
И.: – 33-өлчөмдөгү жынсы кием. Көйнөк, свитерлер ХХl.
С.: – Шымдары 33, көйнөктөрү ХХl.

Эльмурат менен Жайнагүл 13 суроонун алтоосуна окшош жооп беришсе, Ильяз менен Сүйүүнүн 8 жообу дал келди.
Ильяз менен Сүйүү Эльмурат менен Жайнагүлдөн 3 ай мурун үйлөнгөндүк кылыштыбы, бири-бирин көбүрөөк билишерин аныкташты.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жан шеригиңизди канчалык билесиз?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
shyba
2014-03-31 10:14:11
Эмунун аялы жакты.бактылуу болгула.аман эсен коз жарып алсын.кудагый дегени жакты.ото тамашакой бала мектептен эле билем.азаматсын классташ.
0
GUMU
2014-03-31 12:42:00
Эльмурат менен Жайнагүл 13 суроонун алтоосуна окшош жооп беришсе, Ильяз менен Сүйүүнүн 8 жообу дал келди. деген жери видеодогу менен жазылышы дал келбейт экен го, дагы майда-барат жерлерин айтпаганда
+1
admin_media
2014-03-31 13:15:18
GUMU,
Саламатсызбы! Гезит менен Супер ТВнын кабарчысы эки башка жана интервьюну да эки бөлөк алышкан.
0
arisim
2014-03-31 15:28:20
иляздын аялы кыргыз болгонсон кыргызча эле суйлобойбу орусча суйлоп озун корсотпой эле койбоптурда орусча суйлоп чыкса кимге жагат экен
+2
Sonun90
2014-03-31 17:13:50
Эмнеси болсо да азамат тугойлордон экен. Бактылуу болушсун бир жылдан кийин 90 пайыз окшош жооп берип калышат
+2
mi-li-na
2014-04-01 01:55:25
Татынакай келинчектер экен)))
+1
bayana1987
2014-04-01 17:50:57
Орусча суйлойбу кыргызча суйлойбу иши кылып тугойун бактылуу кылса болду...ылайым бактылуу болгула..очогунардын оту очпосун...
+2
respektmoi
2014-04-01 19:02:30
Эльмураттын жубайынын жонокойлугу ыймандуулугунан кабар бергендей.Ылайым бактылуу болгула.Жоопторунар аябай жакты,кулку тартуулап.Суперге да рахмат айта кетейин.Ильяз Андаштын жубайы да ачык айрым неме экен.Озу жаш балага окшой берет,кулумсуроп алып..Бактылуу болгула!!!
0
fanatkakg
2014-04-02 11:57:32
бактылуу еле болгула!
0
burka
2014-04-03 10:50:46
элмурат кж келинчеги жонокой ыймандуу экен.
+1
yylkan
2014-04-03 12:46:00
Бактылуу болгула!!!
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан