Кыргызда «аз жашаса да, саз жашады» деген кеп бар. Ушул сөзгө бүгүнкү биздин каармандын өмүрлүк жолдошу, кыргыз журналистикасына жаңы доорду алып келген курч калемгер, саясий ишмер, маркум Мелис Эшимканов татыктуу. Анын жеке жашоосунун күнгөй-тескейин, аны менен бирге тарткан азап-ырахатын жубайы Асел Эшимканова эскерип отурду. Ал маркумдун күмбөзүнүн башында туруп бирде эриндери бүлкүлдөп сүйлөй албай ыйлап, жакшы күндөрүн эстегенде ошол бактылуу күндөрүнө жеткендей көздөрү балбылдай айтып отурду. Апасынын көз жашынан уламбы, атасына болгон кусалыктанбы, уулу Адамдын көзүнөн сызылган жаш менин да муунумду бошотту.
«МЕН – ОФИЦИАНТ, МЕЛИС – КАРДАР...»
– Бизди тагдыр кокусунан жолуктурду. Мен диктор болуп иштеген каналда каржылык тартыштык жаралып, белгисиз мөөнөткө жабылып калды. Үйдө отура албаган жаным, бир ай араң чыдадым. Анан курбу кыздарымдын сунушу менен кафеге официант болуп ишке орноштум. Эки күн иштеген соң Мелис (ред. Мелис Эшимканов) достору менен келип калышты. Аларды тейлеп жатсам Мелис «сенин диктор болуп иштеген Асел деген эжең жок беле?» деп сурап калды, мен «ооба, бар» деп коюп кетип калдым. Бир аздан кийин келсем, «эжең эмес эле өзүң окшойсуң» деп таанып койду. Анан күндө биздин кафеге келчү болду. Ошентип, көп жыл бири-бирибизди билгендей сүйлөшүп кеттик, ортобуздагы он беш жаш айырма башында сезилген деле эмес.
«КЫЗЫ МЕНЕН АНГЛИЯДА ТААНЫШТЫРГАН»
– Биздин ортодо баштан эле эч кандай сыр болгон эмес. Ал мурдагы үй-бүлөсүн, жашоосун мага түшүнүктүү кылып айтып берген. Алгач менде көп суроо болгон, баарына жооп алгандан кийин санаам жай алды. Алардын ажырашуусуна тийиштигим болбогондуктан, менде кооптонуу болгон эмес. Ошол кезде кызы Англияда окучу. Лондонго барганда Жылдыз менен тааныштырган. Ушул күнгө чейин биздин мамилебиз абдан жакшы, Жылдыз менен уулу Төлөгөн ини-карындашына үзүлүп боор тартып турушат.
Таанышканыбызга бир жыл болуп калганда, туулган күнүмдө Мелис колумду сурады. Демейде спорттук кийимчен, жынсычан жүргөн киши ал күнү костюм-шым кийип келиптир. Андан туура бир жыл өтүп сөйкө салып, үйдөн алып кетти. Эки айдай тойго катуу даярданып, 7-январь күнү никебизди мыйзамдаштырдык.
Жолдошум кайындарына сыйлуу күйөө бала болду.
«ӨЗГӨЧӨ РОМАНТИК ЭЛЕ»
– Мелис депрессияга кабылган адамды бат эле капачылыктан сууруп чыккан, адамды кайгыда калтырбаган жан эле. Ал эми өзүн андай оор абалда эч көргөн эмесмин. Кандай маселе болбосун баарын үйдүн сыртында калтырып, жаркырап келер эле. Ошондуктанбы, азыр да уулум «апа, биздин атабыз дайыма күлүп турчу, башкалардын атасы андай эмес» деп калат. Балдардын эсинде да маанайы жаркыган боюнча калыптыр. Аябай баласаак болуп, алардын оюна койчу. Өзү да бала кыял эле.
Атабыз ар бир күндү майрам кылганга аракет жасачу. Мисалы, шылтоосуз эле гүл алып келип, эс алууга алып чыгып дегендей. Өзү командировкалап кетсе, айдоочусуна дайындап жеткиртчү. Анан чалып «менин бул жактан жиберген гүлдестем жеттиби?» деп күлүп калар эле. Туулган күнүм же майрам болсо, керебетимдин башына гүлдесте коюп, андан тамчылаган суудан мен ойгонгон күндөр көп болду (күлүп). Мелис мага санаа тарттырган эмес, аны менен түйшүк эмне экенин билген жокмун. Жумушсуз калган күндөрү да кайдан-жайдан каражат таап, үй-бүлөбүздүн кем-карчын толуктап турчу.
«КЫЗГАНЧААК БОЛЧУ»
– Кызганчаактык жайы бир топ эле болчу. Жаңы үйлөнгөн учурда «Сен жашсың, сулуусуң, айрымдар менин көзүмчө сага суктанып, сөз кылышат» деп калды. Анан «мен жумуштан кетем» десем ишенген жок. Арызымды жазып бошоп келсем, «Ушунча жакшы көргөн жумушуңду мен үчүн таштадыңбы?» деп бир чети кубанып, бир чети мага боору ооруду. Кийин төрөп, уулубуз торолуп калганда «үйдө отурган аял киши тажаал болуп калат» деп бир каналга жумушка киргизди.
Кээ бирлер Мелисти «кыз жандуу эле» деп калышат, мен ага кошулбайм. Сулууларды көрсө, аларга комплимент айтып коёрун өзү да жашырчу эмес. Эгер эркек чын эле кыз жандуу болсо, ал эч качан анысын моюнуна алып, айтпайт. Мен Мелиске ошон үчүн өзүмө караганда да көбүрөөк ишенчүмүн. «Аселёк» деп эркелеткени кулагымда дале жаңырып турат (көзүнө жаш тегеренди).
«БАЛДАРЫ АТАСЫН ЖАЗБАЙ ТАРТЫШКАН»
– Уулдуу болгондо бир жума «майлады». Анын атын өзү улуу адам болсун деп «Адам» деп атады, бир аз чоңойгондо «Андрей Андреич» деген лакап атты да өзү ыйгарган. Балдарыбыз атасындай тынымы жок, ой жүгүртүүсү да башкалардан айырмаланып турушат. Адамчикти басып калганда көргөн кесиптештер «баскан басыгына чейин атасынын өзүндөй, алыстан эле кимдин уулу экендиги билинет экен» деп калышчу. Азыр аяштарыбыз «Адам караса Мелис тиктеп тургандай сестенип кетебиз» деп айтышат. Саясатка жакын, көпчүлүк атактуу саясатчылардын аты-жөнүн так билет.
Кызым Миэллага еврейче ысымды мен бергенмин. Ал үч жашында китеп окуп, болбой жатып беш жашында мектепке барып алды. Дарыгер болом деген тилеги бар.
Атасы каза болгондо жаш бала болсо да мени соороткон ушул уулум болду. Менин ыйлаганымды көрүп, атасынын кылыктарын туурап берип күлдүрчү. Аза күтүп жүргөн бир күнү «апа, сага кара кийген жарашпайт экен, болду эми кийбечи» деп таң калтырган.
«САЯСАТЧЫ ДОСТОРУНАН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН»
– Бийликтен басым-кысым болгондо Мелиске караганда мен көп санаа тартчумун. Жолдошуңа айтылган сын, туура эмес сөздөр аял киши аркылуу өтөт экен. Бирок жолдошум абалды далилдүү түшүндүрүүгө, мени тынчтандырууга кудурети жетчү. Эл билбеши мүмкүн, жанында жүргөн оппозициядагы достору жакшы билет, Мелис Бакиевдерге жөн жерден өтүп кеткен эмес. Биринчиден, алардан көңүлү калды. Баарынын башчы болгусу келгенин көрүп, «бийлик үчүн эле жүрүшкөн турбайбы?» деп, аркы жээкке иш жүзүндө патриоттуулугун көргөзөйүн, элге кызмат кылайын деп өттү. Улуттук каналда бир топ реформаларды жасады. Мурда сындап жүргөн Кубат Оторбаев анын жардамына муктаждыгын айтып астына келген. «Кызматка сатылды» деп сөз кылгандарга айтарым: акчасы көп, майлуу-сүттүү орунга барса да бир жөн эле...
2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин экөөбүз тең үйдө отуруп калдык. Жумушсуз калган күндөрү адамдын чыныгы жүзү билинет эмеспи, бирок дайыма Кубатбек Жусубалиев байланышып турду. Достор, туугандар, кызматына карап мамиле кылгандар ошондой кыйчалыш күндөрү иргелип калды.
Көзү өткөндөн кийин каттабай калышты деп эч бирине таарынбайм. Ар кимдин өз жашоосу бар. Фондубуз иш-чараларды, кечелерди өткөргөндө кайрылсам баш тартпай келип, колунан келсе жардамын аяшпайт. Мен ошого ыраазымын.
«ЖҮРӨГҮН ЖАШ БАЛАНЫКЫНДАЙ ДЕШКЕН»
– Дайыма дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турчу. Каза болордон бир аз күн мурда кардиологго барган. «Жүрөгүң космонавттыкындай экен, жаш баланыкындай согуп жатат» деп айтты» деп келген. Ошондуктан каза болгондо «жүрөгүнөн» деп диагноз коюшканда ишенген жокмун.
Атактуунун аялы болосуңбу, катардагы кишининби, ал сени өмүрлүк жубай катары чындап сүйүп, ардактап турса, аны менен тарткан азап да ырахат экен. Мелис бизди эрте таштап азапка салганы болбосо, тирүүсүндө ар бир күн керемет эле.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg