КӨК БӨРҮ – КЫРГЫЗДЫН КЫЛ ЧАЙНАШКАН ОЮНУ

Бишкектеги «Аккула» ат майданында Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары болуп өттү. Унутта калып келген салбуурун көргөзүлүп, жорго салыш менен кунан чабыш жана аламан байге үчүн күлүктөр жарышка түшүштү. Бул оюндардын эң кызыктуусу болгон көк бөрү турнири бир канча күнгө созулуп, бардыгы болуп 12 команда баш байге үчүн ат салышты. Мелдештер жогорку деңгээлде өтүп, көк бөрүчүлөр күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.

МЫКТЫЛАР МЫКТЫЛЫГЫН ДАЛИЛДЕШТИ
Көк бөрү оюндарына катышкан «Бөрүлү», «Суусамыр», «Тынай», «Талас», «Кабылан», «ШИИБ», «Ой-Кайың», «Асылбаш», «Ала-Тоо», «Кара-Балта», «Ош» жана «Ысык-Көл» командалары 4 тайпага бөлүндү. Эреже боюнча өз тайпасын уткан мыкты командалар жарым финалга чыгышмак.
Мелдештин фаворити эсептелген Чүй облусунун «Бөрүлү», Таластан келген «Талас» жана мурдагы жылдын жеңүүчүсү, Ысык-Көл облусунун «Кабылан» командасы жарым финалга чыгышты. Ал эми калган жарым финалга чыгуучу жолдомо үчүн кызуу күрөш жүрүп, жыйынтыгында Чүйдүн «Суусамыр» командасы өз тайпасынан мыкты боло алды.
Жыйынтыгында «Талас» – «Бөрүлү» жана «Кабылан» – «Суусамыр» жарым финалдык беттештери орун алмак болду. 20-мартта 1-жарым финалдык оюнга «Талас» жана «Бөрүлү» командалары чыгышты. Алда канча мыкты оюн көрсөткөн таластыктар «бөрүлүчүлөргө» жоопсуз 6 жолу улакты тай казанга таштап, финалга чыгышты. Ал эми кийинки оюнда «Кабылан» «Суусамыр» командасын 1:0 эсеби менен жеңип алды.

«ТАЛАС» – «КАБЫЛАН» – 3:2
Финалдык оюн Нооруз майрамына туш болуп, майрамдык маанай менен коштолду. Ат майдандагы көрүүчүлөрдүн көптүгү элдин улуттук оюндарга болгон кызыгуусу күч экенин көргөзүп турду. Жеңүүчүнү аныктоо үчүн Таластын жергиликтүү командасы менен Көлдүн «Кабыланы» майданга чыгышты.
Оюн эл аралык даражадагы көк бөрү калысы Асан Бектургановдун ышкырыгы менен башталып, баштапкы мүнөттөрдө «кабыланчылар» атаандаштарынан мыкты болуп, улакты тай казанга салышты. Мындан улам намыстанган «Таластын» жигиттери да жөн турбай чабуулга өтүп, арыдан-бери экөөлөп улакты тай казанга ыргытышты. Эсеп 1:1. 1-бөлүк да аягына келди.
2-бөлүктө да ушундай чыңалуу оюн катталып, бул арада оюнчулар бирден улакты тай казанга салып, эсеп 2:2 болду. Оюн кызыгандан кызып баратты.
Жыйынтыктоочу 3-бөлүктө көк бөрүчүлөрдүн минген аттары да чарчадыбы, айтор, оюн майдандын ортосунда жүрүп жатты. «Талас» командасынан Каракуш деген күлүгү менен Кубаныч Исабаев жигердүү оюн көрсөтсө, «Кабыландан» БТР деген күлүгү менен Урмат Мусаев өзгөчөлөнүп турду. Оюндун бүтөрүнө бир канча мүнөттөр калганда таластыктар жеңиштүү чабуул жасап, эсепти 3:2 кылып жиберишти.
Ошентип, оюн аягында көптөн бери жеңишти эңсеп келген «Талас» командасы биринчиликти илип кетти. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө 400 миң, экинчи орун үчүн «Кабылан» командасына 200 миң сом берилди. Ал эми 3-орун үчүн беттеште «Бөрүлү» командасын утуп алган «Суусамыр» командасына 100 миң сом ыйгарылды.

КУБАНЫЧ ИСАБАЕВ, «Талас» командасынын капитаны:
– Оюндар абдан курч мүнөздө өттү. Бардык командалар күчөгөндөн күчөп, мыкты аттарды да даярдап башташыптыр. Былтыркы финалдык оюн да ушундай болгон, бирок анда биз «Кабыланга» уттуруп жибергенбиз. Быйылкысы, мына өзүңөр көргөндөй, 32 тишти кычырата чайнап, атаандаштан бир улак көбүрөөк таштап, жеңип алдык. Күйөрмандарга рахмат, бизди алдыга сүрөп, дем берип жатышты. Азыр кубанычыбыз коюнубузга батпай жаткан убак.

Оюндарды уюштурган Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору АЛМАЗ КАСЕНОВ мелдештер тууралуу мындай дейт:
– Бул оюндар ары кызыктуу, ары чыңалуу менен өттү. Бардык командалар, чындыгында, жакшы даярданышыптыр, жыйынтыгында эң мыктысы жеңишке жетти. Улуттук оюндарга элдин кызыгуусунун артканы элдин майданга батпай калгандыгынан көрүнүп турат. Дүйнө элин таң калтырган көк бөрү боюнча мелдештерди дагы көбүрөөк уюштурганга аракет жасайбыз.

УЛУТТУК ОЮНДАР
Нооруз күнү көк бөрүдөн тышкары жорго салыш, кунан чабыш, аламан байге жана унутта калган салбуурун оюндары өткөрүлдү. Салбуурунда аңчы менен мүнүшкөрлөр куш салып, тайган агытып, аңчылык өнөрлөрүн көргөзүштү. Андан соң эр жигиттин өнөрү болгон жамбы атууда жаачылар ат үстүндө чаап баратып бутага жебени таамай тийгизе атып жатышты. Ал эми ат жарыштар да күндүн кызыктуусу болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Алардын жыйынтыктары төмөндө:

КУНАН ЧАБЫШ (9 ЧАКЫРЫМ)

1-орун – Восток, чабандеси Эсентур (Бишкек) – 55 000 сом
2-орун – Глория, чабандеси Арген (Чүй облусу) – 30 000 сом
3-орун – Господин, чабандеси Кубанычбек (Жалал-Абад облусу) – 20 000 сом

ЖОРГО САЛЫШ (9 ЧАКЫРЫМ)

1-орун – Барон, чабандеси Эрмек (Ысык-Көл облусу) – 70 000 сом
2-орун – Ганк, чабандеси Керим (Кант) – 50 000 сом
3-орун – Паром, чабандеси Асанбек (Чолпон-Ата) – 20 000 сом

АЛАМАН БАЙГЕ (20 ЧАКЫРЫМ)

1-орун – Рейнжер, чабандеси Рамазан (Сын-Таш) – 125 000 сом
2-орун – Гүлкайыр, чабандеси Арген (Чүй облусу) – 70 000 сом
3-орун – Багира, чабандеси Айдар (Ысык-Көл облусу) – 50 000 сом

«Кабылан» командасынын ийгиликтүү чабуулу.

Элдин бүйүрүн кызыткан жорго салыш.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
infiniti
2014-03-31 11:25:12
Чыныгы кыргыздын улуттук оюну. Мен да сагындым,кок-бору тартканды.
+1
MEDER_KULETOV
2014-04-04 10:48:03
Талас командасы 12 жылдан бери жеңишти эңсеп жүргөн мына быйыл мээнети кайтты азаматсыңар Таласбек Бегалиевге чоң раазычылык
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан