ТОЙ БОЛООР КҮНҮ ЖАНАРАМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМ

ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮГӨ КАБЫЛГЫМ КЕЛЧҮ
– Негедир кичине кезимден чыныгы сүйүүгө кабылгым келчү. Балким, китепти көп окуганымданбы, айтор, кыялымда жомоктогудай сүйүүнү элестетээр элем. Бирок, мен күткөн сүйүү негедир жолукпай, кыялымдагы перини таппай жүрдүм. Пери десем сулуулукту гана баалайт экен деп түшүнбөңүз. Мен сырткы сулуулугу менен ички дүйнөсү айкалышкан өзүмдүн адамымды күтүп жүрдүм. Балким, отузга чейин бой жүргөнүмдүн себеби да ошондон улам болсо керек,- дейт Максат оор үшкүрүп.
Ооба, Максат өзү курдуу миңдеген жаштардай эле өз теңин, өз адамын күтүп жүргөн. Үйбүлөсүнүн тун уулу болгондуктан, жаштайынан турмуштун ак-карасын таанып өскөн. Алтургай, үйбүлө­сүнүн башына кыйын кезең түшүп турганда ата-энесине арка бел болгон. Ал дагы бардык эле адамдар сыяктуу жар күтүп, бактылуу турмуштун ээси болгусу келчү. Бирок, ал күткөн периште кеч кезигээрин, кезиккен соң азабы болоорун билбеген эле.
Максат Жанара менен телефон аркылуу таанышкан экен. Негедир биринчи укканда эле добушу жүрөгүнө жакын туюлуп, жолугууну өтүнөт. Жолукканда эле өмүр бою издеген адамы ушул экенин билди. Жигиттин карегинен учкан учкундары кыздын жүрөгүн аралап өттү. Тез эле тил табышкан эки жаш тагдырынын буйругунан баш бура албай махабат аралына бет алышты. «Мен Жанарага жолуккандан кийин гана чыныгы сүйүү эмне экенин түшүндүм. Жанарадан башка жашоонун кызыкчылыгы жок калды мен үчүн. Бирок, Жанарам жаш болчу. Азыр менин жашоомдун негизги маңызы өзү экенин түшүнчү болду бекен деген күмөн ой кетет. Албетте, ал деле мен сүйгөндөй эле сүйчү. Ошентсе да...»
Максат кайрадан башын жерге салып ойго чөгүп кетти.

БУЙРУКСУЗ ТОЙ
Ошентип, арадан төрт жыл өтөт. Жанара Бишкек Гуманитардык университетинде окучу. Максат экөө үйлөнүүнү пландап жүргөндө кыздын туугандары Максатка турмушка чыгуусуна караманча каршы экенин угат. Максат ага деле моюбайт. Тоскоолдуксуз, күрө­шүүсүз эч нерсе келбесин билген Максат анча-мынча тоскоолдуктарды жеңип өтөм деген ишенимде эле. Бирок...
«Мен көп жолу айттым. Жанара, мен сенден айрыла албайм. Сен жанымда болгонуңда гана турмуштун сыноосунан өтүп, чогуу болобуз. Сен эч нерсени ойлобо дечүмүн.
Анын үстүнө жашыбыздагы болгон айырмаданбы, мен ага аябай эле камкор мамиле жасачумун. Аны бардык нерседен коргоп алгым келип турчу. Мендей аны эч ким жакшы көрө албаса керек. Ошентип, той болчу күн дагы жакындап калды. Бирок, бактыга карк болоор күнү Жанарам мени кайгынын уусуна сугарып салып баса берди. Үйлөнөөрүбүздү уккан ата-энеси келип алып кетишиптир.»
Максаттын айтуусунда, Жанаранын ата-энеси: «Кызыбызды чоң той менен алып кетчү адамга беребиз. Алам деген жигит өзү­нөн бир топ улуу экен» деген экен.
«Мен деле андай кылып той кылганга кудуретим жетмек эле. Бирок, таянаар эч кимим болбогондон кийин карызга батып кийинки жашоомду карыздан баштагым келген эмес. Ал жөнүндө Жанара экөөбүз сүйлөшүп чечкенбиз. Ошонун айынан минтип Жанарамдан ажырап калам деп түк түшүмө кирген эмес. Дүңгүрөткөн той бербесем да сүйүүм менен бактылуу кылаарымды ойлоп коюшкан жок» дейт Максат. Чын эле ушундай арзыбаган нерсе үчүн эки адамдын тагдырына балта чабылып жатканын негедир кыздын ата-энеси түшүнбөгөн окшойт.

АЙРЫЛУУНУН АЗАБЫ...
Ооба, Максаттын башына түшкөн кайгысы өтө оор эле. Айрылуунун азабынан жанын кыюу үчүн эки жолу кан тамырын кесет. Бирок, бактыга жараша экөөндө тең саксактап турган достору аман алып калышат. Жашоо кызыгын жоготкон Максат кийинки кезде арактан баш көтөрө албай калганын да жашырган жок.
«... Мен өзүм ичкен адамды жаман көрчүмүн. Мунун арты жаман болоорун да түшүнөм. Анткени, өзүмдүн апам дагы күйүттөн көп ичип, денсоолугунан ажыраган. Ошондон улам эч ка­чан арак ичпейм деп ойлочумун. Көкүрөгүм бассам-турсам ачышат да турат. Негедир арак ичсем ошол оору басаңдай түшкөнсүйт. Кайрадан эле жанымды кейиткен оору. Ушул арактын айынан жумушума да барбай койдум. Анткени, түрктөрдүн фирмасында иштечүмүн. Алардын көзүнө ичип барып кадыр-баркымды түшүргүм келген жок.
Жанарам кандай күндө экенин билбейм. Ал эч качан өз эрки менен менден баш тартпайт болчу. Эжелеринин, ата-энесинин сөзүнөн чыга албай калганына көзүм жетип турат. Балким, жаштык кылып жаткандыр... Негизи, кенжеси болгондонбу, көп учурда бирөөлөрдүн кө­ңүлүн калтырып өз оюн айта алчу эмес. Кө­ңүлү назиктигинен, ата-энесин кыйбагандан улам эле ажырашып калдык. Кандай болгон күн­дө да мен аны эч качан күнөөлөбөйм».
Максат мойнунан кичинекей тумарчаны сууруп чыкты. Көрсө, бул Жанарасынын эң биринчи берген белеги экен. Ошол алган күндөн баштап эч качан мойнунан түшүрбөй тагынып жүргөнүн, эң баалуу белеги ушул экенин да айтты.

БАЛКИМ, КЫТАЙДАН ЖОЛУГААРБЫЗ...
«Бардыгынан кыйналганым, Жанараны эми эч качан көрбөй каламынбы деген ой. Ата­сына барып жолуктум. Бирок, ал: «кызымды коркутат экенсиң. Бычак менен коркутупсуң» дегени эсимди оодарды. Чындыгында мен Жанарамдын чекесинен чертмек тургай, катуу сүйлөп көргөн эмесмин. Бол­гону мен «Караңгыга калба, көп баспа» деп анын келечегинен коркуп айтканым бар. Анан кызганычтан улам кичине жиним келип кетээр эле. Бирок, эч качан үнүмдү көтөрүп сүйлөгөн эмесмин. Бардыгын акырын сөз менен гана чечип алчубуз. Жанара менен төрт ай бир үйдүн ичинде жашадым. Бирок, мен ага тийген эмесмин. Сүйүүмдү булгап, көңүлүн кирдетип аламбы деп корк­конумдан улам мындайга барбагам. Ал мен үчүн эң бийик, эң ыйык адам эле. Ушундан эле мен аны кандай сүйгөнүмдү билсеңиз болот.
Жакында ал Кытайга стажировкага кетип калышы мүмкүн. Эгерде кетсе ал кийинки жылдын жаз айларында келет. Ага чейин эмне болуп кетээримди түшүнбөйм.
«Качандыр бир кезде унутулат» деп жооткотот досторум. Кайдан, күн өткөн сайын ого бетер кусам ташып келет. Бирок, мен өзүмдү билгендей эч ким мени билбейт эмеспи. Мен Жанарасыз жашай албасымды сезип турам. Баары бир чогуу болобуз деген үмүтүм бар. Жакында мен дагы бир адамдар менен Кытайга барып келсемби деп турам. Бирок, барганда кантип табам башым жетпейт.
Жанара! Мага сенсиз күн караңгы экенин түшүнчү. Кайра мага кайрылып келчи кеч бо­ло электе. Мен сенсиз жашай албайм!
Айткылачы, эмнеге ата-энелер балдарынын турмушун өз колдору менен бузушат? Эмнеге абийириң да, адамкерчилигиң да, ал­тургай, сүйүүң да байлыкка сатылат?
Айланайын ата-энелер! Балдарыңардын материалдык жагын эле ойлобой, жандүй­нөсүнө кулак салып, жүрөк түрсүлүн тыңшап койгулачы... Балким, ушул гезитти Жанаранын ата-энеси окуп калса менин абалыма түшүнүшөөр деген ой менен келип отурам...»
Оор үшкүргөн Максат сөзүн ушинтип бүтүрдү. Анын каректеринде үмүттүн шооласы турду...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
AygerimUrmat
2009-09-02 13:58:16
нет,если бы девушка любила бы....она бы вернулась...хоть любым способом...но Максат она тебя не любит почему ты это не можешь понять...просто ты боишься признать это...
+2
Bacitgul
2011-10-27 18:30:27
Кайгылуу окуя экен, бирок экинчи тарапты (кызды мумкун болсо) уксак да жакшы болмок!
0
Aidashiwa
2012-01-02 00:12:28
Suibogongo suikonbo, kyz seni suibooru anyk ele bilinip turbaiby!!! Realist bol.. Arak saga suiuundu kairyp berbeit ech kachan
0
Ulutum_Kyrgyz
2012-08-18 14:27:44
men da uwundai bolgom Maksat baike ata enem 4 jyl birge jurgon adamyman airydy azyr meni Kytaiga jiberiwken men uwu jerde iwteim ,okuim ,jardam berein maga jazynyz ejenin dannyilaryn je email darekterin
0
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан