Совет мезгилинде «Боз торгой» сериалы аркылуу түрк дүйнөсүн эле эмес, аялзатынын жан дүйнөсүн тааныган элек. Мына ошол шедеврдин жакында ремейки тартылып, учурда түрк каналдарынан көрсөтүлүп жаткан убагы. «Боз торгой» Феридеге экинчи өмүр берген жаш түрк актрисасы Фахрийе Эвжен каармандын мүнөзүн башкача өңүттө бере алганы менен өзгөчөлөндү дешүүдө.
Толук аты – Фахрийе Эвжен
Туулган жери – Германия, Золинген шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 4-июнь
Кесиби – актриса
Бою – 170 сантиметр
Хоббиси – философиялык, психологиялык китептерди окуганды жакшы көрөт
Билген тилдери – испан, англис, немис, түрк тилдеринде сүйлөй алат
Тартылган сериалдары – «Күзгү жалбырактар», «Кайгы», «Аллах жолунда», «Сеньора Эрика», «Сен менин үйүмсүң», «Боз торгой» жана башкалар
27 ЖЫЛДАН КИЙИН «БОЗ ТОРГОЙДУН» РЕМЕЙКИ ТАРТЫЛДЫ
Дүйнөлүк адабияттын классикасына айланган сүйүү жөнүндө эң белгилүү «Боз торгой» романы 1922-жылы жазылган. Чыгарма түрк жазуучусу Решат Нури Гюнтекиндин калемине таандык. 1986-жылы аталган романдын негизинде телесериал тартылган. Андагы Кямрандын ролун Кенан Калав, Фериденикин Айдан Шенер ойноп, өз мезгилинин мыкты таланттары катары эл эсинде калышкан эле.
Ар бир мезгилдин өз таланттары болот эмеспи, арадан 27 жыл өткөндөн кийин түрк кино жаратуучулары аталган шедеврдин ремейкин тартууну чечишкен. Сериалдын жаңы вариантында Кямранды «Даңазалуу кылым» сериалында Бали бейдин ролун аткарган актёр Бурак Өзчивит, ал эми Феридени актриса Фахрийе Эвжен аткарышты. «Боз торгойдун» ремейкиндеги ролу тууралуу актриса Фахрийе Эвжен: «Сериалга тартылууга бир айдай даярдык көрдүк. Эски вариантында Фериденин жашоосу күңүрт, боз түстө берилген болчу, а биз аны жеңилдетип, кичине шаң коштук. Сериалдагы каарманымды түшүнөм, бирок мен Феридедей сүйүүмдөн качпай, тескерисинче, кууп жетмекмин»,- дейт.
НЕМИСТЕРДИН КУУГУНТУГУ АЛДЫНДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Түркиянын эң сулуу айымдарынын ондугуна кирген актриса Фахрийе үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү. Апасы черкес, атасынын улуту түрк болгон. Болочок актриса татаал балалыкты башынан өткөргөн. Фахрийе сегизге толгондо Германияда түрктөрдү куугунтуктоо мезгили башталган эле. Актриса жашаган Золинген шаарында немис улутчулдары түрктөрдү уруп, үйлөрүн өрттөп, Фахрийенин үй-бүлөсү дайыма коркунучта жашап, эшикке чыкпай, бекинип жаткан учурлар болгон. Орто мектепти аяктаган соң Дюссельдорф шаарындагы Генрих Гейне университетинин социология факультетине тапшырат. 19 жашында апасы менен Стамбулга эс алганы келип, кокусунан киного тартылууга сунуш түшүп калат.
КАРЬЕРАСЫ ҮЧҮН ТҮРКИЯГА КӨЧҮП КЕЛГЕН
«Чыгыштын Моника Беллуччиси» атыккан Фахрийе биринчи жолу 2005-жылы «Эч качан унутпаңыз» тасмасында дебют жасап, режиссёрлордун көзүнө илине баштаган. Андан соң көпчүлүккө белгилүү «Күзгү жалбырактар» сериалына тартылып, дал ушул сериалдан атак алганга жетишкен. Аталган сериалга тартылып жүргөн учурда Фахрийе Стамбулдагы Босфор университетинде окучу. Тартуу иштерин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуусунан академиялык өргүү алууга мажбур болгон. Кийин карьерасын түптөш үчүн Германиядан апасын ээрчитип, Түркияга биротоло көчүп келген.
МҮНӨЗҮ
Фахрийе Эвжен мүнөзү тууралуу «аябай шашмамын, бат жиним келип, бир жумушум бүткүчөктү чый-пыйым чыгып кетет» дейт. Актрисанын эмоционалдуулугу жөнүндө түрк басылмалары «Боз торгой» сериалына тартылуу учурунда макияжды оюндагыдай жасабай койгону үчүн визажист менен урушуп, тартуу ишин үзгүлтүккө учуратканын жазып чыгышкан. Фахрийе өзү да «сериалдагы каармандарымдын эмоционалдык абалы сөзсүз мага да таасирин тийгизет» деп айтканы бар.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Фахрийе түркиялык ырчы жана актёр Өзжан Деңиз менен эки жыл кыз-жигит мамиледе болгон. Жигити менен эки айрым жолго түшкөндөн кийин актриса көпкө чейин депрессиядан чыга албай жүргөн. Басылмалардын бирине берген маегинде актриса: «Менин жашоом «Күзгү жалбырактагы» Нежланын тагдырындай болуп жатат. Үйдө да, тартуу аянтында да абдан оор ахыбалдамын. Сүйгөн, ишенген, көнүп калган адамыңдан айрылуу – эң катаал сыноо экен»,- деп айтканы бар.
Лунара Бекиева
star@super.kg